Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Салливан: Евробиримдиктен Кыргызстанга жана Орусияга өнөктөш өлкөлөргө экспорт 300% өстү


Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан (ортодо) маалымат жыйынында. Бишкек. 28-март, 2023-жыл.
Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан (ортодо) маалымат жыйынында. Бишкек. 28-март, 2023-жыл.

Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан биримдиктеги өлкөлөрдөн Борбор Азиядагы Орусияга өнөктөш өлкөлөргө товарларды сатуу 300 пайызга чейин өскөнүн белгилеп, бул товарлардын акыркы жеткен жери кызыктырып жатканын айтты. Ал бул тууралуу 28-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Салливан Орусияга каршы санкцияларды колдобогон өлкөлөр санкцияларды кыйгап өтүүдө курал болбошу керектигин эскертти. Анын сөзүнө караганда, Украинадагы согушка байланыштуу ЕБ Орусияга каршы санкциялардын 10 пакетин бекиткен.

“Биздин милдет - санкциялардын натыйжалуу ишке ашырылышын камсыз кылуу. Соода агымын талдап чыккандан кийин биз олуттуу өсүштү белгилейбиз, мурда мындай болгон эмес. Кыргызстан да ошондой мамлекеттердин бири. Бирок Кыргызстан мындай жалгыз өлкө эмес экенин белгилейм. Мен Бириккен Араб Эмираттарында, Түркияда болдум. Казакстан, Өзбекстан, Грузия жана Арменияга да баруу ниетим бар”.

Евробиримдиктин атайын өкүлү ташылып жаткан товарлардын ичинде согушта колдонулушу ыктымал товарларга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, тетиктери орусиялык курал-жарактардан табылган 770 товар аныкталган. Бул товарлар Орусиянын Украинадагы согушун улантуусуна мүмкүнчүлүк берет деп белгиледи Евробиримдик өкүлү.

Ал экспорттолгон товарды иликтөө жана алардын Орусияга сатылуусуна жол бербөө үчүн Кыргызстандын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө кызыкдар экенин айтты.

Дэвид О’Салливан 2022-жылдын декабрь айында Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалып, 2023-жылдын янврында расмий кызматка киришкен.

Евробиримдик Орусияга Батыш киргизген санкцияларды кыйгап өтүүсүнө көмөктөшкөнү үчүн Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүнө чектөө киргизиши ыктымалдыгын батыш маалымат каражаттары жазышкан. Анда ушул тапта Евробиримдикке мүчө өлкөлөр Орусияга Батыштын санкциясын кыйгап кетүүгө көмөктөшүп жаткан өлкөлөргө соода санкциясын киргизүү планын талкуулап жатышканы кабарланган.

Былтыр Орусия Украинага кол салгандан кийин, АКШнын Финансы министрлиги санкция салынган товарлар Орусия жана Беларустун рыногуна өтүп кетүү тобокелдиги бар деген өлкөлөрдүн тизмесин аныктаган. Мындай өлкөлөрдүн катарына Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен бирге Кыргызстан да киргизилген. Документте санкция салынган товарлар бул өлкөлөргө сырьё катары мыйзамдуу жеткирилиши мүмкүн экени, бирок андан ары Орусия менен Беларуска экспортторулушуна тыюу салынары белгиленген. (BTo/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG