Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:01

Кутум жана криминал. Казак бийлигинин Январь окуясына баасы


Көргөзмөдө: полициянын талкаланган калкандары жана башаламандыкка катышкандардан тартып алынган курал-жарак (Ички иштер министрлигинин жоромолу боюнча). Булар күч түзүмдөрүнүн башчылары отчёт берген күнү Мажилиске алып келинди.
Көргөзмөдө: полициянын талкаланган калкандары жана башаламандыкка катышкандардан тартып алынган курал-жарак (Ички иштер министрлигинин жоромолу боюнча). Булар күч түзүмдөрүнүн башчылары отчёт берген күнү Мажилиске алып келинди.

Казакстандын парламентинде күч түзүмдөрүнүн жетекчилери 2022-жылдын январь айында бир жылдан ашык даярдалган төңкөрүш аракети оңунан чыкпай калганын айтып чыгышты.

Алар материалдардын купуялыгына шылтоолоп, жаңы маалымат беришкен жок. Бирок ошол эле учурда алар президенттин “эскертүүсүз ок атуу” жөнүндөгү буйругу тууралуу талкуулар коомдук пикирди бир жыл мурун болгон окуядан алаксытып жатат деп баса белгилешти.

ТӨҢКӨРҮШ ЖАСОО АРАКЕТИ, КЫЛМЫШТУУ ТОПТОР ЖАНА УКК ТЕСКӨӨСҮ: ПРОКУРОР ЭМНЕ ДЕДИ?

“Азыр биз кимдир бирөөлөр башаламандык уюштуруп, өлкөнүн жогорку жетекчилигин бийликтен кетирүү операциясын кылдаттык менен пландаштырган деп айта алабыз", – деди башкы прокурор Берик Асылов парламенттин пленардык отурумунда. – Чындыгында бул мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болчу”.

238 адамдын өмүрүн алган кан төгүүдөн бир жыл өткөндөн кийин бир катар мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери Мажилиске келишти.

Алар Январь окуяларын – талкалоо, талап-тоноо, административдик имараттарга кол салуу жана өрттөө менен коштолуп кеткен Казакстандын тарыхындагы өкмөткө каршы эң ири нааразылык акциясын иликтөө жыйынтыктары жөнүндө отчёт беришти.

Бийликтегилер толкундоолордун жүрүшүндө өлкөгө миңдеген “террористтер” кол салганын айтып, ажал бүрккөн куралды колдонууга буйрук беришти. Андан көп өтпөй президент Касым-Жомарт Токаев аттарын атабай эле жогорку кызматтагы “чыккынчылар” жөнүндө да сөз кылды.

Быйыл парламентте төңкөрүшкө “2021-жылдан баштап эле тымызын даярдык көрүлүп”, “адамдарды жыйып, куралдандырып, рация, унаа каражаттарын камдап келишкен” деп чыгышты. Асыловдун айтымында, “бүлгүнчүл ишти күч түзүмдөрүнүн айрым башчылары” тескеп турган. Эмне үчүн мындай жапырт даярдыкты Ак-Ордо жана башка мамлекеттик органдар байкабай калганы гана түшүнүксүз.

Башкы прокурордун айтымында, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) мурдагы жетекчилери зордук-зомбулук жана мамлекетке карата чыккынчылык үчүн айыпталып, борбор калаада соттолушту.

2022-жылдын январында кызматтан алынган Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Карим Масимовго жана анын мурдагы орун басарларына карата козголгон иш жашыруун каралууда.

Башкы прокурор Берик Асылов.
Башкы прокурор Берик Асылов.

Октябрь айында БУУнун жумушчу тобу Масимовдун камакка алынышын негизсиз экенин, экс-президент Нурсултан Назарбаевдин ишеничтүү үзөңгүлөшү катары белгилүү болгон бул кызмат адамынын укугу бузулганын билдирген.

Жумушчу топ Масимовдун “тез арада бошотулушун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүгө” чакыргандан кийин, Казакстандын Тышкы иштер министрлиги бул топтун пикири “сунуш маанисинде гана айтылганын” билдирип, Астана бул маселелерди “ашыкча саясатташтырбай” талкуулоого даяр экендигин баса белгиледи.

Расмий Астана Масимов камакка алынгандан кийин анын кандай максатта тополоңго аралашканы жөнүндө эч нерсе айткан жок. УККнын мурдагы төрагасын Казакстандын бийлигиндегилер өз алдынча адам деп эсептешкен эмес, аны президенттик мезгилинде эки жолу премьер-министр болуп дайындалган Назарбаевдин адамы деп билишкен. Назарбаев өзү Масимовдун иши жөнүндө бир гана жолу – ноябрда “бул окуялардын артында ким тургандыгын билүү үчүн тергөө амалдарынын аякташын күтүп жатканын” айткан. “Масимов мени менен көп жыл иштеген, бирок анын кандай киши экенин кайдан билесиң? Иса пайгамбар өзүнүн жанында отурган Иуданын чыккынчы экенин билди беле?” – деп жооп узаткан көп жылдар бою оң колу болуп келген кишисинин куугунтукка алынгандыгы жөнүндө журналисттердин суроосуна.

Карим Масимовго каршы иштин материалдарында мамлекеттик сыр камтылган, “маалыматтын ачыкка чыгышы улуттук коопсуздукка зыян келтириши мүмкүн” деди Асылов 5-январда. Кийинчерээк прокурор журналисттердин "Масимовду төңкөрүш аракетинин негизги уюштуруучусу деп эсептейсизби?" деген суроосуна ооба деп жооп кайтарды.

Прокурордун парламенттеги сүйлөгөн сөзү жана суроолорго жекече берген жооптору атайын кызматтын мурдагы жетекчисинин кандай мүдөөсү болгонун айкындаган жок.

“Кутумдун конкреттүү жактарын айтууга укугум жок”, – деди Асылов бейшемби күнү. Бирок ошол эле учурда ал “атайын кызматтын аймактардагы кызматкерлери Масимовдун “көрсөтмөсү боюнча” бир катар шаарлардагы бөлүмдөрдүн имараттарын таштап чыгып кеткен, натыйжада “Алматы жана Талдыкоргон эки күн бою толугу менен куралдуу бандиттердин колунда болгон” да, алардын колуна үч миңден ашуун курал-жарак тийип калган деп билдирди.

Прокурорлордун айтымында, Алматыдагы тополоңду уюштурган деп шек саналып кармалган кылмыштуу лөк Арман Жумагелдиеев “УКК нускоочусунун көзөмөлүндө иш-аракет кылган”.

Прокурордун айтымында, Масимов камакка алынгандан кийин нааразылык акцияларын жетектеп кете албаган жана элди көзөмөлдөй албай калган кылмыштуу күчтөр “талап-тоноочулукка каршы күрөшөбүз деген шылтоо менен шаар тургундарына кол салууга буйрук алган”.

Прокуратурада айтылгандай, Жумагелдиев жетектеген согушкерлер туш келген эле кишилерден 24үн уурдап, сабап, күч менен кармап турушкан, алардан бирөө өлгөн.

Прокурор ошондой эле аскер соту бийлигин ашыкча колдонгон деген айып менен 19-январда кызматтан кетирилген мурдагы коргоо министри Мурат Бектеновго карата ишти карап жатканын да айтты.

“Тергөөчүлөр ал өзгөчө кырдаалдар учурунда мыйзамсыз буйруктарды берген жана стратегиялык аскер объектилерин коргоосуз калтырып койгон деп эсептейт”, – деди Асылов.

ОК АТУУ ЖӨНҮНДӨ БУЙРУК ТУУРАЛУУ ТАЛАШ-ТАРТЫШТАР

Январь окуяларынан кийин коомчулукта негизинен Токаевдин эскертүүсүз түз эле атуу жөнүндөгү буйругу талкууланды. Президент бул буйрукту 7-январда теледен чыкканда берген.
Укук коргоочулардын айтымында, президент мындай сөздөрдү айтпашы керек эле. Эл аралык уюмдар казакстандык коопсуздук күчтөрүнүн ашыкча күч колдонгонуна, мунун айынан көптөгөн жарандар, анын ичинде тополоң жана нааразылык акцияларына эч тиешеси жок адамдар да өлгөнүнө көңүл бурушту. Окко учкандар арасында балдар жана пенсионерлер да бар эле.

Парламенттеги угууларда башкы прокурор күч түзүмдөрү президенттин буйругусуз эле атууга укугу бар экенине токтолуп, аскер кызматкерлери менен полиция Токаевдин сөзүнө чейин эле ок атуучу куралды колдонушкан деди.

Алматы шаарындагы тополоң учурунда өрттөлгөн акимат имараты. 2022-жыл, 11-январь.
Алматы шаарындагы тополоң учурунда өрттөлгөн акимат имараты. 2022-жыл, 11-январь.

“Коопсуздук күчтөрү биринчи жолу 5-январда президенттин резиденциясын коргоо учурунда 16 саат бою аскердик курал колдонушканына өзгөчө көңүл бургум келет. Андан кийин полиция имараттарына, акимияттарга жана башка объектилерге кол салынганда, башкача айтканда, тополоң күч алган мезгилде коргонгон коопсуздук күчтөрү курал-жарак колдонушкан. Андан кийин шаарларды куралдуу согушкерлерден тазалоодо да курал колдонулган. Башкача айтканда, өлкө президентинин белгилүү сөзүнөн мурда эле кол салгандарга ок атылып турган. Бул талаш-тартыштардын баары коомдук пикирди атайылап адаштырууга багытталган”, – деди Асылов.

Ал полиция менен аскер кызматкерлерине ок атуу үчүн атайын буйруктун кереги жок экендигин кошумчалады.

БОЛГОН ЖАНА “ЖОК БОЛГОН” ЖООЧУЛАР

Январь айындагы оор күндөрдө Токаев "чет өлкөлөрдө даярдалган 20 миң террорист Алматыга кол салды, Орто Азия өлкөсүнөн согушкерлердин келиши үчүн шаардык аэропортту басып алышты деп билдирген" эле (азыр журналист Айгерим Тлеужанова жана мектеп мугалими Калас Нурпеисов аэропортко кол салууну уюштурган деп шек саналууда).

Террористтик коркунуч жөнүндө Ак-Ордонун билдирүүсү Токаевдин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан аскердик жардам сурап кайрылуусуна негиз болуп, Казакстанга Москва үстөмдүк кылган ЖККУнун чектелген контингенти жөнөтүлгөн да, ал эки жумадан кийин чыгарып кетилген.

Бир жылдан кийин тергөөнүн жыйынтыгында чет элдик террористтер жөнүндөгү маалымат тастыкталган жок. Прокуратура террордук кол салуу фактылары боюнча “эки кылмыш иши” козголгонун билдирди. Кызыл-Ордодо Казыбек Кудайбергенов аскер унаасын тартып алып, жол тоскон аскерлерди тебелеп кеткен, натыйжада бир кызматкер каза болгон. Ал эми Таразда бир киши акимият имаратына кол салууга катышкан, полиция жана аскер башчыларын атууга чакырган деди прокурор.

Бирок, “Азаттыктын” маалыматына ылайык, Кызыл-Ордодо Кудайбергеновдон “террористтик аракет” беренеси боюнча тагылган айып алып салынып, ал “тополоңго катышкан”, “жоокердин өмүрүнө кол салган”, “өкмөттүн өкүлүнө карата коркутуу же зордук-зомбулук аракеттерди жасаган” деп табылды.

“Жалпысынан, атайын прокурорлордун өндүрүшүндө 720 кылмыш иши болгон. Бул иштер боюнча экстремисттик агымдарга тыюу салынган 25 адам кармалган. Уюшкан кылмыштуу топтордун 42 мүчөсү камакка алынган. Мындан тышкары, шектүүлөрдүн арасында, бүлгүнчүл диний агымдардын сегиз жактоочусу бар”, – деди прокурор, кайсы кыймылдар жана агымдар тууралуу сөз болуп жатканын тактабай эле.

Согушкерлер “жоголуп кетишти” деди Асылов парламентте сүйлөп жатып. Депутат Эрлан Саиров кол салган куралдуу топтордогу адамдар кимдер болгонун сурады. Башкы прокурор бул татаал суроолордун бири экендигин айтты.

“Ушул фактылар боюнча тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүүчү атайын тергөө тобу түзүлгөн. Аскер кийимчен адамдардын бардыгы көчөлөрдү тосмолоп салган, ушундай фактылар болгон. Ошол күндөрү аларды кармоо мүмкүнчүлүгү жок болчу. Алардын бардыгы жоголуп, тергөө учурунда жашырынып кеткен. Бул адамдар ким экендигин биз аныктай элекпиз", – деди Берик Асылов. – Бүгүнкү күндө ыкчам тергөө иш-чаралары улантылууда. Эгерде кошумча маалымат болуп калса, албетте, сиздерге кошумча кабарлайбыз”.

Полициянын тополоң учурунда талкаланган унаалары. Алматы, 2022-жыл, 5-январь.
Полициянын тополоң учурунда талкаланган унаалары. Алматы, 2022-жыл, 5-январь.

Бийлик органдары курман болгондордун расмий тизмесин кан төгүүдөн жети ай өткөндөн кийин жарыялашты. Алардын фамилиялары жана баш тамгалары гана жазылган. Өлгөн жери, датасы, башка жагдайлары жөнүндө эч нерсе айтылган жок. Курман болгондор жөнүндө маалыматты туугандарынан жана күбөлөрдөн сурап, өз алдынча чогулткан укук коргоочулар мнен журналисттер кошумча маалыматтарды ачыкка чыгууну талап кылышты.

Бир жылдан кийин Башкы прокуратура курман болгондордун ичинен 67 адам өздөрү кол салган, 142 адам өзгөчө кырдаал жана антитеррордук операциянын шарттарын бузган, төртөө “айрым кылмыштарды жасоо” учурунда каза болгон деп билдирди. Бирок эч кимисинин аты-жөнү, кандайча каза болгону жөнүндө так маалымат жок.

КЫЙНООГО АЛГАНДАР ЖАЗАСЫЗ КАЛУУДА

Январь окуяларынын тушунда жана андан кийин миңдеген адамдар кармалды. Жүздөгөн адамдар камакта мыкаачылык менен кыйноого кабылганын билдиришти. Кармалгандардан кеминде алтоо уруп-сабап өлтүрүлгөн.

Башкы прокурор Алматы облусунун полиция имаратында 24 кишиге, ошондой эле Алматыдагы убактылуу кармоочу жайда жана полиция бөлүмүндө үч жаранга карата жасалган кыйноо фактылары боюнча иштер сотко жөнөтүлгөнүн айтты.

Талды-Коргондо кармалган ондогон кишилер, анын ичинде жашы жете электер кыйноого кабылганы жөнүндө билдиргендер кийин, бул шаарда бир нече полиция кызматкери тергеле баштады. Кыйнады деп айыпталган полиция кызматкерлеринин бири дагы камакка алынган эмес, сот залында алар уруп-сабап, ысык үтүк менен куйкалашты деп даттанган жабыркоочулардын жанында отурушат.
Кыйноолор боюнча арыздарды териштирген Коррупцияга каршы кызматтын маалыматтарына ылайык, 851 соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, 347 кылмыш иши “кылмыш курамынын жоктугуна” байланыштуу токтотулган.

Укук коргоочулар белгилегендей, Казакстанда кыйноо кылмыштары сотторго сейрек учурларда гана ашырылып, айыптоо өкүмү менен аяктайт. Кармалгандарга карата орой мамиле жасагандар негизинен жазасыз калууда.

БИР ЖЫЛДАН КИЙИН ДА ЖООПСУЗ КАЛГАН СУРООЛОР

Дээрлик үч жарым саатка созулган парламенттеги отурумдан кийин микрофондорду күйгүзүп-өчүрүүгө буйрук берип турган Мажилис төрагасы Эрлан Кошанов “январь трагедиясы пландаштырылган төңкөрүш аракети болгонун тастыктаган фактылар бүгүн дагы бир жолу келтирилди” деди (көптөгөн депутаттар суроолорду кагаздан окуп беришти, аларга жооп берген мамлекеттик кызматкерлер да кагаздан баш көтөрүшкөн жок).

Жолугушуунун аякташына аз калганда, депутат Гүлнара Бижанова “коомчулук төңкөрүшчүлөрдүн бетпак жосунун кимдер уюштурганын билиши керек” деди.

Төңкөрүштү ким жана кандай максатта уюштурмакчы болгону кайра эле купуя бойдон кала берди.

Бир жыл ичинде өзүнүн позициясын бир топ бекемдеп алган Токаев 5-январда президенттик администрациянын мүчөлөрү менен бирге борбор шаардагы Хазрет Султан атындагы мечитке барды. Ак-Ордодон президент Январь окуяларында курман болгондордун арбагына багыштап куран окутту деген маалымат берилди.

Алматыда бул учурда бир жыл мурда кан төгүлгөн Республика аянтына ондогон адамдар чогулушту. Алар Январь окуяларына кылдат иликтөө жүргүзүлбөгөнүн жана жайкын тургундарды аткандар дагы эле жазаланбай жатканын билдиришти. Аянтта быйыл да былтыркыдай эле ушул убакта Интернет өчүрүлдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG