Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

Өзбекcтан: "Газпром" менен түзүлгөн "жол карта" талкууга түштү


Өзбекстанда Энергетика министрлиги менен орусиялык “Газпром” компаниясынын ортосунда кол коюлган “жол картасынын” мазмуну ачык жарыяланбай жатышы коомчулуктун нааразылыгын жаратты.

Ал тапта орусиялык басылмалар Ташкент жана Астана менен “Газ биримдиги” түзүлө баштаганын жазышты. Vesti.ru, Neftegaz.ru сайттары муну "потенциалдуу өнөктөштүк" деп сыпаттап, 18-январда Казакстан менен, 24-январда Өзбекстан менен "жол картасына" кол коюлганын кабарлашты.

Орус тарап расмий комментарий бере элек. Казакстанда да бул жаатта кеңири маалымат жок. Ал эми Өзбекстанда активисттер муну социалдык түйүндө кызуу талкуулап, Энергетика министрлиги менен "Газпромдун" ортосунда Санкт-Петербургда кол коюлган "жол картасынын" чоо-жайын коомчулукка ачык айтууну талап кылышты. 24-25-январда Твиттерде жана Фейсбукта өзбектер талкуулаган негизги темалардын бири ушул болду.

Мирзамахмудов жана Миллер документке кол коюп жатышат. 24-январь, 2023-жыл. Санкт-Петербург.
Мирзамахмудов жана Миллер документке кол коюп жатышат. 24-январь, 2023-жыл. Санкт-Петербург.

“Юксалиш” улуттук кыймылынын төрагасы Бобур Бекмуродов эгер мазмун ачыкталбаса, Өзбекстандын энергетика системасынын көз карандысыздыгына коркунуч туудурган "Газ биримдиги" долбооруна жасалган кадам болорун белгиледи.

25-январда блогерлерди жана журналисттерди жолугушууга чогулткан энергетика министри Журабек Мирзамахмудов "Газпром" менен макулдашылган документтин тексти "коммерциялык сыр" болгондуктан ачыкка чыкпай жатканын билдирген.

"Журналисттерге түшүндүрдүк. Жол картасынын негизги мазмунун да көрсөттүк. Ал жерде газ тармагын менчикке өткөрүү же башкарууга берүү тууралуу такыр сөз жок", - деди министр.

Kun.uz сайтынын журналисттери “жол картасынын” текстин өкмөттүк булактар аркылуу көргөнүн жазышты. Алардын ырасташынча, документ үч барактан, сегиз пункттан турат. Келишимге ылайык, быйыл 1-марттан тарта Орусиядан Өзбекстанга жаратылыш газын ташый баштай турганы пландалууда. Басылма өз булагына таянып кабарлагандай, “жол картасы” Орусиянын талабы менен ачыкталбай турат.

Энергетика министрлиги министр Мирзамахмудов менен "Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллер Орусиядан Өзбекстанга жаратылыш газын жеткирүүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашканын маалымдады. Анда жумушчу топ Казакстан менен Өзбекстандын аймагы аркылуу көгүлтүр от транзитин ишке ашырууну макулдашканы айтылат.

Экономист Шухрат Расул Батыштын санкцияларынын курчоосунда турган Орусия көгүлтүр отунду Азиянын рыногуна, анын ичинде Кытайга жана Борбор Азияга кеңири сатуунун амалын издеп жатканын айтат:

"Орустардын 150 миллиард метр куб газы 2023-жылы сатылбай калышы ыктымал. Алар Борбор Азиядагы төрт мамлекетке ушул газын сатууну көздөп жатат. “Жол картасы” да ушул максатта түзүлдү. Буга чейин Өзбекстан Кытайга газ экспорттоо боюнча макулдашууга кол койгон. Ал келишимдин мөөнөтү 2025-жылы аяктайт. Орусия Өзбекстандын Кытайга кеткен түтүгүнө ээлик кылгысы келет".

Өзбекстанда жергиликтүү элдин көбү газ баллондорун колдонушат.
Өзбекстанда жергиликтүү элдин көбү газ баллондорун колдонушат.

Буга чейин Өзбекстандын өкмөтү 2025-жылы газ экспортун токтотуу планын жарыялаган. Кытай тарап жылдан жылга өзбек газын сатып алууну кыскартууда.

Ташкент 2019-жылы жаратылыш газын Орусияга эң арзан баада – 1000 куб метрин 145 АКШ долларынан сатты. Кытай 182 доллар төлөгөн. Кошуна өлкөнүн газ экспортунан түшкөн жылдык кирешеси 2,2 миллиард АКШ долларын түзгөнүн жергиликтүү басылмалар жазышкан.

BBC жазганына караганда, Өзбекстандагы жаратылыш газынын жалпы запасы 5 триллион, ал эми аныкталган запасы 1,1 триллион куб метрди түзөт.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү Эркин Назаров 2022-жылдын декабрында өлкөдөгү газдын запасы 40 жылга жетерин билдирген.

Газ түтүктөрү. Иллюстрация.
Газ түтүктөрү. Иллюстрация.

Украинага басып киргени дүйнөдөн обочолонуп калган Орусия былтыр ноябрда Казакстан жана Өзбекстан менен “газ биримдигин” түзүүнү демилгелеген. Бул өзбек коомчулугунда “Орусия Өзбекстандагы газ системасын толук көзөмөлгө алуу менен Ташкентке саясий кысым көрсөтүүгө аракет кылууда” деген жоромолдорду жараткан. Ал кезде министр Мирзамахмудов Өзбекстан Орусия менен газ жеткирүү боюнча коммерциялык келишимдерге кол коюуга даяр экенин, бирок Москва сунуштаган бирикмеге кирбей турганын билдирген.

Өзбекстанга келген чет элдик инвестициянын басымдуу бөлүгү өлкөнүн жаратылыш газы жана мунай иштетүү тармагына салынган. Бирок миллиарддаган долларлык инвестицияга карабастан, эксперттер өлкөнүн энергетика тармагы дагы эле начар абалда экенин айтышат. "Газпром" менен түзүлгөн "жол картасы" да Өзбекстанда газ жана электр энергиясы улам өчүрүлүп, энергетикалык каатчылык күчөгөн учурга туш келди.

2014-жылы "Кыргызгаз" ишканасы Орусиянын "Газпромуна" сатылган. "Газпром" Өзбекстандан көгүлтүр отунду сатып алып, Кыргызстандын түштүк аймагын газ менен үзгүлтүксүз камсыздоо милдетин алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG