Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Февраль, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:09

2022-жыл: чек ара, жапырт камоолор, парламентке басым


2022-жылы болгон маанилүү окуяларга байланышы бар сүрөттөрдөн жасалган коллаж.

Кыргызстандын тарыхындагы эң чоң массалык камоолордун бири катары сыпатталып жаткан Кемпир-Абад иши боюнча жапырт кармалган 24 кишинин бөгөт чарасы узартылып, абакта калтырылды.

Алар бийликтин куугунтугуна, жабык жайда басымга кабылганын айтып жатышат. Ички иштер министрлиги (ИИМ), президент шектүүлөр Кемпир-Абадды шылтоо кылып өлкөдө башаламандык уюштурууга аракет кылган деп кайталап келет.

2022-жыл Кыргызстанда оппозициялык саясатчылардын массалык камалышы, макамы талаш жараткан Элдик курултай, бийлик мамлекетке алган Кумтөр алтын кени сыяктуу окуялар менен эсте калды.

Жапырт камоолордун жылы

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жыл Кыргызстан коңшу Өзбекстан менен чек арасын толук тактаган жыл болуп тарыхка кирерин айтып, Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды эстеди. Бул тууралуу ал 28-декабрда өкмөттүн президент Садыр Жапаров төрагалык кылган жыйынында билдирди.

“Трагедия жаратканга аракет кылган үчүнчү тараптар болду. Суу сактагыч бийликке келүү аракетинде үчүнчү тарапка өлкөдөгү абалды козгоого, будуң-чаң кылууга табылбаган жүйө болду. Кемпир-Абад боюнча макулдашуу маселеси чынында драмалуу. Бирок биз бир гана максатты көздөдүк – бул Кыргызстандын келечеги. Тактикалык, стратегиялык, тарыхый жактан да эң туура чечим”.

Мунун алдында Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деп шек саналган 24 адамды кийинки жылдын 20-23-февралына чейин камакта калтырды. 23-28-октябрда кармалган оппозициялык саясатчы, журналист, активисттер ошондон бери Бишкектеги №1 тергөө абагында жатат. Ушул эле иш боюнча айып тагылган Нурлан Асанбеков менен Талантбек Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагында.

Абактагылардын 17си бийликтен саясий куугунтукту, сөз эркиндигине жана Жогорку Кеңешке басымды токтотууну талап кылып ачкачылык кармап, эки жумадан кийин гана токтотушту.

Шаардык сотто алардын бөгөт чарасы каралардын алдында Кемпир-Абад иши боюнча кармалган эркектердин баары шарты катаал камераларга которулганын айтып, муну бийликтин басымы деп баалашты. 26-декабрдагы соттук отурумда жарандык активист Атай Бейшенбек мындай деди.

“Куугунтуктун чегине жеткен түрүн көрүп жатабыз. Терезеси жабылбаган камерага түндө алып барып жаап жатышат. Эч айып таба алышпай, аягында ушинтип куугунтук кылып “оозуңду жабабыз” дегенге гана баратышат”.

Бир катар депутаттар, жарандык коом жана эл аралык уюмдар бийликти Кемпир-Абад маселеси менен камалгандарды бошотууга, басым-кысымды токтотууга чакырып келет.

Камактагы дагы бир оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков 26-декабрда соттук отурумда буларды айткан.

“Камактагылар менен бийликтин күчү бирдей эмес. Бийликтин колунда жүз курал болсо бизде бир эле курал бар – ал биздин сөзүбүз. Түрмөдө жана сырттагы оппозициянын мындан башка эч нерсеси жок. Ошондуктан 20га жакын адам Кыргызстанда демократия, сөз эркиндиги болсун, жакшы мамлекет куралы деп ачкачылык кармадык. Мамлекетте демократиянын негизги көрсөткүчү – бул сот бийлиги. Эгерде өлкөдө сот эгемен болсо президент, премьер-министр, оппозиция мыйзамсыз иш кылса, сот аны калыс карап чечип берет. Кыргызстандын тарыхында бир да бийлик, режим, бир да сот 70 жаштагы апаны, үч баласы бар энени камаган эмес. 70 жаштагы апанын "мамлекетте төңкөрүш кылам деген” деп айып менен камалып жатышы бийлик үчүн уят. Кимде-ким демократия, эркиндик үчүн күрөшө турган болсо ошол адам Кыргызстанды курат. Адилеттүү соту жок улут эч качан улут боло албайт”.

Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган бир нече маегинде камакта жаткан саясатчылар Кемпир-Абадды шылтоо кылып өлкөдө башаламандык уюштурууну көздөгөнүн кайталады.

Мамлекет башчы тергөөгө кийлигише албай турганын, алардын ишине сот гана чекит коёрун белгилеген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) болсо шектүүлөрдүн айыбын аныктаган далилдер бар экенин билдирип, аларды үй камагына чыгарууга каршы болуп келет.

“Кемпир-Абад боюнча эки жарым айдан бери уланып келаткан иштен жыйынтык чыкпай турганы, анын кылмыш иши катары келечеги жок экени көрүнүп калды. Бул бийликтин адилеттигине шек жаратып, ага болгон ишенимди жоготуп атат. Президент “мен соттун ишине кийлигише албайм” деп айтканы бар. Мындай сөздү убагында Алмазбек Атамбаев да, Сооронбай Жээнбеков да айткан. Тилекке каршы, биздин сот бийлигинин абалын, соттордун табиятын көрүп туруп бир да киши соттор президенттин жана анын командасынын көрсөтмөсү жок чечим чыгарып жатат дегенге ишенбейт. Саясий иштерде мындай күмөн саноо эки эсе көп болот. Анын үстүнө президенттин “алар өздөрү мындай ишке барбашы керек болчу. Чогулбашы керек эле” деп айтканы сот катары өзү эле чечим чыгарып койгонунан кабар берет”, - деди саясат талдоочу Эмилбек Жороев.

Кемпир-Абад иши Кыргызстанда сот системасын реформа кылуу маселесин да козгоду. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелери боюнча комитетинин жыйынына бул маселе боюнча Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго кайрылды.

“Мурда сиз адвокат болуп жүргөн абалдан кеминде беш эсе начар абал. 25тей активист жараныбыз тынч жыйынга чогулуп, жөн гана сүйлөшүп койгонунун айынан ушинтип темир тор артында отурат. Сиз өзүңүз реакция кылып карабасаңыз, коомчулукта бийликке да, сотко да нааразылык күндөн-күнгө күчөп жатат. Бийликке болгон нааразылыктын бирден-бир себеби – сотко болгон ишенбөестик. Айрым адвокаттар “Мен адвокат болгум келбей калды, туура нерсени көрүп, айтып турсак да соттор чечим кабыл алып коюуда” деп жатышат”.

Замирбек Базарбеков да саясатчылардын иши тергелип жатканын, алардын күнөөсү бар же жогун тергөө органдары, прокуратура аныкташы керектигин айтты.

Ошентип, Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөндөй жапырт камоонун жыйынтыгы менен Жогорку Кеңештин экс-вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Эрлан Бекчоро уулу, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов, мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов камакта жатат. Нурлан Асанбеков менен Талантбек Эшалиев үй камагында. Алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн.

“Кыргызстан кичинекей мамлекет. Баарыбыз бири-бирибизди аябай жакшы тааныйбыз. Кыргызстанда бир да бийлик таза өткөн шайлоо менен алмашкан эмес. Ошондуктан митинг болуп кетсе, бийлигимди алдырып коём деп коркот. Азыр да укук коргоо органдары саясатчыларды камап жатканы ушуга байланыштуу. Бирок бийлик бул жолдон кайтып тескерисинче элди консолидация кылса болмок. Элден эмне үчүн коркот? Коомчулукту коркутабыз, Түркмөнстан кылабыз деген болбойт. Бул эч кимдин колунан келбейт. Анан саясатчылар түрмөдө отурганда журналисттерди, “Азаттыкты” колдоп жакшы көрөт. Бирок түрмөдөн чыкса эле артка кетет. Бул акыйкаттын жоктугу”, - деди Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, саясатчы Өмүрбек Суваналиев.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын сууcун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн макулдашуусун көпчүлүк добуш менен колдогон.

Садыр Жапаров 29-декабрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи учурунда өлкөнүн жетишкендиктери тууралуу сөз кылып, кыргыз-өзбек чек арасын тактоо, Кемпир-Абад маселесине да токтолду.

“Соңку жылдары өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө бөтөнчө маани берилип, чек араларды тактоо маселеси күн тартибинде турган биринчи кезектеги маселеге айланганын жакшы билесиздер. Кудай буюрса, чек араларыбыз такталып бүтүп баратат. Бир гана Тажикстан менен чек араны тактоо маселелери калды, аны дагы жакынкы мезгилдерде аягына чыгабыз. Мына ушундай машакаттуу, тарых алдында жоопкерчиликтүү көйгөйлөрдүн чечилишинде ат көтөргүс эмгек кылган, бирок ысымы коомчулукка көп билине бербеген чыныгы адистер болот эмеспи. Назирбек Бөрүбаев агабыз да дал ушул чек ара маселелери боюнча Министрлер кабинетинин атайын өкүлү, 2000-жылдардан тарта Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араны делимитациялоо, демаркациялоо маселелерине үзбөй катышып келаткан дасыккан адис . Мындай атуулдарыбыздын эмгегин өз учурунда баалабай койсок болбойт деген ойдомун. Кечээ жакында кошуна Өзбекстан менен чек ара маселесине толук чекит койдук. Ошол маселеде Кемпир-Абад тилкесин шылтоо кылып, жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууга аракет кылган топтор пайда болду. Бирок алардын түпкү максаты ишке ашкан жок, себеби эл маселе кандай чечилгенин толук түшүнүп турду”.

Министрлер кабинетинин жыйыны. 28-декабрь, 2022-жыл.
Министрлер кабинетинин жыйыны. 28-декабрь, 2022-жыл.

Расмий Бишкек Өзбекстан менен чек аранын буга чейин такталбай келген 312 чакырымын макулдашып, аны эки тараптын парламенттери мыйзам менен бекитти. Келишимге президент Садыр Жапаров 29-ноябрда кол койсо, өзбек президенти Шавкат Мирзиёев кол койгону 30-ноябрда жарыяланган. Документтери кол коюу үчүн өзбек президенти Кыргызстанга келери айтылып анын сапары эки-үч курдай жылдырылды. Эми качан келери айтыла элек.

Бийлик Тажикстан менен да сүйлөшүүдө жылыш бар экенин билдирүүдө. Быйыл 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал эң масштабдуу болуп, ондогон адамдын өмүрүн алган. Эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган куралдуу кагылышта Кыргызстандын 63 жараны курман болуп, 206 киши ар кандай жараат алды.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза тапкан 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган.

Маркумдардын арасында эки тараптан тең балдар бар.

Жогорку Кеңешке басым күчөдү

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын иштеп жатканына туура бир жыл болду. 2021-жылы 29-декабрда ант берип, ишке киришкен депутаттар коомчулукта талаш жараткан, жарандык коомдун, оппозициянын сынына кабылган бир катар мыйзам долбоорлорун кабыл алды. Алардын көбү президент же Министрлер кабинети сунуштаган документтер.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышына “президенттин администрациясынын нотариалдык органы болуп калды” деген сын көп айтылган. Азыркы чакырылышка да ушундай эле сын доомат коюлууда. Президент жана Министрлер кабинети демилгечи болгон талаштуу мыйзам долбоорлорун парламент дароо үч окууда өткөргөн учурлар көп.

Жогорку Кеңеш июнь айында Кыргызстанда кайра казино ачууга уруксат берүү боюнча Министрлер кабинети сунуштаган документти дароо экинчи жана үчүнчү окууда колдоп берген. Май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ишин жөнгө салган беш мыйзам долбоорун кабыл алган. Ноябрь айында кыргыз-өзбек чек арасын тактоого байланыштуу мыйзам долбоорун да дароо үч окууда колдоду.

Парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров өткөн аптада Жогорку Кеңештин мамлекетти башкаруудагы ролун төмөндөтүп, депутаттардын макамын түшүрүү аракети болуп жатканын билдирген.

“Жогорку Кеңеш мыйзамдарды кабыл алуу пункту же нотариалдык конторага айландык. Баланча мыйзам ушул күнү, ушул саатта кабыл алынды мынчасында ишке кирсин дейбиз. Ошону менен бүттү. Коомдо болуп жаткан окуяларга биздин таасирибиз жокко эсе. Биздин канча кесиптешибиз жумушка келе албай титиреп кайсы жерде жүрөт. Эмне деген өлкө болдук? Түшүнүк, коркунуч менен жашап калдык. Ар бир добуш берүүдө жүрөгүбүз титирейт. Ушул да жашообу, ушул да өмүрбү?”.

Бул убакыт ичинде парламентте бир жолу төрага алмашып Садыр Жапаровдун саясаттагы үзөңгүлөшү Талант Мамытовдун ордуна Нурланбек Шакиев спикер болду. Депутаттар өздөрү парламенттин ичинде саясий абал чыңалганын бир нече жолу айтып чыгышты.

Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаев жыйында көтөргөн маселеси боюнча Башкы прокуратурада сурак берип чыкса, депутат Өмүрбек Бакиров менен атайын кызматтын кайым айтышуусу уланууда. Ал эми Кемпир-Абад макулдашуусуна каршы добуш берген дагы бир депутат Эмилбек Жамгырчиевдин дайын-дареги билинбей жатат. Анын эски иши кайра жандандырылып, УКМК ал чек арадан чыгып кеткенин билдирүүдө.

Жогорку Кенештин экс-депутаты Улукбек Кочкоров да парламент бийлик кабыл алган чечимдерди мыйзамдаштырып берген мекемеге гана айланып калганын айтып, анын себептерин мындайча чечмеледи.

“Парламентти парламент кыла тургандай депутаттар шайланып келбей жатат. Анткени бизде шайлоо мыйзамдары бийликке “макул, сиз айткандай болот” деген гана адамдардын келишине ылайыктап жазылган. Анысы аз келгенсип азыр “биз туура эмес багытта баратабыз окшойт” деп сүйлөп койгон эле депутат куугунтукталып жатат. Иш бөлмөлөрүн тартып алууда, мандатын алуу аракети жүрүп жатат. Кээ бир депутаттарды дипломун шылтоо кылып мандатын алып койду. Мындай кетиште мамлекетте иш болбойт. Качан гана кетирилген кемчиликти айтып, аны бийлик оңдогондо гана өсүш болот”.

Депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңеште Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча макулдашууга каршы добуш берген депутаттарга коркутуу, басым-кысым болуп жатканын айтып чыккан. Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев дооматтарды четке каккан. Кемпир-Абад маселесине байланыштуу Чыңгыз Айдарбеков менен Медер Алиев комитет төрагалыгынан кетүүгө мажбур болушту.

Элдик курултайдын талаштуу жыйыны

Быйыл Элдик курултай да эл эсинде калды. 25-26-ноябрь күндөрү өткөн курултайга миңден ашык делегат катышты. Анда көбүнесе аймактагы суу, мектеп, бала бакча сыяктуу социалдык маселелер көтөрүлдү. Арасында бийликти калыстыкка үндөп, абактагы саясатчыларды бошотууга чакыргандар да болду. Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев курултайдын жыйынтыгы тууралуу буларды айткан.

“Бул курултай эмне жыйынтык берди деген суроо болууда. Курултайдын аягында кайрылуу кабыл алынды. Ал бир барак кайрылуу болгон менен анда бийликке да, элге да айтыла турган сөздөр айтылды. Мамлекеттик саясаттын багыты, жасалып жаткан туура эмес иштер коомдогу көрүнүштөрдүн эле күзгүсү экени камтылды”.

Президенттин элдик курултай чакыруу тууралуу жарлыгы 16-августта жарыяланган. Конституцияда каралган бул иш-чаранын анда жазылгандай атайын мыйзам менен эмес, жарлык менен өткөрүлө турганы сын-дооматка жол ачкан.

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы ушундан улам президенттин быйыл 15-августтагы “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жана 28-сентябрдагы “Президенттин Элдик курултайды өткөрүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” деген эки жарлыгын конституциялык эмес деп табуу тууралуу Конституциялык сотко сунуштама берди.

Коомдук ишмер Феликс Кулов курултайдын айланасындагы талаш-тартыштар тууралуу пикири менен бөлүштү. Ал фракциянын бул арызы негизсиз экенин айтып, аны мындай түшүндүрдү.

“Бул жолку курултай конституциялык эмес жөнөкөй гана курултай болду. Эгерде конституциялык курултай болгондо президент маалымат берип, курултайдын катышуучулары айрым кадрлар боюнча сунуш бермек. Мындайча айтканда сыноо үчүн өткөрүлгөн жыйын десе да болот”.

Курултай идеясын колдогондор 2020-жылы Конституциянын долбоору даярдалып баштаганда Элдик курултай жыл сайын президенттен отчёт алышы керек деген демилгени көтөрүшкөн. Эгерде ал колдоо тапса, өлкө башчынын иши курултайдын жыйынында канааттандырылбаса, жумуштан кетмек. Бирок ал жумшартылып отуруп Элдик курултай кеңеш берүүчү институт болуп калды. Азырынча курултай жөнүндө мыйзам кабыл алына элек.

Кумтөрдүн айланасындагы окуялар

Быйыл бийлик Кумтөр алтын кенин толугу менен Кыргызстанга алып канадалык “Центерра Голд Компаниден” кол үздү. Муну Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президент төрагалык кылган өкмөттүн жыйынында өзүнчө белгиледи. Ал Кыргызстанда быйыл тоо-кен тармагынан 48 млрд. сом киреше түшөрү күтүлүп жатканын айтып, Кумтөр бийликтин саясий эркинин арты менен алынганын билдирди.

“2022-жылдын 10 айында биз Кумтөр кенинен салык, салыктык эмес жана бөлөк келишимдерде каралган төлөмдөрдөн 26,5 млрд. сом чогулттук. 2021-жылы 10 тоннадан ашык алтын алдык. Ал биздин өлкөдө. “Кумтөрдүн” командасы быйыл планды аткарып 17,2 тонна алтын өндүрүп ал да өзүбүздө калат деп турабыз. Тоодо бир грамм да алтын калтырбай казып алып, аны уурдатпоого, сактоого жана сарптоого өкмөттүн, укук коргоо органдарынын да күчү жетет”.

Кенди Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Быйыл юридикалык жактан толук Кыргызстанга өттү. “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалып, кийин “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси болгон. Башкы прокуратура аны 13-сентябрда “Кумтөр Голд Компанидеги” коррупцияга байланыштуу кармап, камакта жатат.

Бюджеттен дээрлик 3,5 млрд. сом бөлүнгөн “Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги бир жыл өтпөй жабылып калды. Кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кат-кат убада менен түзүлгөн холдингдин айланасындагы окуялар, Кумтөрдүн ишмердиги боюнча отчёттун жоктугу бир топ күмөн ойлорду жаратты. Буга байланыштуу Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлгөн.

Тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Дүйшөн Камчыбеков мындан ары кендин ишмердиги коомчулуктун көзөмөлүндө болушу керек деп эсептейт.

“Ар кандай маселелер болбошу үчүн конкурс менен директорлор кеңеши шайланышы керек. Ал коомчулук менен түздөн-түз байланышып ай сайын болбосо да квартал сайын элге отчёт берип турушу зарыл. Кумтөрдүн ишмердиги, экономикалык көрсөткүчтөр, экология боюнча тез-тез маалымат берилиши керек. Ушул иштер жасалса “Кумтөрдүн” келечеги болот. Себеби, кенде 2031-жылга чейин иштете турган жерлер бар. Колдон келсе ай сайын да сайтына маалымат берсе болот. Ошондо “алтын каякта, акча каякта?” деген суроо болбойт”.

Кумтөр алтын кени деңиз деңгээлинен төрт миң метр бийиктикте жайгашкан. Андан кен казган “Кумтөр Голд Компаниде” төрт миңден ашуун кызматкер иштейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG