Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:00

Мирзиёевдун Бишкекке сапары: Чек ара, темир жол жана ГЭС


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын жетекчилиги Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январь күндөрү Бишкекке мамлекеттик сапар менен келерин ырастады. Мирзиёев былтыр декабрда келери айтылып, визит ар кандай себептерден улам жылып кеткен. Ошол тушта Кыргызстан менен Өзбекстандын жетекчилери өз-өзүнчө чек ара тууралуу келишимдерге кол коюшкан.

Сапардын жүрүшүндө Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана "Камбар-Ата-1" ГЭСнин курулушу сыяктуу маселелер каралары айтылды.

Улам жылган иш сапар

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин сапары тууралуу жаңы маалыматты Кыргызстандын президенттик администрациясы кабарлады. Президенттин сайтына жазылган маалыматта администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев буларды билдирди.

Муратбек Азымбакиев
Муратбек Азымбакиев

“Сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалууда. Өлкө лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат. Мындан тышкары бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда. Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөт”, – деп келтирилет анда Муратбек Азымбакиевдин сөзү.

Мурдараак Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев узаган жылдын жыйынтыктарын чыгарган басма сөз жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, коңшу өлкөнүн лидеринин сапары жакын арада болорун айткан.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев президент Мирзиёевдин сапарын утурлай, 25-январда Бишкекте кыргыз-өзбек ишкер кеңешинин жыйыны өтөрүн билдирген.

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга сапары тууралуу сөз былтыр күз айларында эле чыккан. Ал чек аранын такталбаган тилкелерин толук тактап, анан ал боюнча келишимдерди бекитип, жарыялоо үчүн келери маалымдалган. Бирок бул боюнча документти кыргыз парламентинде кабыл алууда алгач комитетте каршылык болуп, визит аз-маз артка жылган.


Натыйжада Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкекке иш сапар менен келип, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен “Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө” келишимге жана “Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө” макулдашууга кол койгон.

Эки өлкөнүн парламенттери бул документтерди ноябрь ичи ратификациялап, президенттер Шавкат Мирзиёев менен Садыр Жапаров да кол койду. Натыйжада Мирзиёев Евразия Экономикалык Биримдигинин жетекчилеринин жыйынына тушташ Бишкекке 9-10-декабрда келмей болгон. Бирок бул сапардын да мөөнөтү жылып кеткен.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги коңшу мамлекеттин башчысы 2022-жылдын аягына чейин келерин билдирген. Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө сапарды жаңы жылга чейин уюштуруу планы болгонун, бирок Өзбекстандагы климаттык кырдаалга байланыштуу кийинкиге калтырылганын кошумчалады.

Өзбекстандык талдоочу Рафаэль Сатторов "Азаттыкка" берген комментарийинде Мирзиёев өлкө ичинде да, сыртында да анын аты аралашкан нааразылыктардан чочулай турганын белгилеген. Ал Кыргызстанда чек ара келишимине байланыштуу нааразылык болгону үчүн убактылуу тизгин тартып турду деп эсептейт.

Рафаэль Сатторов
Рафаэль Сатторов

“Чек ара келишими Кыргызстанда кызуу талкуу жаратып жатканын Ташкент көрүп турду. Ошондуктан, президенттин сапары ийгиликтүү болоруна күмөн жаралды. Буга чейин президент Жапаров да, Өзбекстандын мамлекет башчысы да чек ара маселеси дээрлик 100 пайызга чечилгенин ишеничтүү айтып келишкен. Алар келишимге кол коюу жараяны чоң салтанат менен өтөт деп ойлошкон. Бирок Кыргызстанда Кемпир-Абад окуясы өнүгүп, талаш-тартыш жаратып жаткандыктан Ташкент бул маселенин жайгарылышын күттү жана президенттин мамлекеттик сапарын уюштурууну артка жылдыра берди”.

Чек ара, темир жол жана ГЭС

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан бери 13% жакыны такталганы 2021-жылдын февралында расмий айтылган.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы март айында Ташкентке алгачкы мамлекеттик сапар менен барганда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган 22 документке кол коюлган. Президенттер ортодогу мамлекеттик чек ара маселесин эң кеч дегенде үч айда чечишерин айтышкан. Бирок реалдуулукта тактоо иштери дээрлик эки жылга созулду.

Иш жүзүндө чек ара боюнча келишимге кол коюлду, ратификацияланды. Бирок баары бир Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келсе, кол коюла турган келишим-макулдашуулардын сап башында чек арага байланыштуу документ болот. Ал символикалуу түрдө аталып, жарыяланат деп күтүлүүдө.

24-январда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр-жай жана соода министри Лазиз Кудратовду кабыл алган маалда Мирзиёевдин сапарынын алкагында 18 жана “Кыргызстан - Өзбекстан” бизнес-форумунун алкагында 10 документке кол коюлары маалымдалды.

Алдыдагы жолугушууда тараптар мындан башка соода-логистикалык транспорт түйүндөрүн түзүү, суу-энергетикалык долбоорлорду баштоо боюнча жалпы чөлкөмдүк маселелерге басым жасоону ниеттенип жатышат.

Алардын катарында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушун баштоо маселеси бар. Бул жолдун долбоору боюнча кызматташууга былтыр 14-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында кол коюлган.

Декабрда президент Садыр Жапаров менен жолуккан маалда Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Ху Чунхуа темир жолго байланыштуу талаа иштери аяктаганын, техникалык-экономикалык негиздеме даяр болгон маалда Кыргызстан менен Өзбекстанга берилерин тактаган. Ушул күндөрү Бишкекте долбоорунун курулушун тескей турган кеңсе ачылганы белгилүү болду, бирок курулуш качан башталары так эмес.

Мурдараак Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстан аркылуу тышкы дүйнөгө чыкчу үч транзиттик каттам макулдашылганын, анын үчөө тең географиялык туюкта турган Кыргызстан үчүн деңиз жолдоруна чыгууга мүмкүнчүлүк бере турганын белгилеген.

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

“Биз Кыргызстандын товар жүгүртүүсүн, экспорттун көлөмүн туруктуу өстүрүү максатында үч жаңы альтернативдүү каттамды иштей баштадык. Биринчиси - Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан. Андан ары Каспий деңизи аркылуу Азербайжанга жана Орусияга чыксак болот. Мисалы, азыркы каттам аркылуу Орусияга жүктөрдү жана товарларды ташууга караганда, бул каттам аркылуу убакыттан утабыз жана абдан арзан түшөт. Анткени Түркмөнстанда Казакстанга караганда дизелдин баасы арзан. Экинчи каттам – Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран. Аны менен Бендер-Аббас портуна чыгуу каттамы. Үчүнчүсү - Кыргызстан-Өзбекстан-Ооганстан-Пакистан аркылуу Карачи портуна барып, андан ары Индияга чыгуу”, – деген ал.

Мамлекет башчылардын жолугушуусунда каралчу дагы бир маселе – “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу деп күтүлүүдө. Январдын башында Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев, Казакстандын энергетика министри Болат Акчулаков, Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов аталган гидроэлектростанцияны куруунун “жол картасы” боюнча макулдашууга кол коюшкан.

Ага ылайык, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Биргелешкен ишкана “Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин ГЭСти башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33 пайыздан бөлүнөт.

Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов жол карта жана анын алкагында аткарыла турчу иштер боюнча мурдараак “Азаттыкка” мындай маалымат берген.

Мирлан Жакыпов
Мирлан Жакыпов

“Жол картада кандай иштей турганыбыз жазылган. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу, тендерлер кандай өткөрүлөт, алардын шарттарын, убактысын аныктоо боюнча кол коюлду. Техникалык-экономикалык негиздемеси 2024-жылы бүтсө акырындан сала баштайбыз. Андан тышкары жол картага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ээлик кылган биргелешкен ишкана түзүлөт деп киргиздик. Ал ишкана Кыргызстанда катталат жана баары тең биздин колдо болот”.

Лидерлердин жолугушуусунда ошондой эле өнөр жай, айыл чарбасы, электротехника, транспорт жана башка тармактар боюнча келишимдерге кол коюлушу ыктымал. Анын ичинде мурда жабылып калган чек ара өткөрмөлөрүн ачуу, каттоону дагы да жеңилдетүү сыяктуу маселелер каралышы мүмкүн.

Буга чейин Жогорку Кеңеште чек ара келишими бекитилип жатканда президент Садыр Жапаров дагы ээн-эркин соода жүгүртүп, карым-катнашты чыңдоодо чек ара өткөрмөлөрүн ачуу маанилүү экенине басым жасаган. Президент жакында мурда жабылып калган бардык чек ара бекеттери толугу менен ачыларын билдирген.

Кемпир-Абад, Унгар-Тоо жана Орто-Токой

Кантсе да, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселеси боюнча документтердин өзү маанилүү. Президенттер алдыңкы жолугушууда жаңы келишим тууралуу расмий жарыялашары турган иш. Бирок андан кийин эл ичинде бул жөнүндө талаш токтойбу-токтобойбу белгисиз. Себеби, коомчулуктун бир бөлүгү андагы айрым пункттар боюнча толук ынанбаган бойдон калды.

2022-жылдын ноябрында эки өлкөнүн министрлери кол койгон эки тараптуу макулдашууга ылайык, Ош облусундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын акваториясынын 4485 гектар жери жана буга кошумча суу тосмосун коргоо үчүн 19,5 гектар жер тилкеси Өзбекстанга өткөрүлдү.

Бул үчүн мурда берилбей калган 1019 гектар жайыт жер, анан дагы суу сактагычтын сол жээги аркылуу курулбай калган суу каналы үчүн кенемте катары жалпы аянты 12 849 гектар Гавасай тилкеси Кыргызстандын карамагына өткөрүлүп берилди. Кыргыз тарап мурда алынган кенемтеге берилген жер тилкесин кошкондо 19 миң гектардан ашуун жер алынганын маалымдаган. Кыргыз тарап Гавасай суусунун агымына тоскоолдук келтирген гидротехникалык курулмаларды же башка курулуштарды курбоого, суунун булганышына жол бербөөгө милдеттенет.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков чек ара боюнча макулдашуу каралып жатканда анын шарттарындагы айрым жагдайлар боюнча мындайча түшүндүрмө сураган.

Нуржигит Кадырбеков
Нуржигит Кадырбеков

“Бул келишимдин 7-беренесинде "Кыргыз Республикасы Гавасай суусунун агымына тоскоолдук жасай турган гидротехникалык курулмаларды же башка курулуштарды курбоого, суунун булганышына жол бербөөгө милдеттеме алат" деп көрсөтүлгөнү эмнени түшүндүрөт? Өзүбүздүн аймак аркылуу агып жаткан дарыянын нугун өз алдыбызча буруп, анын айланасына курулмаларды куруп, колдоно албайбызбы? Биз эмне үчүн мындай шартка макул болуп, барып жатабыз? Анан дагы биз Кемпир-Абад менен эле алек болуп калдык да. Бирок мага кечээ жакында Аксыдан бир жаран келиптир. Активист экен. Анын айтымында, мына ошол Унгар-Тоонун түбүндө 130 гектар аянтты ээлеп турган мурда лагерь болгон чек ара бекети бар экен. Ал киши мына ошол жер тигил жакка өтүп кеткен жок бекен деп сурап жатат. Анан Нанайдагы Жаңы-Коргон деген турбаза дагы биздики, бирок Өзбекстанда калып кеткен дейт. Мына ушулар боюнча маалымат берип коюңузчу”.

Бул макулдашуудагы кыргыз-өзбек чек арасын тактоо учурундагы жер-суу ресурстары, жайыттар жана стратегиялык жайларды камтыган жети маанилүү тилкенин дагы бири Аксыдагы Унгар-Тоо аймагы. Мындан ары жаңыдан чийилген карта боюнча кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы бул тоонун чокусу менен эмес, Унгар-Тоонун этеги менен өтөт. Унгар-Тоонун 35 гектар жери кыргыз тараптын пайдасына чийилген. Өзбекстан Орто-Токой суу сактагычынын суусун пайдаланганы үчүн Кыргызстан бул жер аянтын жана башка талаштуу тилкелерди алды. Ошол эле кезде өзбек тарап Унгар-Тоонун чокусуна орнотулган өзүнүн радио-телемунарасына тоскоолдуксуз чыгуу укугун сактап калды.

Чек араларды тактоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жетекчиси, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Гавасай жана Унгар-Тоо боюнча парламентте депутаттын суроосуна мындайча жооп кайтарган:

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

“Сиз өзүңүз барып көрдүңүзбү? Гавасай каякта экен? Барып көрүш керек болчу. Ары-бери жумуш менен чуркап, мына менин убактым жок десем болот. Сиздин убактыңыз кенен. Эч бир жагына барган эмессиз, көргөн эмессиз, анан "тигил айтты, бул айтты" деп эле туура эмес маалыматтарды тарката бересиздерби. Ошондуктан барып көрүш керек эле. Өзбекстандан алынган Унгар-Тоодогу чек ара Аксы жактан эмес, ал тоонун чокусунан өтүп турган. Анда биздин дагы, тигил жактын дагы теле-радио сигналдарын таратуучу станциялары орнотулган. Ал жакка өзбектер дагы Аксы аркылуу өтө албагандыктан, тик учак менен иштегени учуп келип, конуп турушкан. Анан ал жактан кошумча жер кетиптир деп. Эч кандай кошумча жерди эч ким бербейт. Биз 1965-жылдагы келишим боюнча алынбай калган кенемте жерди өндүрүп алып жатабыз”.

Кемпир-Абадды Өзбекстандын толук ээлигине өткөрүп, Орто-Токой суу сактагычын пайдаланууга берүү, Чечмедеги булактын, Көк-Таш суусунун нугун бирге башкаруу шарттарын айрым депутаттар теңсиздик катары кабыл алган болчу.

Жапырт камоого туш келген иш сапар

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын тактап, макулдашууда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшү кыргыз коомунун айрым бөлүгүндө нааразычылык жаратты. Анын айынан жапырт башаламандык уюштурууга даярдык деген шек менен бир катар оппозициялык саясатчылар, журналистер, жарандык активисттер жана коомдук ишмерлер камакка алынган.

Алар ушул күнгө чейин абакта жатат. Иш жүзүндө мамлекеттик иш сапар да ошонун фонунда өтө турган болуп калды.

Эл аралык эксперт Темур Умаров Мирзиёев президент болуп шайланган соң Бишкекке жасаган алгачкы сапары чоң шаан-шөкөт менен өткөнүн, өзбек лидери бул жолкусу да ошондой болот деп күткөнүн белгилейт. Коңшу өлкөнүн башчысы Бишкекке 2017-жылы биринчи мамлекеттик сапар менен келип кеткен.

Темур Умаров
Темур Умаров

"Сыягы, өзбек тарап Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармоолордун фонундагы нааразылыктар азайганы тууралуу Бишкектен белги күттү. Өзбекстандын президентин Бишкекте активисттер протесттер менен тосуп албасын деген санааркоо да болду деп ойлойм", – деди талдоочу Темур Умаров.

“Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмесинин мүчөлөрү камакка алынган учурда аны айрым саясий талдоочулар так ушул өзбек президентинин Бишкекке сапары менен байланыштырып чыгышкан. Башкача айтканда, бийлик Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгондорду камап, бул визитти "татыктуу" өткөрүп алууну көздөгөн деп эсептейт.

Саясий талдоочу Аида Алымбаевакепке кошулду:

Аида Алымбаева.
Аида Алымбаева.

"Башында Мирзиёевди тынч тосуп, тынч узатып алуу үчүн нааразылыкка чыккандарды камап салды деп айтып жатышкан. Бирок менимче аларды коңшу өлкөнүн лидери келип кеткенден кийин деле кармай берет окшойт. Болбосо эмне үчүн Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф берип коюшту. Себеби, бул бийлик оппозициядан аябай коркуп жатат. Бийлик аларды камакта кармоо менен башка жарандарга да эскертүү берип, "бийликке каршы чыккандардын баары ушинтип камаласыңар" деген ишарат келтирип жатат. Шавкат Мирзиёев келип кеткенден кийин камактагыларды чыгарып коюшсун, жетишер эми".

"Кабар" маалымат агенттиги менен болгон маегинде президент Садыр Жапаров бул иш боюнча камалгандарды “төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан.

Бирок камактагылар аларда эч кандай саясий башаламандык уюштуруу ниети болбогонун, кайсы бир саясий маселелерге позициясын билдирүү алардын жарандык укугу экенин билдирип жатышат.

Суу пайдалануу, газ жана соода

Өзбекстандык саясат талдоочу Фарход Толипов мамлекет аралык кээ бир курч маселелерди улуттук тар кызыкчылыктар менен чечүүгө мүмкүн эместигин, мындай ыкма тирешүүгө гана алып келип, эки тараптуу пайдалуу жыйынтык бербестигин белгиледи.

Фарход Толипов ошондуктан айрыкча жер-суу маселелерин чөлкөмдүк көз караштан карап, чечүү маанилүү экенин айтты:

Фарход Толипов
Фарход Толипов

“Негизинен, бардык Борбор Азия өлкөлөрү ансыз деле азыр интеграцияга умтулууда. Бул маселе дайыма алардын күн тартибинде турат. Чөлкөмдүк кызматташтык жана интеграция дайыма маанилүү. Ошондуктан буга окшогон маселелерге тар улуттук кызыкчылыктан карабай, чөлкөмдүк кызыкчылыкты эске алуу менен чечүү керек. Биз азыр ээ болгон тиешелүү ресурстарды жана чек ара аймактарын кандайдыр бир улуттун менчиги катары карабай, ага жалпы байлык катары карашыбыз абзел. Ага мына ушундай мамиле кылып, эки же көп тараптуу инновациялык чечимдерди гана издөө керек”.

Анткени буга чейин Кыргызстандын парламентинде айрым депутаттар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын тактоодо суу сактагычтардын мисалында, Өзбекстан пайдаланып, бирок кыргыз тарап чогултуп берген бардык суу ресурстарын жалпы жаратылыш байлыгы сыяктуу эле баалап, мамлекет аралык сүйлөшүүлөрдө ошондой мамиле керек деген маселе көтөрүлгөн.

Буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстандын жетекчилери мамлекеттик чек ара такталмайынча өз ара кызматташтыкты күчөтүүгө мүмкүн эместигин, ортодогу жер жана суу жана жайыт талаш сыяктуу көптөгөн көйгөйлөрү ынак кошуначылыкка бүлүк салып, чыр-чатактарга себеп болорун айтып келишкен.

Чөлкөмдөгү геосаясий маселелерди талдоочу Мирбек Маматкасым чек аранын чечилиши ынак кошуналыкты камсыздап, карым-катышты жана өз ара пайдалуу алаканы күчөтөт деген ойдо.

Мирбек Маматкасым
Мирбек Маматкасым

“Кандай болгондо дагы чек ара маселесинин чечилгени жакшы болду. Биз кошуна болгон соң, бири-бирибизге көз карандыбыз. Бири-бирибизсиз жашай албайбыз. Мисалы, алар сууга муктаж. Биз аны бербей коё албайбыз. Суу ансыз деле ылдый карап агат. Ал эми биз Өзбекстандан мүмкүн болушунча, арзан баада жана үзгүлтүксүз газ алууну макулдашып алсак болот. Буга кошумча Түркмөнстандын газын Өзбекстан аркылуу алууну да сүйлөшсөк болот. Келишимдер бузулбай тургандай шарттарды бекитүүгө тоскоолдук жок. Биздин өлкөдөн деле Өзбекстанга керектүү көптөгөн товарлар чыгат. Айрыкча бизден аларга товарлардын реэкспорту да бар. Аларда өндүрүлгөн товарларды биз сатып алабыз. Башкысы, тоскоолдуксуз соода алакасын камсыздап алсак, анан калганын ишкерлер өздөрү эле алып кетмек. Болочокто биздин өлкөлөрдүн ортосунда бажы жана чек ара көзөмөлү жеңилдеп, ал шарттуу түрдө гана калышы мүмкүн. Кыргызстан менен Өзбекстан бара-бара Еврошаркеттей биримдикке биригип, Германия жана Франциядай чек араларыбыз ачык болуп, паспорт көргөзбөй ары-бери каттоого жетишсек, жүк ташыган машинелер кеңири кирип-чыга тургандай абал түзүлсө, эки тарапка тең жеңил болот. Биз мына ушул багытта кыймылдай беришибиз керек. Мүмкүн, убакыт керек. Бирок өз ара түшүнүү болсо, бардыгына жетишсек болот”.


Улуттук статистика комитетинин баштапкы маалыматтарына ылайык, 2022-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 543 миллион долларга жетти. Бул мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 100 миллион долларга көп. Ар кайсы форматтагы кездешүүлөрдө эки тараптын расмийлери товар айлантууну алгач 1 млрд. долларга жеткирүүнү, кийинчерээк 2 млрд. долларга чыгарууну сүйлөшкөн.

Мурдараак өткөн жолугушууларда эки өлкө ортосундагы инвестициялык өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн Бишкекте 50 млн. долларлык уставдык капиталы менен Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду ачылып, иштей баштады. Кыргызстан эң көп өлчөмдө Өзбекстанга көмүр, цемент, жасалгалоочу жана курулуш материалдарын сатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG