Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:47

Мирзиёевдин сапары: чек ара, экономика, ынак коңшулук


Шавкат Мирзиёевдин бир айдан бери сөз болуп жаткан Кыргызстанга мамлекеттик сапары 26-январда башталды.
Шавкат Мирзиёевдин бир айдан бери сөз болуп жаткан Кыргызстанга мамлекеттик сапары 26-январда башталды.

Президент Садыр Жапаров 27-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушууда өз ара алака-катыштын макамын көтөрүү үчүн мамлекеттер аралык кеңеш түзүү маанилүү экенин билдирди. Буга байланыштуу тапшырмаларды берүүнү сунуштады.

"Мааракелик жылда союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюу менен мамлекеттер аралык мамилелердин статусун көтөрүүнү жана өлкө башчыларынын деңгээлинде Жогорку мамлекеттер аралык кеңешти түзүү маанилүү деп эсептейм. Тиешелүү документтерди даярдоону эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтерине тапшырууну сунуштайм. Биз соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана эки тараптуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча биргелешкен ишибизди улантууну көздөп жатабыз", - деди Жапаров.

Садыр Жапаров бул жолугушууда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жараяны аяктап жатканын билдирди.

Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев өз кезегинде коңшу мамлекеттердин кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыкканын айтты.

"Кыргызстан менен Өзбекстан эгемен болгон 31 жылдын ичинде өз ара мамилелер биринчи жолу ушул деңгээлге жетти. Мындагы жеке колдоосу үчүн, президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирем. Чек араны тактоо маселесинде анын чечкиндүүлүгү болбосо, бүгүнкү жыйынтыктарга жетише алмак эмеспиз. Мурдагыдай "эртең кылабыз" деп улам жылдыра берип, 30 жыл өттү", - деди Мирзиёев.

Бишкек - Ташкент: Чек ара чечилди, абактагы активисттердин үнү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:39 0:00

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстандагы эки күндүк мамлекеттик сапарынын алкагында өз ара алака-катышты чыңдап, өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Ошондой эле эки өлкөнүн президенттери стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюшту.

Кол коюлган документтер:

  • Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Өзбекстанстандын өкмөтүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Экономика жана каржы министрлигине караштуу Бажы комитетинин ортосундагы өз ара сооданын бажы статистикалык маалыматтары менен алмашуу жаатында өз ара аракеттенүүнүн тартиби жөнүндө протокол;
  • Кыргызстандын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Экономика жана каржы министрлигине караштуу Бажы комитетинин ортосундагы тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын каржылык шектүү операцияларды жүргүзүшүн алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу жаатында кызматташуу жөнүндө протокол;
  • Кыргызстандын Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттик менен Өзбекстандын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Өзбекстандын Жаштар саясаты жана спорт министрлигинин ортосундагы жаштар саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстан жана Өзбекстандын Энергетика министрликтеринин ортосундагы энергетика тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстан жана Өзбекстандын Энергетика министрликтеринин ортосундагы көмүр өнөр жайы жаатында кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы өнөр жайдын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз-өзбек өкмөтүнүн ортосундагы 2017-жылдын 6-сентябрындагы кыргыз өкмөтүнүн чек арага жакын райондорунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен Өзбекстандын чек арага жакын облустарынын хокимдеринин кеңешин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
  • 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери тууралуу келишимдин ратификациялоо грамоталарын алмашуу жөнүндө Протокол;
  • 2006-жылдын 3-октябрындагы кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол;
  • Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын кеңири майрамдоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын планы;
  • Кыргызстандын президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбекстандын Жизак облусунун хокимияты ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда автомобиль жана коммерция техникаларын өндүрүүнү уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • 2023-2025-жылдарга карата Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы стратегиялык соода-экономикалык өнөктөштүк программасы;
  • Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстан менен Өзбекстандын Айыл чарба министрликтеринин ортосундагы айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбекстандын Жизак облусунун Хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;
  • Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбекстандын Фергана облусунун хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;
  • Кыргызстандын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбекстандын Наманган облусунун хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;
  • Кыргызстандын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбекстандын Анжиян облусунун хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;
  • Кыргызстан жана Өзбекстандын Энергетика министрликтеринин ортосундагы Чаткал ГЭС каскадын куруу боюнча өз ара түшүнүшүү Меморандуму;
  • “Дастан ТНК” ААКсы менен "TOSHELECTRAPPARAT" ЖЧКсынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору (АСКУЭ электр эсептегичтерин чыгаруу боюнча);
  • Кыргызстандын президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусундагы “Baxodir Log'on Tekstil” (ЖЧК) биргелешкен ишканасынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу долбоору.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин бир айдан бери сөз болуп жаткан Кыргызстанга мамлекеттик сапары 26-январда башталды. Бул сапардын алкагында эки өлкөнүн башчылары өз ара алака-катышты талкуулап, чек ара баштаган бир катар документтерге кол коюлары айтылган.

"Өзбекстан экономикада либералдык саясат жүргүзүүдө"

Президенттер жеке жолугушууда “Камбар-Ата – 1” ГЭСин куруу боюнча да деталдуу сүйлөшкөн. 6-январда Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлери "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруунун “жол картасы” боюнча макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, электр станциясын куруу жана иштетүү үчүн биргелешкен ишкана түзүлө турган болгон.

Кыргызстан менен Өзбекстан буга чейин чек арага жакын аймактарга логистикалык борборлорду курууну макулдашкан эле. Ага ылайык, Ала-Бука районунда былтыр 20 гектар жерде курулуш башталган.

Эки өлкөнүн бул тармактагы соода алакаларынын жакшырып, эркин жүк өткөрүүгө жол ачылса, жергиликтүү дыйкандарга кыйынчылык жараларын айткандар да бар.

Талдоочу Сейтек Качкынбай мындай учурда Кыргызстан айрым тармактарда кыйынчылыкка туш болорун танбайт. Бирок коңшу мамлекет менен көп тармактуу кызматташтык жолго салынганда, эки тарапка тең утуш болот деген пикирде.

“Өзбекстан соңку жылдары либералдуу экономикалык саясат жүргүзүп жатат. Алар дүйнө менен соода кылмайынча, өлкө өз огунда айлана берген менен өнүкпөй турганын түшүндү. Кыргызстан менен Өзбекстанда интеграция күчөсө, 40 миллион адамы бар базарга айланабыз. Ошондо эки тарап тең утат. Бир аймак катары карап, инвестиция салганга коңшулар да кызыкдар болмок”.

Өзбекстандын президентинин сапарын утурлай 26-январда Бишкекте Кыргыз-өзбек бизнес форуму өтүп, ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Өзбекстандын президентинин администрация башчысы Сардор Умурзаков катышты.

Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү былтыр 11 айда 543 миллион доллардан ашып, 21% өскөнүн билдирди. Ал берген маалыматка ылайык, Кыргызстанда Өзбекстандын капиталы салынган 60 ишкана иштеп жатат. Анын 22си биргелешкен ишканалар болсо, 38и өзбек капиталы менен иш алып барууда.

Акылбек Жапаров Кыргызстан энергетика тармагында кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, ишкерлерге чакан жана орто ГЭСтерди курууну сунуштады.

"Биз өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууга катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз. Бул биздин бүтүндөй аймак үчүн материалдык гана эмес, экологиялык дивиденддерди алып келе турган долбоорлор".

Ал Мирзиёевдин мамлекеттик сапарынын алкагында автоунаа чыгарган биргелешкен завод куруу боюнча документке кол коюлары, бул эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгынын жаңы үлгүсү болорун белгиледи.

Сардор Умурзаков эки өлкө ортосундагы аймактар аралык кызматташтык, туризм жана логистика багыттарына басым жасады. Ал кыргыз-өзбек чек аралаш аймактарынын кызматташуусу артып, ортодогу соода алмашуунун көлөмү өсүп жатканын белгиледи. Бул багытта эки өлкө башчылары жаңы документтерге кол коёрун, анда Ысык-Көл менен Жиззак облустарынын кызматташтыгы жөнүндө келишим караларын айтты.

“Сиздер менен бизде туристтерди тартуу үчүн жаңы иштерди жасоого мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бул чакан ишкердикке, бюджетке кошумча киреше табуу дегендик. Мен Ысык-Көлгө көп өзбекстандык келгенин угуп, аябай таң калдым. Бул бир облуска гана келгендер. Өлкө боюнча алганда сан мындан да көп болот. Биз мындай эриш-аркак кызматташууну күчөтүшүбүз керек”, - деди Умурзаков.

Бизнес-форумда 168 млн. долларлык 11 документке кол коюлду:

  • Эки өлкөнүн Айыл чарба министрликтеринин ортосунда Агроөнөр жай комплекси тармагында кызматташуу боюнча “Жол картасы”;
  • Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү менен Өзбекстандын Art Soft Holding ЖЧК ортосунда 30 млн долларлык Жалал-Абад облусунда текстиль өндүрүшүн түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү менен Өзбекстандын Baxodir Log‘on Tekstil ЖЧК (Фергана облусу) ортосунда суммасы 8 млн. долларлык булгаары өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кызматташуу, ошондой эле Нарын облусунда картошка өстүрүү боюнча айыл чарба кластерин уюштуруу жөнүндө меморандум;
  • Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясы менен Өзбекстандын Baxodir Log‘on Tekstil ЖЧК (Фергана облусу) ортосунда картошка өндүрүү боюнча кластер, мал чарба комплексин түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын “Бай Дыйкан” ЖЧК менен Өзбекстандын “Узкимёимпекс” КБ ортосунда суммасы 20 млн. долларлык инвестициялык курулуш долбоорунун алкагында биргелешкен өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасында кальций карбидин өндүрүү боюнча комплексин куруу меморандум;
  • Кыргызстандын “Бай Дыйкан” ЖЧК менен Өзбекстандын Golden Corn ЖЧК ортосунда суммасы 100 млн. долларлык Өзбекстанга Кыргызстандын жүгөрүсүн жеткирүү боюнча келишими;
  • Кыргызстандын “ТНК” Дастан” ААК менен Өзбекстандын “Тошэлектроаппарат” ЖЧК ортосунда Кыргызстанда электр энергиясын эсептөө приборлорун чогултууну уюштуруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстандын “Элет Байтерек” ЖЧК менен Өзбекстандын “Узпромстройматериалы” ассоциациясы ортосунда базальтты кайра иштетүүчү заводун куруу боюнча меморандум;
  • Кыргызстандын Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду менен Өзбекстандын “Узавтосаноат” акционердик коому ортосунда компаниянын продукциясын Кыргызстанда сатуу боюнча кызматташуу меморандум;
  • Кыргызстандын Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду менен Өзбекстандын UzXCMG ЖЧК ортосунда компаниянын продукциясын Кыргызстанда сатуу боюнча кызматташуу меморандум;
  • Кыргызстандын “Кыргыз Эко Экспорт” ЖЧК менен Өзбекстандын Жайыттарды өнүктүрүү ассоциациясы ортосундагы суммасы 10 млн. долларлык Кыргыздан Өзбекстанга айыл чарба продукциясын жана малды жеткирүү келишими.

Кемпир-Абад иши: кармалгандардын жакындары Мирзиёевге кайрылды

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга Кыргызстан да, Өзбекстан да былтыр кол коюп, ратификациялаган.

Кыргыз бийлиги бул окуяны эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын жаңы баскычы катары баалаган.

Кыргызстанда суу сактагычтын жери Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы жана активист “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакта отурат.

Алардын жакындары Бишкекте мамлекеттик сапар менен жүргөн Мирзиёевдин дарегине кайрылуу жолдоп, Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30дай жарандын абакта отурганын белгилешкен.

“Түрмөдө эркектер менен бирге алты аял бар, алардын эң улуусу 72 жашта. Албетте, алардын бири да мамлекетибиздин стабилдүүлүгүнө жана чек ара маселесинин чечилишине эч кандай коркунуч келтире алмак эмес. Мына ушул кайрылуубуз аркылуу сиз кол коё турган келишим биздин көз жашыбызга жуулгандыгын өкүнүч менен эсиңизге салгыбыз келет. Албетте, мындай көрүнүш эки элдин ортосундагы өз ара кызматташтыкты жана достукту чыңдоого эч кандай салымын кошпойт! Кандай болгон күндө да, биз адилеттүүлүктүн бар экенинен үмүт үзбөй, жакындарыбыздын эртерээк эркиндикке чыгышына терең ишенгибиз келет”, - деп жазылат кайрылууда.

10-январда камактагылардын жакындары, болжол менен жүздөй адам ИИМ алдына акцияга чыккан. Алар мыйзамдуулукту талап кылган ураандарды айтып турушкан. Көп өтпөй отуз чактысын, арасында улгайган адамдарды Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына кармап кетип, кийин кое беришкен.

ИИМ кармоого алар плакаттарды, ар кандай чакырыктар жазылган кагаздарды көтөрүп, үн күчөткүч менен сүйлөгөнү себеп болгонун, анын баары мыйзамсыз экенин билдирген жана документтер сотко жөнөткөн. 24-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын айрымдарын айыптуу деп таап, 3 миң сомдон айыппул салган.

"Интеграцияга ачык болушубуз керек"

Кыргыз бийлиги Өзбекстандын президентинин мамлекеттик сапарын тарыхый сапар деп эсептеп жатат. Соңку жылдары эки өлкөнүн дипломатиялык алакасы жакшырганын биргелешкен ири долбоорлордун ишке аша баштаганы менен байланыштырууга болот.

Алсак, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу иштери боюнча макулдашууга былтыр сентябрда Самаркандда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде коюлду. Кийин 6-январда Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруунун “жол картасы” боюнча макулдашууга жетишишкен.

Эки өлкө экономикалык, инвестициялык жана товар алмашуу жагында да кызматташууга басым жасай турганын билдирип келет.

Ишкер Жоодар Сайдилкан Кыргызстан Өзбекстан жана башка коңшу өлкөлөр менен кызматташтыгын жакшыртып, интеграцияга ачык болушу керек деген ойдо.

“Европада жүк жана адамдар бири-бирине эч тоскоолдуксуз өтүп жаткан болсо, биз дагы келечекте ушуга жетишишибиз керек. Ошондо интеграция баарыбыз үчүн пайдалуу болот. Бул аймакты коңшу өлкөлөр бири-бирине атаандаш эмес, тескерисинче толуктап турат. Өзбекстанда газ, бизде электр энергиясы, Казакстанда мунай бар. Биргелешип кызматташсак, биз өзүбүздү камсыздап, тышкы импортту азайткан болобуз, - деди Сайдилкан.

Ал кыргыз-өзбек экономикалык кызматташтыгында инвестиция салууга басым жасалышы керектигин, эки өлкөнүн өкмөтү да буга кызыкдарлыгын билдиргенин кошумчалады.

Эки мамлекеттин башчылары буга чейин экономика тармагындагы кызматташтыкты жакшыртып, соода жүгүртүү көлөмүн 2 млрд. АКШ долларына жеткирүү максатын коюшкан. Бүгүнкү форумда бул планды ишке ашыруу үчүн иштер жүрүп жатканы айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG