Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Казакстан менен Өзбекстан чек арага чекит койду


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев Ташкентте, 22-декабрь, 2022-жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев Ташкентте, 22-декабрь, 2022-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында казак-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жана союздаштык жөнүндө келишимге кол коюлду.

Ташкентте президенттер Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев тарыхый делген казак-өзбек чек арасын демаркациялоо келишимине кол коюшту. Бул маселе боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары жай айында Алматы шаарында жолугушкан.

"Биз көп ишти бүтүрдүк. Бардык суроо-талаптарга тыкыр мамиле жасадык. Министрлерди жана комиссия мүчөлөрүн уктук. Кандайдыр бир маселе болсо президенттердин деңгээлинде чечилет деген ойдомун", - деди Шавкат Мирзиёев.

Казакстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 2300 чакырымдан ашат. Чек араны тактоо 2003-жылы, талаа иштери 2004-жылы башталган.

2002-жылы Астана менен Ташкенттин ортосундагы "Казак-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө" келишимге ылайык, чек арадагы Багыс айылы менен Арнасай суу сактагычы Казакстанга берилген. Ал эми казактар жашаган Түркстан айылы жана Кызыл-Ордо облусундагы үч калктуу конуш Өзбекстанга өткөн.

Буга чейин эки өлкөнүн чек арасын аныктоодо көптөгөн талаш-тартыш болгон. Советтер Союзунун бийлиги "экономикалык кызыкчылык" үчүн улуттук республикалардын жерлерин бири-бирине өткөрүп, СССР ыдырагандан кийин эгемен мамлекеттердин чек арасын тактоо көйгөйгө айланды.

Астана менен Ташкент сырткы кол салуудан чогуу коргонот

Бейшембиде Ташкентте президенттер ошондой эле эки өлкө ортосундагы союздаштык жөнүндө келишимге кол коюшту. Эми Астана менен Ташкент сырткы кол салуудан чогуу коргонот.

"Шавкат Мирзиёев менен жаңы эле тарыхый келишимдерге кол койдук. Бул документтер эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын жана бир туугандык мамилелердин тарыхына алтын тамгалар менен жазыларына толук ишенем. Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы союздаштык жөнүндө келишим элдерибиздин байланыштарын мындан ары да чыңдоого жана түпкү кызыкчылыктарына жооп берет", - деп билдирди Токаев.

Жаңы келишимде эки өлкө эми сырткы кол салуулардан биргелешип коргонуу жана коопсуздук боюнча багыттар камтылган.

Борбор Азиядагы эки чоң коңшунун карым-катнашы 1998-жылкы Түбөлүк достук жөнүндө келишимдин жана 2013-жылкы Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө келишимдин негизинде жүрөт. Мындан сырткары ар кайсы багыттарда кызматташуу жөнүндө дагы 90дон ашуун документ бар.

Казак лидеринин эки күндүк мамлекеттик сапарында негизги жолугушуулар 22-декабрда өттү. Акордонун басма сөз кызматы билдиргендей, эки коңшу саясий, соода-экономикалык, энергетика, транспорт-логистика, айыл чарба жана башка тармактарда алакаларды кеңейтүүнү талкуулап, 15тен ашуун келишимге кол коюлду.

"Биз Өзбекстан менен кызматташууну мындан ары да чыңдоого кызыкдарбыз. Казактар менен өзбектер эзелтен бери бир тууган эл. Бизди маданият, каада-салт, тил жана дин бириктирип турат. Ошондуктан бүгүнкү сапарга өзгөчө маани берем. Мен өз ара мамилелерибизди жаңы деңгээлге чыгарарыбызга ишенем. Эки өлкө ортосундагы кызматташтык канчалык күчтүү жана ийгиликтүү болсо Борбор Азиядагы кырдаал ошончолук туруктуу болот", - деди Токаев.

Өзбек лидери Шавкат Мирзиёев эки элдин биримдигин баса белгилеп, "тагдырыбыз жана келечегибиз бир экенине ишенем” деди.

"Казакстан Өзбекстанга миллард доллар инвестиция салган"

Токаевдин сапарынын биринчи күнүндө эки лидер Ташкенттеги "Жаңы Өзбекстан" паркындагы "Эгемендик" монументине гүл коюп, Төлө бийдин 15-кылымдын биринчи жарымында курулган күмбөзүнө зыярат кылышты.

Быйыл Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 5 миллиард долларга жетти. Талдоочулар Токаевдин Ташкентке сапарынан кийин бул сумма 8 миллиард долларга чейин көтөрүлөрүн божомолдошууда.

Казак президентинин алдындагы стратегиялык изилдөөлөр институтунун илими кызматкери, экономист Вячеслав Додонов Zakon.kz басылмасына курган маегинде, Казакстан Өзбекстанга миллард долларга чукул инвестиция салганын айтты.

"Өзбекстандан Казакстанга караганда, тескерисинче Казакстандан Өзбекстанга кыйла көп инвестиция жөнөтүлөт. Бул жараян соңку жылдары кыйла кеңейди. Казакстандын Улуттук банкынын маалыматы боюнча Өзбекстанда казакстандык инвестициянын дээрлик миллиард доллары топтолгон" .

"Газ үчилтигинен" кабар жок

36 миллион калкы бар Өзбекстанда быйыл кыш катуу болуп, жарык менен газ жетишсиз болууда. Токаевдин Ташкент сапарында Москва демилге көтөргөн Казакстан, Өзбекстан жана Орусия менен дал ушул "газ биримдигин" түзүү маселеси каралганы маалымдалган жок.

Бул демилгени Владимир Путин өткөн айдын аягында Москвада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуусунда билдирген эле.

Белгилей кетсек, Казакстандын президенти Токаев Шанхай кызматташтык уюмунун Самарканддагы саммитинин алкагында сентябрда Өзбекстанга барган.

Өзбек лидери Мирзиёев октябрда КМШ саммитине, “Борбор Азия – Орусия” жана “Борбор Азия – Европа Биримдиги” отурумдарына байланыштуу ноябрда эки жолу Астанага келип кетти.

Казакстан менен Өзбекстан кимден коргонот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:44:13 0:00

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG