Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

АКШ Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймактык бүтүндүгүн колдойт


Астанада Кыргызстан менен АКШнын башкы дипломаттары жолугушту, 28-февраль, 2023-жыл.
Астанада Кыргызстан менен АКШнын башкы дипломаттары жолугушту, 28-февраль, 2023-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Мамлекеттик департаментти жетектей баштаганы Борбор Азияга биринчи жолу расмий сапар менен келди. Вашингтондун башкы дипломаты Астанада “Борбор Азия+АКШ” форматында чөлкөмдөгү беш өлкөнүн тышкы иштер министрлери менен жолугушту.

Кошмо Штаттардын башкы дипломатынын сапары Украинадагы уруш экинчи жылга аяк басып, Москванын Борбор Азияга таасири сыноого кабылган маалга туш келди. Чөлкөмдүн лидерлери Орусиядан канчалык басым болгонуна карабай Москванын согуштук күн тартибин кабыл албаганы менен анын экономикалык каарын тартып жатат. Азык-түлүктүн, күйүүчү майдын баасы асмандап, Батыштын Орусияга салган санкциясынын эпкини да тийиши мүмкүн.

"Санкциялардын сакталышына биз кылдат көз салып турабыз, бир катар мамлекеттер менен, анын ичинде Борбор Азиянын беш өлкөсү менен экономикалык санкциялардын кыйыр кесепети тууралуу такай талкуулап жатабыз", - деди Блинкен Астанада өткөн басма сөз жыйынында.

Блинкендин сөзүнө караганда, Вашингтон чөлкөмдөгү өлкөлөргө Батыштын "кара тизмесине" илинген орусиялык компаниялар менен алака-катышын токтотууга эскертүү берет.

Кошмо Штаттар чөлкөмдүн экономикалык кызматташтыгын арттыруу, анын ичинде жаңы соода жолдорун түзүү үчүн дагы 25 миллион доллар берет. Буга чейин президент Жо Байдендин администрациясы 25 миллион доллар бөлгөн.

"Кошмо Штаттар - тамак-аштын, күйүүчү майдын кымбаттаганынан, жумушсуздуктун көбөйгөнүнөн жабыркап, өз товарларын экспорттой албай калган өлкөлөрдүн ишенимдүү өнөктөшү экенибизди көрсөтүү", - деди мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басары Дональд Лу.

Кошмо Штаттардын расмий өкүлдөрү Украинадагы согуштун айынан экономикалык кыйынчылыкка кабылган өлкөлөргө АКШнын колдоосун көрсөтүү үчүн Ак үй өзүнүн долбоорлорун көбөйткөнүн белгилешет.

Азырынча Кремль Блинкендин Борбор Азия сапарына байланыштуу комментарий бере элек. Нью-Йорк таймс гезити мамлекеттик катчынын сапарын Москва «чагым сыяктуу» карашы ыктымал. Ошол эле маалда Орусиянын чөлкөмдөгү өлкөлөр менен мамилеси өйдө-ылдый болуп турганда Кремль Борбор Азияга катуураак басым кылуудан карманып турат деп жазды.

Эксперттер Орусиянын президенти Владимир Путин былтыр жыл ичинде Борбор Азиянын лидерлери менен 50дөн ашуун бетме-бет же онлайн жолугушууларды өткөргөнүн белгилешкен.

Казакстан: Эгемендик жана аймактык бүтүндүк

28-февралда Астанада Блинкен Казакстандын жетекчилиги менен жолугушту. Казак президенти Касым-Жомарт Токаев эки өлкө ​бир катар стратегиялык тармактарда өнөктөш мамилени курганына токтолду.

"Кошмо Штаттарга биздин көз карандысыздыкты, аймактык бүтүндүктү жана суверенитетти такай жана ишенимдүү колдогону үчүн ыраазычылык билдирем", - деди казак лидери.

Казакстан Орусия менен эң узун чек арасы бар, этностук орустардын саны жагынан мурдагы постсоветтик аймакта Украинадан кийинки экинчи орунда турат. Андыктан былтыр Орусия Украинага басып кирип, согуш ачкандан кийин казакстандыктар кооптонуусун жашырган эмес.

Астана менен Вашингтондун экономикалык алакасына келгенде, АКШ коңшу өлкөгө 62 млрд. доллардан ашуун салган эң бараандуу инвесторлордун бири.

Кыргызстан: Күчтүү жарандык коом, таза шайлоо

Кыргызстандын башкы дипломаты Жээнбек Кулубаев менен мамлекеттик катчы Блинкен эки өлкөнүн кызматташуусунун келечектүү багыттарын талкуулады.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Блинкен менен расмий кездешүү алдында министр Кулубаев Вашингтонго 30 жылдан бери көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстанда демократия курууга салым кошконун, анын аркасы менен өлкөдө күчтүү жарандык коом түптөлгөнүн, адам укуктары жана эркиндиктер корголгонун, эл аралык коомчулук тааныган шайлоолор өтүп жатканын белгиледи.

Министр Кулубаев Вашингтон Бишкектин негизги тышкы өнөктөшү бойдон кала берерин белгилеп, Кыргызстан уникалдуу демократиясы бар өлкөгө айланганын айтты.

Блинкен Кыргызстан менен 30 жылда курулган өнөктөштүккө сыймыктанарын, Кошмо Штаттар өлкөнүн суверенитетин, аймактык бүтүндүгүн, көз карансыздыгын колдой турганын, демократиялык баалуулуктарды, экономикалык гүлдөп-өсүүнү, регионалдык байланыштарды алга жылдыруу жана орток коркунучтарга туруштук берүү үчүн кызматташтыкты өрчүтүүгө ишенерин билдирди.

Кыргызстандын тышкы иштер мекемеси тараткан билдирүүдө “тараптар Борбор Азияда аймактык стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экенин баса белгилешкени" айтылат.

"Америкалык тарап Кыргызстандын аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоонун фактору болгон мамлекет аралык чек ара маселелерин чечүү аракеттерин кубаттады”, - деп жазылган билдирүүдө.

Министр Кулубаев Сириядагы лагерлерден кыргызстандыктарды мекенине кайтарууга көрсөткөн жардамы үчүн Кошмо Штаттарга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле кыргыз жарандарына АКШга виза берүүнү жеңилдетүү жана оптималдаштыруу маселелери да талкууланганы кабарланды.

Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылы бир тараптуу денонсациялаган.

Вашингтон Бишкек менен жаңы келишимге кол коюуга даяр экенин билдирсе, 19-январда министр Кулубаев талкуулоону талап кылган айрым техникалык маселелер бардыгын айткан.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG