Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:49

Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалды алты жылга кесилди


Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууганынын баласы Кайрат Сатыбалды.
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууганынын баласы Кайрат Сатыбалды.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалды алты жылга эркинен ажыратылды. 26-сентябрда Астана шаардык соту аны "Казахтелеком" жана "ЦТС" акционердик коомдорунан ири өлчөмдө акча кымырып алган деп тапты. Сатыбалды “Алдамчылык же ишенимге кирүү менен мүлккө зыян келтирүү” жана “Ишенип берилген мүлктү уурдоо же өзүнө ыйгарып алуу” беренелери боюнча айыпталды. Ошондой эле ага он жыл мамлекеттик кызматка барууга тыюу салынды. Буга чейин прокурорлор Сатыбалдыдан "Күрмет" жана "Парасат" ордендерин да алып салууну өтүнгөн.

Кайрат Сатыбалды Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы, маркум Сатыбалды Назарбаевдин уулу. Ал Борбор калаанын акиминин орун басары болгон, улуттук "Казахойл" жана "Казахстан темир жолы" компанияларын жетектеген. 2010-2015-жылы мурдагы президент Нурсултан Назарбаев жетектеген "Нур Отан" партиясынын борбордук аппаратында жүргөн. Forbes Kazakhstan басылмасынын версиясы боюнча Кайрат Сатыбалды өлкөдөгү эң таасирдүү бизнесмендердин тизмесине кирген. Кайрат Сатыбалды мартта кармалган, ошондон бери камакта.

Талдоочулар Январь окуясынан кийин Нурсултан Назарбаевдин бийликке таасири азайганын айтып келишет. Ал бул башаламандыктардан кийин Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кеткен. Назарбаевге жакын бир катар аткаминерлер, туугандары кызматтан алынып, айрымдары камалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG