Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Алматыда камактагы жарандык активист Мамайдын тарапташтары кармалды


Алматыда жарандык активистти колдоп чыккандар кармалды.
Алматыда жарандык активистти колдоп чыккандар кармалды.

Казакстандын Алматы шаарында расмий каттоого алынбаган оппозициялык демократиялык партиянын лидери, камактагы Жанболат Мамайдын бир нече тарапташы кармалды.

Алар шаардагы Илимдер академиясынын аянтында митинг уюштурууну көздөп, шаардын борбордук бөлүгүнө чогулушкан.

Буга чейин Мамайдын аялы, белгилүү укук коргоочу Инга Иманбай митинг өткөрүүгө уруксат берүүсүн өтүнүп, акимчиликке арыз менен кайрылганын билдирген.

Активист Абзал Достияров чогулгандарга митинг өткөрүү үчүн мыйзам талап кылган шарттарды аткарышканын, "бирок бийлик эч кандай өзгөрүүгө даяр эместигин, президент Токаевдин реформасы жалган" экенин айтты.

Бул сөздөрдөн кийин прокуратуранын кызматкерлери чогулгандарды тарап кетүүгө чакырды.

Чогулгандар каршылык көрсөтүп, "Жанболатка эркиндик!" деп кыйкырышканда, кармоолор башталган. Кармалгандардын арасында бир нече журналист бар экенин "Азаттыктын" казак кызматы кабарлады.

33 жаштагы Мамай 25-февралдан бери камакта. Каттоого алынбаган Казакстан Демократиялык партиясынын лидери Жанболот Мамай марттын ортосунда эки кылмыш ишине байланыштуу кармалган. Биринчиси болжол менен былтыр сентябрда бийлик менен макулдашылбаган митингге байланыштуу козголгон. Мамайга ошондо жарандарды күч менен кармап кетип жаткан полиция кызматкерлерин кемсинткен деген кине тагылууда.

Экинчи иш финансылык рынокту тескеген агенттиктин арызы менен козголгон. Мекеме активист саясий максатты көздөп, насыялар боюнча мунапыс тууралуу жалган маалымат тараткан деп эсептейт. Мамай тарапташтары менен бирге карыздарды мыйзамдуу мехнизмдер аркылуу кечүүгө үндөп келгенин билдирген.

Анын колдоочулары бул иштерде саясий кызыкчылык бар экенин айтышууда.

Буга чейин да бир катар эл аралык укук коргоочу уюмдар Жанболот Мамайды бошотуу чакырыгын жасап келишкен.

Amnesty International апрель айында атайын өнөктүк өткөрүп, казак президенти Касым Жомарт Токаевге активистти бошотууну суранган кат жолдогон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG