Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:03

Батыш-Борбор Азия-Орусия: Санкцияны буйтаган схемалар кандай иштейт?


Иллюстрация
Иллюстрация

Европадагы кайра куруу жана өнүктүрүү банкы февраль айындагы жаңы баяндамасында Орусия Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр аркылуу санкцияларды кыйгап өтүп жатышы мүмкүндүгүн билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга экспорту кыйла азайган. Ошол эле учурда Европа менен Кошмо Штаттардан Армения менен Кыргызстанга жөнөтүлгөн товарлар 80% көбөйгөн. Ал эми Москвага өнөктөш бул эки өлкөнүн Орусияга экспорту кеминде эки эсе өскөн.

Александр Плеханов
Александр Плеханов

Баяндаманы даярдаган экономисттер мындай жол менен санкция салынган товарлар Орусияга жөнөтүлүп жатышы мүмкүндүгүн айтышууда. Алардын бири, Европадагы кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын глобалдык экономика боюнча директору Александр Плеханов соңку изилдөөнүн тыянагын түшүндүрүп берди.

- Жакында Европадагы кайра куруу жана өнүктүрүү банкы “Евразиядагы айлампа: Кавказ жана Борбор Азия аркылуу Орусияга соода агымы” деген баяндамасын жарыялады. Анда Орусия Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу өткөн ортомчул соода жолунун жардамы менен экономикалык санкцияларды кыйгап өтүшү мүмкүн экени айтылган. Мындай тыянак чыгарууга кандай фактылар же тенденциялар негиз берди?

- Бул изилдөөнү өткөн жылы баштаганбыз. Биз жылына эки-үч жолу Европадагы кайра куруу жана өнүктүрүү банкы иш алып барган бардык өлкөлөр боюнча экономикалык прогноздорду даярдап турабыз. 2022-жылдын мартында Орусияга экономикалык санкциялар киргизилгенден кийин Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүндө оң динамика болот деп эч ким ойлогон эмес. 2022-жылдын жыйынтыгы менен бул өлкөлөрдүн өсүү темпи күтүлгөндөн алда канча жогору болду. Бул өлкөлөрдүн улуттук валюталары АКШ долларына салыштырмалуу бекемделди. Мындайды башка аймактардан көргөн жокпуз. Андыктан биз бул экономикалык өнүгүүнүн себептерин изилдей баштадык.

Өнүгүүнүн себептеринин бири - бул өлкөлөр аркылуу өткөн сооданын көбөйүшү. Биз Европанын, АКШнын, Улуу Британиянын, Кытайдын, Түркиянын жана башка өлкөлөрдүн расмий экспорттук маалыматтарын талдадык. Инфляцияны эске алганда да 2017-2021-жылдарга салыштырмалуу Борбор Азияга жана Кавказга багытталган экспорт кыйла жогорулаган.

Негизинен бул өлкөлөр менен Улуу Британиянын, Америка Кошмо Штаттарынын жана Европа Биримдигинин ортосунда соода көбөйгөнү менен, анын көлөмү Батыш менен Орусиянын азайган соодасынын чакан гана бөлүгүн түзөт. Ошентсе да Кыргызстан, Армения сыяктуу ортомчул соодага катышкан өлкөлөрдүн ички дүң жыйымына салыштыра келгенде мындай сооданын көлөмү өтө чоң.

Биз Орусиянын, Борбор Азиянын, Кавказдын жана башка өлкөлөрдүн экспорту жана импорту тууралуу маалымат камтылган Бириккен Улуттар Уюмунун соода порталындагы (UN Comtrade) маалыматтарды талдап көрдүк. Тенденцияларды карап жатып, экспорт көбөйгөнүн көрдүк. Бул экспорт Европа Биримдиги Орусияга жөнөтүүгө жарым-жартылай тыюу салган товарлардын эсебинен өскөн.

Армениянын, Кыргызстандын, Казакстандын Орусияга экспорту да абдан өскөн. Бирок Батыш өлкөлөрүнүн бул өлкөлөргө экспорту көбөйгөнчөлүк деңгээлде эмес.

- Сиз айтып өткөндөй, соода жарым-жартылай санкция салынган товарлардын же аларга окшош башка товарлардын эсебинен көбөйгөн экен. Кайсы товарлар жөнүндө сөз болуп жатат?

- Негизи номенклатурага кирген бардык товарлардын түрү бар. Алар санкцияга туш болгон же аларга окшош товарлар. Буюмдардын абдан кеңири спектри жөнүндө сөз кылып жатабыз. Алардын арасында компьютерлер, машина, комбайн, трактор, кийим-кечек, кир жуугуч машинанын жабдыктары жана боёктор бар. Бирок биздин статистикалык анализибиздеги товарлардын топторун карай турган болсок, биринчи кезекте бул өлкөлөр аркылуу эл керектөөчү товарлар келип жатат. Бул буюм-тайымдардын тизмеси абдан узун.

- Товарлардын агымы кандай жүрүп жатканын айта аласызбы? Баяндамада Орусия бул агым аркылуу санкцияларды айланып өтүп жатканы айтылып жатпайбы. Ошондо бул схема кандай иштейт?

- Бул схема кандай иштейт же иштеши мүмкүн? Чынында колубузда бар маалыматтардан муну так көрө албайбыз. Товарлар ортомчу өлкөлөргө экспорттолуп, андан кийин кайра Орусияга сатылышы мүмкүн. Товарды адеп экспорттогондор деле муну билбеши ыктымал.

Андан тышкары товарлардын Орусия аркылуу транзити жөнүндө да сөз болуп жатышы мүмкүн. Бул товарлар Орусия аймагына келгенде “жок болуп кетиши” ыктымал. Бирок бизде конкреттүү мисалдар же маалыматтар жок.
Биз Борбор Азия менен Кавказга жөнөтүлгөн товарлар Германия, Франция, Италия сыяктуу Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн маалыматтарында катталганын гана көрүп жатабыз.

- Ошентип, Орусия өз муктаждыктарын өнөктөш өлкөлөр аркылуу камсыздап жатканы белгилүү болууда. Европалык дипломаттар Евробиримдиктин жана “Чоң жетинин” санкцияларына карабай Орусиянын импортунун көлөмү дээрлик согушка чейинки деңгээлине кайтып келгенин айтышууда. Орусиянын импортунун жалпы көлөмүндө Кыргызстандын же Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн үлүшү канчалык?

- Чынында биз 2022-жылдын июль жана август айларында Орусиянын импортунун көлөмү, анын ичинде жарым-жартылай чектөө киргизилген товарлардын импорту санкцияларга чейинки деңгээлине жакындаганын көрдүк.

Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү аркылуу болжолдуу транзит тууралуу сөз кыла турган болсок, анда анын көлөмү Европадан жана АКШдан Орусияга кыскарган экспорттун 5 пайызын гана камсыздай алат.

Башкача айтканда, Орусиянын жалпы импортунда анын үлүшү аз. Биринчи кезекте Кытай, Түркия жана башка өлкөлөр менен соодага көбүрөөк артыкчылык берилип жатат. Башкача айтканда, Орусияда Кытайдан сатып алган товарлардын көлөмү кескин көбөйдү. Бул өсүш өзгөчө жарым-жартылай же толук санкция салынган товарлардын эсебинен көбөйдү.

КМШ өлкөлөрүнүн Санкт-Петербургдагы жыйынына чогулган президенттер, 27-декабрь 2022-жыл.
КМШ өлкөлөрүнүн Санкт-Петербургдагы жыйынына чогулган президенттер, 27-декабрь 2022-жыл.

- Жакында казак башкы дипломаты орусиялык, же башка чет элдик компаниялардын санкцияларды буйтап өтүү аракетине каршы чараларды көрүп жатканын айтты. Армения менен Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү деле Батыштын санкцияларын айланып өтүү жолдоруна көмөктөшпөгөнүн кыйытып келишет. Сиздин оюңузча, чөлкөмдөгү бул өлкөлөр Батыш жана Орусия менен соодадагы мындай тенденциялардан канчалык кабардар?

- Бул татаал суроо. Суроону бул мамлекеттердин бийлик өкүлдөрүнө бериш керек деп ойлойм. Биз өз маалыматтарыбыздан Батыш өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданы жана Батыштан Кавказга, Борбор Азияга жөнөтүлгөн экспортту көрүп турабыз.

Мындай соодага санкция салынган эмес. Экспортёрлордун арасында англис тилинде “know your customer” же “кардарыңды бил” деген түшүнүк бар.
Эгер экспортёрлор товарды импорттоп жаткан керектөөчүсүн жакшы билсе жана ортодогу соода ак ниет экенине ишенсе, анда “know your customer” деген принципти аткарып, ишин уланта берет. Андан ары товарларга эмне болорун же кайсы жакка кетерин биз билбейбиз. Андай маалыматтар жок. Биз бул жөнүндө жоромолдорду гана айта алабыз.

- Сиз изилдөөңүздөр Европа өлкөлөрүнүн маалыматтарына негизделгенин айтып жатасыз. Евробиримдикке кирген мамлекеттер Борбор Азия өлкөлөрүнө жана Арменияга жөнөтүлгөн товарлар Орусияга жетиши мүмкүндүгүн түшүнүп турабы?

- Менин оюмча, айрым учурларда Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрү менен ак ниет соода жүрүп жатат. Кайсы бир учурларда экспортерлор экспорттолуп жаткан товардын көлөмүнөн шектениши мүмкүн. Бул суроого биздин колубуздагы маалыматтар менен жооп берүү өтө кыйын.

Анткени экспорт жеке компаниялардын деңгээлинде жүрөт. Компаниялар “кардарымды жакшы билем” же “шектенүү бар” деп, өздөрү тыянак чыгарышы зарыл.

Жалпысынан азыркы тапта Борбор Азия менен Кавказга Батыштан жөнөтүлгөн товарлардын көлөмү кескин көбөйгөнүн башка бир факторлор менен түшүндүрүү кыйын.

- ​Соңку мезгилде Батыш мамлекеттери жана маалымат каражаттары Борбор Азия өлкөлөрү менен Орусиянын ортосундагы сооданын өсүшүнө көбүрөөк көңүл буруп жатат. Жакында Bloomberg басылмасы Орусия Түркия, Казакстан жана Бириккен Араб Эмираттары аркылуу санкцияларды кыйгап өтүп, микрочиптерди сатып алып жатышы мүмкүндүгүн жазды. Мындай сооданын айланасында кандай тобокелдиктер бар? Борбор Азия өлкөлөрү экинчи даражадагы санкцияларга кабылып калбайбы?

- ​Экинчи даражадагы санкциялар тууралуу маселе татаал. Менимче, азырынча экинчи даражадагы санкциялар жөнүндө сөз боло элек. Бирок, албетте, бул соода, логистикалык жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр - Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүндөгү экономикалык өсүштүн чоң бөлүгү экенин белгилегим келет. Чынында биздин ишибиз дал ушул маселеден улам башталган.

Муну узак мөөнөттүк өнүгүү модели деп айтууга болбойт. Бул салыштырмалуу кыска мөөнөттүк көрүнүш болот деп ойлойбуз. Агым азайышы же өсүш солгундашы мүмкүн. Экономика өсүшү үчүн бул агым көбөйүшү керек.

- Борбор Азия өлкөлөрү мындай абалдан кандай сабак алышы керек?

- ​Бул сурооого да биздин колдогу маалыматтар менен жооп берүү кыйын. Бирок, албетте, Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү орто жана узак мөөнөттүк өнүгүүнүн үлгүсү катары бул логистикалык мүмкүнчүлүккө жана ортомчул соодага таянбашы керек. Экономикалык өнүгүү башка факторлор менен камсыздалышы зарыл.

- Аягында сурай кетейин. Борбор Азия өлкөлөрү Орусия менен Кытайдын ортосунда ортомчу ролду ойнойт деп айта алабызбы? Чөлкөм кытай товарларынын Орусияга жеткирүүгө көмөкчү болуп жатабы?

- Албетте, муну биздин маалыматтар күбөлөп турат. Кытай жана Түркиянын бул өлкөлөргө экспорту өстү. Кытай менен Түркиядан келген ортомчул сооданын көлөмү Батыштан келген ортомчул сооданын көлөмүнө окшош же андан кыйла көп. Бирок бул жерде кайрадан эле Кыргызстанды же Казакстанды ортомчу деп айтып жатабыз. Бирок чыныгы ортомчулар – булар Кыргызстанда жана Казакстанда иш алып барган жеке фирмалар жана жеке ишкерлер.

Эмне үчүн бул соода жүрүп жатат? Мунун түшүндүрмөлөрү бар. Мисалы, Орусия менен башка мамлекеттердин ортосунда түздөн-түз төлөмдөрдү жүргүзүү кыйын болгонуна байланыштуу мындай соодага артыкчылык берилип жатышы ыктымал. Эгер соода ортомчулар аркылуу жүрүп жатса, анда Орусия менен ортомчунун ортосунда жана ортомчу менен экспорттоочу өлкөнүн ортосунда төлөмдөрдү жүргүзүү оңой болушу мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG