Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:17

Сиань-Бишкек багытындагы алгачкы учак "Манас" аэропортуна конду


Сиань-Бишкек-Сиань каттамындагы учак. Бишкек, "Манас". 27-март, 2023-жыл.
Сиань-Бишкек-Сиань каттамындагы учак. Бишкек, "Манас". 27-март, 2023-жыл.

27-март күнү Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортуна Кытайдын Сиань шаарынан учуп келген жүргүнчү учагы конду. Каттамды Кытайдын Loong Air авиакомпаниясы аптасына эки жолу - дүйшөмбү жана жума күндөрү ишке ашырат.

"Манас" эл аралык аба майданынын басма сөз кызматы маалымдагандай, Сиань-Бишкек багытындагы учуу убактысы болжолу 4 саат 30 мүнөт.

Кыргызстандан Кытайга жүргүнчү ташуучу түз авиакаттам катары Бишкек – Үрүмчү – Бишкек багыты гана ишке ашып келген. Каттам 2021-жылы убактылуу токтоп, 2022-жылы кайрадан жанданган.

Мындан сырткары, Бишкектен Шанхайга жана Гонконгго жүк ташуучу авиакаттамдар бар. Башка багыттарга жүргүнчү жана жүк ташуучу каттамдар башка шаарлар аркылуу аткарылат.

12-мартта Кыргызстандын Кытай Эл Республикасындагы (КЭР) элчиси Актилек Мусаева Бээжин шаарында Кытайдын Жарандык авиация администрациясынын Эл аралык департаментинин директору Чэн Вэй менен жолугуп, кыргыз-кытай авиация тармагындагы эки тараптуу кызматташтыгы талкууланган. Анын ичинде Бишкек – Бээжин, Бээжин – Бишкек түз авиакаттамын ачуу жана кошумча аба коридорлорун уюштуруу тууралуу сөз болгон. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG