Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Өзбекстан: Элди жана бийликти сынаган энергетикалык кризис


Иллюстрация
Иллюстрация

Ызгаар суукта Өзбекстанды каптаган энергетикалык кризис элдин жанына батты. Адатта бийликти сындабай, кыйынчылыктарга унчукпай келген өзбекстандыктардын быйылкы суукта чыдамы кеткендей.

16-январда Чырчык шаарында жарыктын жоктугуна нааразы болгон бир нече тургун электр түйүндөр ишканасынын диспетчердик пунктуна келген. Алардын бири - 35 жаштагы келин мекеменин кызматкерине бычак такап, жарыкты калыбына келтирүүнү талап кылган.

Башкы прокуратура келинге “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш ишин козголду.

Өзбекстанда он күндөй убакыттан бери чөлкөмгө мүнөздүү болбогон катуу суук өкүм сүрүүдө. Ташкентте жана башка аймактарда электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурап жатат. 36 миллион калкы бар өлкөдө быйылкы аяз бийликтин шаштысын алып койду.

Ташкентке жакын жердеги Хумо деген кыштактын жашоочулары электр энергиясын талап кылып, 16-январда бир сааттай жол тосту. Ташкент облустук акимчилиги билдиргендей алар менен жергиликтүү жетекчилер жолугуп, жаралган жагдай үчүн кечирим сурады. Абалды милиция көзөмөлгө алып турду.

Чырчыкта жол тоскондор.
Чырчыкта жол тоскондор.

“Азаттыктын” өзбек кызматына жолдонгон видеолордо ондогон киши жолду тосуп турганын көрүүгө болот. Жашоочулардын айтымында, ушул окуядан кийин эски электр чордону оңдолуп, жанына жаңы трансформатор орнотулган. Андан бери жарык өчө элек.

Ага чейин Ташкенттеги айрым тургундар үйлөрүнүн алдына чогулуп, бийликтегилердин кызматтан кетишин талап кылышкан. "Демократия жана адам укуктары" институтунун башчысы Сайёра Хожиева бул кырдаал өкмөт үчүн уят экенин айтты.

Нааразылыктардын фонунда президент Шавкат Мирзиёев Ташкент шаарынын мэри Жахангир Артыкхожаевди "энергетикалык кризисте ишин эптей албады" деп кызматтан алды. Энергетика тармагындагы бир катар жетекчилерге, шаар-район башчыларына сөгүш жарыяланып, натыйжалуу иштөө тапшырмасы коюлду.

Өзбекстандык блогер Никита Макаренко "Настоящее время" каналына берген маегинде президент Ташкенттин мэрин кызматтан алгандан тышкары энергетика тармагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине натыйжалуу иштеш үчүн убакыт койгонун билдирди:

"Азыр өкмөттө админстративдик реформа жүрүп жатат. Энергетикалык кризис ошол реформаны ишке ашырууну тездетти. Биздин өлкөдө газ жана энергетика тармагында жемкорлук ушундай кырдаалга кептеди".

Ал арада Энергетика министрлиги батирлерде бирден гана жылытуучу жабдыктарды колдонууну, жеке ишкана жана уюмдардын кызматкерлерине онлайн режимде иштөөнү сунуштады. Мектептерде кышкы каникул 23-январга чейин узартылды.

Орусия тараптан келген муздак арктикалык циклон Борбор Азия мамлекеттерин, Ооганстанды, Иранды жана башка салыштырмалуу жылуу өлкөлөрдү каптап, 10-январдан ары бир апта катуу суук болуп болду. Бул жагдай көпчүлүк мамлекеттерде энергетикалык кризиске алып келди. Сууктун күчү синоптиктер айткандай, 16-январдан кайта баштады.

Өзбекстан: элдин кыжырын кайнаткан энергокризис
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:33 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG