Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Январь окуясы: Бишкек менен Дүйшөмбүнүн жообу


Январь окуясы. Казакстан. 5-январь, 2022-жыл.

Казакстандын башкы прокурору Берик Асыловдун былтыркы Январь окуяларына Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Орусиянын жарандары да катышканын айтканы кыргыз коомчулугунда сынга кабылды. Берик Асыловдун парламенттеги бул билдирүүсүнө Бишкек жана Дүйшөмбү реакция кылды.

"Далил берсин, болбосо кечирим сурасын"

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Казакстандын жогорку бийлик өкүлдөрүн эч далилсиз, жоопкерчиликсиз билдирүү таратты деп сынга алды. Айныксыз далилдер болсо, бир жыл ичинде эбак жарыяланмак деген пикирде.

"Биздин жарандарды "Казакстандагы митингдерге катышты" деп айтуу туура эмес. Казакстанда биздин мигранттар көп. Алматыда эле 60 миңдей кыргызстандык иштейт. Балким, айрымдары былтыр январда эл менен чогуу эшикке чыгып, кайсы бир көчөлөрдө жүргөндүр. Бирок "атайын уюштурулган кыргызстандык топ коңшу мамлекетке барып, акцияларды уюштурду" деген кеп таптакыр чындыкка коошпойт", - деди Маматалиев.

Ал эми саясат таануучу Орозбек Молдалиев мындай айыптоо олуттуу экенин белгилеп, Тышкы иштер министрлиги билдирүү менен эле чектелип калбашы керек дейт.

"Эми биздин Башкы прокуратура коңшу өлкөгө расмий билдирүү жибериши керек. Биздин бийлик башаламандыкка, талап-тоноого катышкан кыргызстандыктар тууралуу толук маалымат талап кылышы зарыл. Бир нерсе болсо эле кыргызстандыктарды күнөөлөгөн окуя биринчи жолу болуп жаткан жок. Өзбекстандагы Анжиян окуяларынан кийин ошол кездеги президент Ислам Каримов "булар Кыргызстандан даярданып келишкен" деген. Бирок кийин өзбек бийлиги бир дагы далил көрсөтө албай уят болгон. Мындан улам азыркы казак прокурорунун “кыргызстандыктар келип тополоң кылган” деген риторикасын жөн калтыруу болбойт. Бир жакта бир нерсе кыймылдаса эле, Кыргызстанга сөөмөй кезеген саясатты токтотуу керек. Далил талап кылып, жок болсо бизден кечирим суратуу керек".

Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматов ички көйгөйлөрүн коңшу өлкөлөргө оодаруу туура эмес саясат деп эсептейт.

"Ички саясий-экономикалык жагдайдан чыккан маселени коңшуларга оодара коюу - туура эмес саясат. Биздин дипломатиялык мекеме айыпталып жаткан өзбек, тажик коллегарлары менен чогуу “ички ишиңеге тыштан күнөөлүү издебей, ичиңердеги айыптууларды тапкыла, бизге шек келтирбегиле” деген таризде Казакстанга билдирүү жөнөтсө жакшы болмок.

Бишкектин реакциясы

5-январда Казакстандын башкы прокурору мажилисте сүйлөгөн сөзүндө массалык башаламандыкка шек саналгандар арасында "Орусия, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары да бар" деп айткан. Бирок Берик Асылов чет өлкөлүктөрдүн так санын жана аты-жөнүн айткан жок.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 5-январда Казакстандын башкы прокурорунун бул билдирүүсүн четке каккан.

"Министрлик Казакстандагы былтыркы кейиштүү окуяларга кыргыз жарандарынын кандайдыр бир тиешеси бардыгын караманча четке кагат. Ошону менен катар эле Кыргызстандын эки жараны калайман башаламандык фактыларына байланыштуу козголгон кылмыш иштерин тергөөдө жоопко тартылып, шарттуу жаза чегерилген. Бул жарандар өздөрүнөн көз каранды болбогон жагдайда кайсы бир эпизоддорго кокусунан аралашып калган. Башка кыргыз жарандарынын күнөөсү жана жоопкерчилиги далилденген эмес. Кыргызстандын бир дагы жараны Казакстандагы бир дагы митингге, калайман башаламандыкка, талап-тоноочулукка аралашкан эмес", - деп жазылган билдирүүдө.

6-январда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги дагы Казакстандагы Январь окуяларына тажик жарандарынын тиешеси бар экенин четке кагып, Казакстандын прокуратурасынын маалыматтары текшерилип, тастыкталбаганын билдирди.

"Тажикстандын Казакстандагы дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрү ал өлкөнүн тиешелүү түзүмдөрүнө кайрылышкан жана бул фактылар тастыкталган эмес" деп айтылат расмий билдирүүдө.

"Дикий Арман" мартка чейин абакта калтырылды

Казакстандын баш прокурору Берик Асылов парламенттеги баяндамасында мурдагы коргоо министри Мурат Бектанов нааразылык учурунда мыйзамсыз буйруктарды берип, аскердик стратегиялык объектилерди кароосуз калтырганын да билдирди.

Бектанов 2022-жылдын февралынан бери абакта отурат.

6-январда Алматы соту Январь окуяларына катышы бар экени айтылган дагы бир шектүү Арман Жумагелдиевдин тергөө абагындагы мөөнөтүн 7-мартка чейин узартканы маалым болду.

Кылмыш чөйрөсүндө "Дикий Арман" деген каймана ат менен таанымал Арман Жумагелдиев былтыр 7-январда калайман башаламандык уюштурууга, мыйзамсыз курал алып жүрүүгө айыпталып кармалган.

Тергөөдө ал "коопсуздук кызматындагы кураторунун жардамы менен тополоң уюштурганы аныкталды. Жумагелдиевдин жетекчилиги менен көчөдөн бейтааныш 24 киши уурдалып, ур-токмоктун айынан алардын бири мерт болгон" деп айтылган.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы Январь окуяларындагы тополоңго жалпысынан 12 кылмыштуу топ катышканын, алардын арасында Арман Жумагелдиев, "Айшуак-Жантугел" жана башка топтор да бар экенин билдирген. Анда кримтоптун 23 активдүү мүчөсү, төрт "авторитет" камакка алынганы айтылган.

Былтыр 7-январдагы кайрылуусунда президент Kасым-Жомарт Токаев Казакстанга “20 миң террорчу” кол салганын айткан. Аларды “чет өлкөдө кеңири даярдыктан өткөн эл аралык террордук банда” деп сыпаттаган.

Токаевдин террорчулар тууралуу билдирүүсүнөн улам бул өлкөгө Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) 2 миңден ашуун жоокери 250 аскердик техникасы менен барган. Кыргызстан да анын алкагында Алматыга 150 жоокерин жөнөткөн.

Январь окуяларында ошол маалда Алматы шаарында жүргөн кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кармалып, сабалган жана бул фактыга байланыштуу Казакстанда да, Кыргызстанда да "кыйноо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бишкекке келгенден кийин музыкант Казакстанда кыйноого кабылганын айтып чыккан. Анын адвокаты Бакыт Автандил экспертизаларда ал денесинен оор жараат алганы аныкталганын, корутунду чыкканына байланыштуу тергөө кайра жанданарын "Азаттыкка" билдирген.

Январь окуяларында Казакстанда дагы бир кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Эмерек орнотуучу болуп Казакстанга барып-келип иштеп жүргөн 47 жаштагы Чолпонбек Сыдыков Алматыдан Бишкекке кайтып келе жатканда 8-январда кармалган. Коңшу өлкөнүн күч кызматкерлери аны талап-тоноочулук жана башаламандык айыптарын мойнуна алууну талап кылышкан. Эки буту жана кабыргалары сынган, мээси чайкалган абалда ал январь айынын соңунда Бишкекке жеткирилип, дароо ооруканага жаткырылган.

Рузахунов менен Сыдыковдун иши боюнча Казакстандын Жазык кодексинин 146-беренесинин (“Кыйноо”) негизинде иш козголгон. Иш ушул күнгө чейин тергелип бүтө элек.

Булардан тышкары дагы эки кыргыз жараны камакта жатканы айтылган.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери былтыр 2-январда башталып, өлкөнүн башка аймактарына жайылып кеткен. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон. Тополоңдо каза болгондордун саны расмий маалыматтарга ылайык кеминде 238ге жеткен. Каза тапкандардын экөө - Бактыяр Базарбаев жана Азис Мусаев кыргызстандык. Алар Алматыда иштеп жүргөн.

Январь окуяларына байланыштуу Казакстанда 10 миңдей адам кармалганы айтылган жана көпчүлүгү кийин бошотулган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

  • 16x9 Image

    Жазгүл Эгембердиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Бүгүн Азаттыкта" жаңылыктар программасынын алып баруучусу. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG