Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Ташкент Астанадан каракалпакстандык активистти сурады


Ниетбай Оразбаев.
Ниетбай Оразбаев.

Pасмий Ташкент Казакстандагы каракалпак бирикмесинин жетекчиси Ниетбай Оразбаевге издөө салды. Анда Оразбаев "Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүн бузууга аракет кылган" деп айыпталууда. Human Rights Watch укук коргоо уюму казак бийлигин каракалпак активисттерин Ташкентке өткөрүп бербөөгө чакырды.

13-октябрда Казакстандын Маңгыстау облусундагы "Аллаяр жолы – Актау" этно-маданий биримдигинин төрагасы Ниетбай Оразбаевге эл аралык издөө жарыяланганын каракалпак диаспорасынын өкүлү Акылбай Муратбай Твиттерге жазды.

Анын айтымында, Оразбаев "Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүн бузууга аракет кылган" деп айыпталууда.

"Өзбекстандын өтүнүчү менен Казакстандын Ички иштер министрлиги Оразбаевди издөөдөгү адамдардын тизмесине киргизди. Мындан улам анын Казакстанда эркин жүрүүсү татаалдашып баратат", – деп жазды Муратбай.

Ниетбай Оразбаев коноторго музейди көрсөтүп жатат. Маңгыстау облусу.
Ниетбай Оразбаев коноторго музейди көрсөтүп жатат. Маңгыстау облусу.

53 жаштагы Казакстандын жараны Ниетбай Оразбаев Өзбекстандын бул аракетин быйыл июль айынын башында Каракалпакстанда болгон окуялар менен байланыштырууда.

Ал “Власть” басылмасына берген маегинде, 6-октябрда Каракалпакстандын Хожели шаарынын ички иштер бөлүмүнөн ага издөө жарыяланганы тууралуу маалымат түшкөнүн айткан.

"Ошол күнү казакстандык полиция кызматкерлери менин жумушума келип, издөө базасынан чыккан кагаз көрсөтүштү. Анда мени сөзсүз түрдө камоо керек экени жазылган. Кечинде жумуштан кийин ички иштер бөлүмүнө бардым. Ошол учурда алар мага Хожели сотунун чечимин көрсөтүштү. Ал кагазда "июль окуясында “Аллаяр жолу” этно-маданий бирикмесинин төрагасы бийликке каршы үгүт иштерин жүргүзгөн" деп жазылган. Ошондой эле "кылмыштуу топтун мүчөлөрү" делген каракалпакстандык активисттер Даулетмурат Тажимуратов, Азамат Турданов жана мен такыр тааныбаган дагы бир адам менен байланышта болгонум айтылат. Биринчи экөөнү интернеттен гана көргөм. Полиция бөлүмүнө кол коюп, чыгып кеттим",- деп билдирген Ниетбай Оразбаев.

"Власть" сайтынын маалыматына караганда, Оразбаев Нукустагы окуялардын алдында видеокайрылуу жасап, Каракалпакстанга референдум жолу менен Өзбекстандын курамынан чыгууга укук берген Өзбекстандын Конституциясындагы 74-беренени өзгөртүүгө каршы экенин айткан.

Нааразылык акциясы. Нукус шаары. 1-июль, 2022-жыл.
Нааразылык акциясы. Нукус шаары. 1-июль, 2022-жыл.

Каракалпакстандык активист "пикир айтуу кылмыш эмес" экенин белгилейт.

"Бизде эч кандай ураан, экстремизмге байланыштуу сөздөр болгон эмес. Бул беренелер коомдук талкууга коюлган. Ар ким өзүнүн жарандык позициясын билдирүүгө укуктуу. Мен мындан кылмышты көргөн жокмун".

Казакстандын Ички иштер министрлиги Оразбаевдин маселеси боюнча азырынча жооп бере элек. Ички иштер министрлигинин издөө базасында анын фамилиясы жок.

Ал арада Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму казак бийлигин каракалпак активисттерин Өзбекстанга өткөрүп бербөөгө чакырды.

Уюм 15-октябрда билдирүү жарыялап, Өзбекстанда каракалпак активисттери саясий куугунтукка жана кыйноого кабылышы мүмкүн экенин эскертти.

"Өзбек бийлиги Каракалпакстанда июль айында болгон нааразылык акцияларын басуу максатында активисттерди куугунтуктап жатат. Эгер алар күч менен Өзбекстанга кайтарылса, активисттер кыйноого жана саясий куугунтукка кабылышы мүмкүн. Мындай кырдаалда аларды экстрадициялоо Казакстанда эл аралык укуктун бузулушуна алып келери шексиз, ошондуктан казак бийлиги активисттерди бошотушу керек"- дейт Human Rights Watch уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Мира Ритман.

Уюмдун маалыматына караганда, 13-сентябрдан 5-октябрга чейин Казакстандын полициясы Өзбекстандын бийлиги тарабынан эл аралык издөөгө алынган төрт каракалпак активистин кармалган. 47 жаштагы блогер-диссидент Кошкарбай Торемуратов менен 53 жаштагы оппозиционер Жангелди Жаксымбетовду 13-сентябрда полиция кызматкерлери үйүнөн кармап кетишкен. 55 жаштагы кардиолог Раиса Кудайбергенованы 16-сентябрда жумушунан, активист Зиуар Мирманбетованы болсо 4-октябрда үйүнөн алып кетишкен.

Аларга коюлган айыптар расмий жарыялана элек. Процессуалдык документтерди көргөн Алматыдагы каракалпак диаспорасынын өкүлү Акылбек Муратбай, кармалгандар "мамлекетке каршы кылмыш жасаган" деп шектелип, издөөдө жүргөнүн билдирген.

Быйыл 1-2-июль күндөрү Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алууну караган сунушка каршы чыгышкан. Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 18 киши (14 жөн-жай киши, 4 тартип коргоочу) каза тапканын, 516сы кармалганын билдирген.

4-июлда өзбек парламенти Каракалпакстандын макамын өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алган. Башкы прокуратура бир нече кылмыш ишин козгогон. Европа Биримдиги, АКШ, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), бир катар укук коргоочу уюмдар Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды ачык-айкын иликтөөгө чакырган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG