Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Казакстандык укук коргоочуларды камтама кылган камоо


 Казакстандык активист Асхат Жексебаев. 2019-жыл.
Казакстандык активист Асхат Жексебаев. 2019-жыл.

31-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту казак активисттери Асхат Жексебаев менен Диана Баймагамбетова эки айга тергөө абагына камалганын кабарлады. УКМК Казакстандын эки жараны чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалганын билдирген. Активисттер кыргыз бийлиги аларды кайра өз өлкөсүнө өткөрүп жибербейби деп чочулоодо. Алар БУУга кайрылып, саясий башпаанек суроого ниеттенип жатканы айтылды.

Kазакстандык активист Жанара Ахмет Кыргызстандын атайын кызматы Бишкектеги "Манас" аба майданынан казак активисттери Асхат Жексебаев менен Диана Баймагамбетованы кармап кеткенин айтып чыккан.

Анын ырасташынча, алар Бишкек аркылуу чет өлкөгө кетерде кармалган. Мындан улам Ахмет кыргызстандык укук коргоочуларга кайрылып, кармалгандар үчүн адвокат табууга жардам сураган.

"Мен азыр кыргызстандыктарга кайрылып жатам. Активисттерге адвокат табууга жардам керек. Бүгүн алардын тергөө соту болмок. Анда алардын кийинки тагдыры чечилет. Алар экстрадацияланышы толук ыктымал",- деген активист.

Көп өтпөй Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети казакстандык активисттердин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди.

Анда Казакстандын эки жараны 26-октябрда кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекети аркылуу Өзбекстанга чыгып кетүүгө аракеттенип жаткан учурда кармалганы кабарланды. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта, алар 23-октябрда Кыргызстанга чек арадан мыйзамсыз өткөнү аныкталганы айтылат.

"Бул факты боюнча Казакстандын эки жараны Кылмыш кодексинин 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш ачылган. 31-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан кармалган жарандар эки айга №1 тергөө абагына камалды", - деп жазылган маалыматта.

Адвокат Зарифа Барузова казакстандык активисттер БУУга кайрылып, саясий башпаанек суроого ниеттенип жатканын "Азаттыкка" билдирди.

"Алар казак-кыргыз чек арасынан мыйзамсыз өтүшкөн. Ошол эле күнү алар качкын макамын берүү өтүнүчү менен арыз жазышкан. Чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кылмыш иши козголуп, 30-октябрда сот аларды эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок активисттер эми БУУга кайрылуу даярдап жатышат".

Дагы бир казакстандык активист Асанали Суюмбаев мекендештери кайра Казакстанга кайтып келсе, алар эркинен ажыратылышы толук ыктымал экенин Фейсбук баракчасына жазды.

"Мен Кыргызстандын бийлигинен активисттерди Казакстанга депортация кылбашын суранам, анткени алар кайтып келгенден кийин камалат. Асхат Жексебаев, Диана Баймагамбетова кылмышкер эмес, алар саясий куугунтукка байланыштуу мамлекеттик чек арадан аргасыз чыгышкан. Казакстанда алар куугунтукталып, банк эсептери жабылып, нормалдуу жашоого мүмкүнчүлүк калбай калган".

50 жаштагы Асхат Жексебаев менен 30 жаштагы Диана Баймагамбетова 2020-жылы камалып, былтыр ноябрда сот өкүмү чыккан 13 активисттин катарында болгон. Анда Алматы соту аларды "ишмердигине тыюу салынган уюмга" байланыштуу күнөөлүү деп тапкан. Активисттерге казак бийлиги "экстремисттик" деп тапкан "Казакстандын демократиялык шайлоосу" жана "Көчө партиясы" деп аталган уюмдарга тиешеси бар деген айып коюлган.

Эки жылга кесилген Байгаматова сот залынан бошотулган, ал эми Жексебаев активист ушул жылдын май айында абактан бошогон, экөө тең ушул тушта пробациялык көзөмөлдө болгон.

Казакстандын жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын Январь окуясынан кийин өлкөдө саясий туткундардын саны кескин көбөйдү. Ушул тапта болжолдуу тизмеде 140 кишинин аты-жөнү бар жана ал дагы узарышы мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG