Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 01:29

Экзит-полл: Казакстандагы шайлоодо Токаев 82% добуш алды


Казак президенти Касым-Жомарт Токаев добуш берип жаткан учур, 20-ноябрь, 2022-жыл.

Казакстандагы "Ачык коом" институтунун экзит-поллуна ылайык, 20-ноябрдагы президенттик шайлоодо Касым-Жомарт Токаев добуштардын 82,45 пайызына ээ болду. Экинчи сапка 5,2% менен "Баарына каршы" деген графа чыкты. Атаандашсыз өткөн бул шайлоо айрым шаарларда жарандык активисттердин кармалышы менен коштолду.

20-ноябрда Казакстанда бир катар жарандык активисттер жана оппозициялык топтор кезексиз президенттик шайлоого каршылык иретинде акция өткөрүштү. "Ойгон, Казакстан!" уюмунун онго чукул активисти Алматы шаарындагы Республика аянтына топтолуп, "Адилет шайлоо!" деп ураан чакырышты.

"Унчукпай отурууга болбойт деп ойлойбуз. Акцияга чыгуу жана өзүбүздүн оюбузду бийликке жана калкка жеткирүү - бул биздин укугубуз. Бул биз үчүн маанилүү. Январь окуяларынан кийин бул шайлоого катышууга биздин укугубуз жок", - деп билдирди акциянын катышуучуларынын бири "Азаттыктын" казак кызматына.

Бирок акция башталбай жатып, казак полициясы жарандык активисттерди кармап кетти. Бул күнү Алматынын үч аймагында таза шайлоону талап кылган 30га чукул адам кармалганы белгилүү болду. Алардын арасында Казакстанда каттоодон өтпөгөн Демократиялык партиянын жана бозгундагы оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов түзгөн, казак бийлиги тыюу салган "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылынын өкүлдөрү да бар. Полиция кармалгандар уруксатсыз митинг өткөргөнүн билдирип жатат.

Алматыдан тышкары Петропавловск, Костанай шаарларында полиция жергиликтүү жарандык активисттерди кармап кеткени кабарланууда. Казакстанда шайлоонун алдында да бир катар активисттер камакка алынган болчу.

Жер-жерлерде добуш берүү бир катар мыйзам бузуулар менен коштолгонун көз карандысыз байкоочулар жана журналисттер билдирип жатышат. Маселен, "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Темиртау шаарындагы добушканада бир шайлоочу кеминде эки бюллетенди үкөккө салганына күбө болгонун айтты.

"Эркиндик канаты" биримдиги байкоочуларынын ишине тоскоолдук жаралып жатканын билдирди. Уюмдун маалыматына ылайык, Астана шаарында кеминде бир байкоочусун добушканадан чыгарып койгон учур катталды.

"Добушкананын төрайымы канча шайлоочуга канча бюллетен берилгени тууралуу бир нече суроомо жооп бербей, качып жатып, акыры полиция чакырып, мени добушканадан чыгарып койду", - деди "Эркиндик канаты" биримдигинин добушканадан чыгарылган байкоочусу Талгат Кизаев.

Казак полициясы Алматыда акцияга чыккан адамды кармап бараткан учур, 20-ноябрь, 2022-жыл.
Казак полициясы Алматыда акцияга чыккан адамды кармап бараткан учур, 20-ноябрь, 2022-жыл.

Атаандашсыз шайлоо

Президент Касым-Жомарт Токаевдин бийлигин бекемдейт деп күтүлгөн бул шайлоодо жалпы 12 миллиондой шайлоочунун 69,43 пайызы добуш берди. Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Түркистан жана Абай сыяктуу бир катар облустарда шайлоочулардын 80 пайыздан ашыгы добуш берсе, адатта бийликке оппозициячыл маанай басымдуулук кылган Алматы шаарында бул көрсөткүч 28,72 пайызды гана түздү.

Казакстанды 2019-жылдан бери башкарып келе жаткан 69 жаштагы Токаев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөрүн быйыл 1-сентябрда жарыялап, "адилеттүү Казакстанды куруу үчүн жаңы реформалар керек" деген жүйөнү келтирген. Аны улай казак парламенти июнь айында эле өзгөртүлгөн Конституцияга президенттин кызматтагы мөөнөтүнө байланыштуу жаңы толуктоо киргизген. Эми Казакстанда бир адам мурдагыдай беш жылдан эки мөөнөткө эмес, жети жылдык бир мөөнөткө гана шайлана алат.

Токаев өзүн реформатор катары көрсөтүүгө аракет кылганы менен чыныгы оппозициячыл маанайдагы партияларга каттоодон өтүүгө жана бул шайлоого катышууга уруксат берген жок. Мындан улам байкоочулар жекшембидеги добуш берүүнү "атаандашсыз жана жыйынтыгы белгилүү шайлоо" деп мүнөздөшкөн.

Бул шайлоодо Токаевден тышкары коомчулукка аты анчейин белгисиз беш талапкер, анын ичинде эки аял талапкер ат салышты.

Алар: Кесипкөй социалдык кызматкерлердин улуттук альянсынан көрсөтүлгөн Каракет Абден, Жалпы улуттук социал-демократиялык партиядан көрсөтүлгөн Нурлан Ауесбаев, "Айыл" партиясынан Жигули Дайрабаев, "Аманат" кесиптик кошуундар шериктештигинен Мейрам Кажыкен жана "Казак энелери-салтка жол" коомдук бирикмесинен көрсөтүлгөн Салтанат Турсынбекова.

Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин парламенттеги үч фракция жана ондогон уюмдардын башын кошкон "Элдик коалиция" көрсөткөн.

Экзит-поллго ылайык, Токаев добуштардын 82 пайыздан ашыгын алса, экинчи сапка "Баарына каршы" графасы (5,2%) чыкты. Талапкерлер Жигули Дайрабаев 3,33%, Каракет Абден 2,54%, Мейрам Кажыкен 2,23%, Нурлан Ауесбаев 2,17%, Салтанат Турсынбекова 2,08% добуш топтоду.

Алгачкы расмий жыйынтык 21-ноябрда жарыяланат.

Алматы шаары, 27-октябрь, 2022-жыл.
Алматы шаары, 27-октябрь, 2022-жыл.

Токаев жекшемби күнү Астанада добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна шайлоону жеңип чыккан кишидей эле ишенимдүү жооп берип, келечек пландары менен бөлүшкөн. Ал шайлоодон кийин казак өкмөтү өз ишин уланта берерин, бирок өкмөттүн курамында айрым өзгөрүүлөр болушу мүмкүндүгүн билдирип, кийинки жылга белгиленип жаткан кезексиз парламенттик шайлоо тууралуу өзүнчө билдирүү жасай турганын айткан. жекшембидеги шайлоону "тарыхый күн" деп мүнөздөгөн.

"Элибиз өзүнүн жаркын келечеги үчүн жигердүү добуш берип жатат. Чынында быйылкы жыл оңой болгон жок. Бирок калкыбыз кыйынчылыктардын баарын артка таштады. Эми алдыбызда өтө чоң милдеттер, максаттар бар", - деди ал.

"Азаттыктын" кабарчылары президент Касым-Жомарт Токаев добуш берген шайлоо бекетине кире алышкан жок.

Назарбаев катышпаган экинчи шайлоо

Бул шайлоо январь айындагы 240тай адамдын өмүрүн алган кандуу окуялардан кийинки экинчи ири саясий өнөктүк. Июнь айында Казакстанда президент Токаевдин демилгеси менен Конституция биринчи жолу референдум аркылуу өзгөртүлгөн. Байкоочулардын баамында, анда Баш мыйзамга ондогон майда өзгөртүүлөр киргизилгени менен президенттик бийликтин ыйгарым укуктарын чектей турган олуттуу толуктоолор болгон эмес.

Ошентсе да июндагы референдум менен Конституциядан Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге байланыштуу бардык сөздөр алынган жана мурдагы президенттин "элбашы" деген макамы да жоюлган. Аны улай Казакстандын баш калаасы Нур-Султан кайра Астана болуп өзгөртүлгөн.

Токаев 2019-жылы бийликти Назарбаевден өткөрүп алгандан кийин Казакстандын туңгуч президентин даңазалап, казак баш калаасын Нур-Султан деп өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алган.

Байкоочулар быйыл жыл башындагы кандуу тополоңдон кийин Назарбаевдин жана анын үй-бүлөсүнүн таасири азайганын, Токаев бийлигин бекемдегенин айтып келишет. Маселен, Январь окуялары маалында Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагасы кызматынан кеткен. Аны менен чогуу иштеген өлкөнүн мурдагы премьер-министри, Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Карим Масимов жана мурдагы президенттин иниси Кайрат Сатыбалды камалган. Назарбаевдин дагы бир иниси Самат Абиш УКМКнын төрага орун басарлыгынан кеткен, кызы Дарига Назарбаева Сенаттагы депутаттык мандатын тапшырган. Мурдагы президенттин күйөө балдары да кызматтарынан кол жууп, ири компаниялардын жетекчиси болбой калган.

Июль айында Токаевдин өкмөтү Назарбаевдин жакын санаалаштары чет жакка чыгарып кетти деген 500 миллион доллардын изин тапканын жарыялаган.

20-ноябрда Назарбаев Астанада добуш бергенден кийин журналисттердин айрым суроолоруна жооп берип, Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы, "мамлекеттик чыккынчылыкка" айыпталып жаткан Карим Масимовдун артында ким турганын билбегенин айтты.

"Мени бул суроо кызыктырат. Тергөөнүн жана соттун жыйынтыгын күтүп жатам. Эмне себеп болгон жана бул маселенин артында ким турган? Абдан оор маселе. Масимов мени менен көптөгөн жылдар бою иштеген. Бирок Иса пайгамбар жанындагы Иуданы билгенби? Биз кудай эмеспиз. Ошондуктан соттун чечимин көрөбүз жана чындыкты билебиз", - деди Назарбаев.

Ал иниси Кайрат Сатыбалды тууралуу "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысынын суроосуна да жооп берип, ага карата сот чечими адилетсиз болсо, айыпталуучунун даттанууга укугу бар экенин кошумчалады.

26-сентябрда Астана шаардык соту Кайрат Сатыбалдыны "Казахтелеком" жана "ЦТС" акционердик коомдорунан ири өлчөмдө акча кымырып алды деген айып менен алты жылга абакка кескен.

Бишкектеги шайлоонун жүрүшү

20-ноябрда Казакстандын Бишкектеги элчилигинде да добушкана ачылып, казак шайлоочулары өз талапкерине добуш беришти.

Элчиликтеги №264 добушканада шайлоо эртең мененки саат 8де башталды. Элчиликтин алдында укук коргоо органдарынын кызматкерлери коомдук тартипке көз салып турушту. Шайлоочулардын келүүсү бир калыпта жүрүп, топтолушуп кезек күтүп калгандар байкалган жок.

Каттоодон өтпөдү деген жүйө менен "Азаттыктын" кабарчылары добушкананын ичине киргизилген жок. Кабарчылар элчиликтин алдында эки саатка чукул туруп, шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү менен байкоочуларды кепке тартканга аракеттенди. Өзүн шайлоо комиссиясынын мүчөсү деп тааныштырган адам чыгып, «каттоодон өткөн эмессиңер» деген негиз менен маалымат берүүдөн баш тартты.

"Сиздер аккредитациядан өтпөгөндүктөн, суроолоруңуздарга жооп бере албайм. Анын үстүнө менин маалымат берүүгө укугум да жок. Бизде элчи жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштеген адис бар. Эл аралык байкоочулар катышып жатышкан, азыр алар жок, чыгып кетишкен".

Элчиликке кирип добуш берип чыккан адамдар менен маектешкенибизде алар шайлоо өнөктүгү жана добуш берүү эркин, бирок атаандашсыз өтүп жатканын белгилешти.

Казакстандык шайлоочу Эркин талапкерлердин программалары тууралуу ой бөлүштү.

"Айрымдары абдан кызыктуу ойлорду айтып жатышат. Бирок, алардын утууга эч кандай мүмкүнчүлүгү жок. Алар саясатта жүргөндүктөн, өз программаларын ишке ашырса жакшы болмок. Талапкерлер баары эле бири-бири менен тилектеш болуп жаткандай. Анткени, эч кимиси бири-бирине катуу каршы болуп жатышкан жок, өз ара көмөктөшүүгө даяр сыяктуу. Программалары бири-бириникине каршы келбейт, бирөө бир жагын жакшыртам десе, экинчиси башка жагын өнүктүрөм дейт. Эч кимиси бири-бирине "сеники жакшы эмес, андай иштеген болбойт" деп айткан жок".

Шайлоочу Константин Чуприн да ушундай эле пикири менен бөлүштү.

"Менимче, бул шайлоодо чыныгы атаандаштык көп деле болгон жок. Анткени, талапкерлер негизинен эл арасында белгисиз адамдар болду. Токаевдин кадыр-баркы аларды басып койду. Бул шайлоону күтүүсүз уюштуруп калгандыктан, үгүт, жарнама иштерине убакыт жетиштүү болгон жок. Башка талапкерлер элге тааныла алышпады".

Алматыдагы добушкана, 20-ноябрь 2022-жыл.
Алматыдагы добушкана, 20-ноябрь 2022-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Астана шаарына Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын атынан кыска мөөнөттүк байкоого барган. Ал өз байкоолору менен бөлүштү.

"Добуш берүү классикалык үлгүдө өтүп жатат. Ар бир адам кирип, тизмеден өзүн атын таап, документтерин көрсөтүп жатат. Бизде биометрикалык паспорт менен автоматташтырылган түрдө өтөт эмеспи, андай деңгээлге али жете элек экен. Бирок, уюштуруу иштери, инфратүзүм даярдоосу жогору деңгээлде болуптур. Айыл жерлеринде кандай экенин билбейм, бирок борбор калаада өтө деле көп адам келгендей болбой атат. Биз байкаган жерлерде катышуучулар азырынча сейрек болуп аткандай туюлду".

Астанада шайлоо өнөктүгүнө байкоо салып жүргөн кыргызстандык активист Адил Турдукуловдун айтымында, шайлоодо добуш берүүгө катышкандардын көрсөткүчүн жогору көтөрүүгө басым жасалууда.

"Бул жерде эки айымдын катышканын дагы чоң прецедент катары көрсөтүп жатышат. Жигули деген адамдын дагы айылдардын өкүлү катары катышып жатканын көрүп жатабыз. Жалпысынан алганда алар статисттердин гана ролун аткарып жатканын көрүнүп турат".

Жергиликтүү жана эл аралык саясат таануучулар жекшембидеги шайлоодо Токаев башка атаандаштарынан чоң айырма менен жеңип чыгарынан күмөн санашкан эмес.

Бирок алар өлкөдө жарандык активисттер жана жаш саясатчылар камакка алынып, эркин медиага басым көрсөтүлүп жаткан шартта Токаев убада кылган "саясий реформалар" ишке ашарына жана кийинки жылдагы парламенттик шайлоо эркин өтөрүнө ишенбейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG