Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:30

Талибдер Хорогго кандай жол менен барды?


Тажикстан, Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаары. Июль, 2022-жыл.
Тажикстан, Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаары. Июль, 2022-жыл.

Дем алышта Ооганстандагы "Талибан" өкмөтүнүн делегациясы Тажикстандагы Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарына барганы кабарланды. Алар бул шаардагы консулдуктун имаратын оңдоп-түзөө иши менен таанышканын айтышууда.

"Талибан" өкмөтүнүн Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Хорог шаарындагы ооган консулдугуна талиб делегациясы барганын 25-мартта жарыялады. Маалыматка ылайык, делегацияны талиб Тышкы иштер министрлигинин административдик-финансы департаментинин башчысы Мохаммад-Муса Амири жетектеп барган. Бирок делегация Тажикстандын автоном аймагына кандай жол менен барганы айтылган эмес.

"Делегация консулдуктун иши жана ал жердеги оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. Консулдуктун имаратын оңдоо зарылдыгы Хорогдогу кар көчкүдөн кийин пайда болгон", - деп жазылган талибдердин маалыматында.

15-февралда Хорогдо кар көчкү жүрүп, 39 үйдү, Ооганстандын консулдугун жана аймактын бир нече тургундарын басып калган. Кар көчкүдөн каза болгондордун арасында мургабдык кыргыздар да бар экени белгилүү болгон.

Тажикстандын бийлиги азырынча "Талибандын" соңку билдирүүсү тууралуу комментарий бере элек.

"Xорогдогу башкы консулдук ырааттуу ишин улантып жатат"

Кыргызстанда тыюу салынган "Талибан" кыймылды Кабулдагы бийликти 2021-жылдын август айында басып алып, "Ооганстан Ислам Эмираты" негизделгенин жарыялашкан. Талибдердин бийлигин дүйнөдөгү бир да мамлекет тааный элек.

Расмий Дүйшөмбү менен "Талибан" өкмөтүнүн ортосунда да дипломатиялык алака-катыш жок. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон баштаган бир катар тажик саясатчылары талибдерди утур-утур сындап келет. Алар талиб өкмөтүндө инклюзивдүүлүк камсыз кылынбаганын, Ооганстандагы этникалык тажиктер сыяктуу улуттук азчылыктар өлкөнү башкарууга аралашпай калганын белгилеп, “Талибан” кыймылы менен тирешкен Ооганстандын Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун лидери Ахмад Масудга колдоо көрсөтүшкөн.

Кабулда Ашраф Гани башында турган бийлик кулагандан кийин Ооганстандын Тажикстандагы элчиси Мохаммад Захир Агбар талибдердин өкмөтүн таануудан баш тартып, элчиликтин ишин уланта берерин жарыялаган.

Ишемби күнү Захир Агбар талибдердин Хорогдогу ыктымал сапарына байланыштуу Твиттерге билдирүү жарыялады:

"Ооганстандын Тажикстандагы элчилиги дипломатиялык ишин туруктуу улантууда. Хорогдогу башкы консулдук ырааттуу ишин улантып жатат, эч кандай расмий өзгөрүүлөр болгон жок. Тажикстандын талибдерге карата позициясы белгилүү", - деп жазды Захир Агбар.

Тажик бийлиги менен талибдердин ортосундагы пикир келишпестик бар экенин эске алганда, "Талибан" делегациясынын Хорогго келгени тууралуу кабар жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарынын көңүлүн бурду. Азырынча расмий Дүйшөмбү бул сапардан канчалык кабардар болгону, тажик расмий өкүлдөрү талибдер менен жолугуп-жолукпаганы белгисиз.

15-февралда Хорогдо кар көчкү жүрүп, 39 үйдү, Ооганстандын консулдугун жана аймактын бир нече тургундарын басып калган.

Губернатордун өлүмүнө шектүү тажикстандыктар кармалды

Ал арада 27-мартта "Талибан" кыймылынын башкы чалгындоо бөлүмү Ооганстандын Балх провинциясынын талибдер дайындаган губернатору Мохаммад Дауд Музамилдин өлүмүнө Тажикстандын жарандарынын тиешеси бар экенин Твиттерге жазды.

Мохаммад Дауд Музамил.
Мохаммад Дауд Музамил.

Жергиликтүү медианын маалыматына ылайык, Мохаммад Давуд Музамил 9-мартта өз кеңсесинин алдындагы жардырууда мерт болгон. Бул кол салууда дагы эки киши набыт болуп, дагы 30дан ашууну киши жараат алган.

Орусиянын ТАСС мамлекеттик жаңылыктар агенттиги талибдердин атайын кызматтарына шилтеме кылып жазгандай, Музамилдин өлүмүн улай Фарьяб провинциясында атайын операция жүргүзүлгөн.

“Анын жыйынтыгында Балх провинциясынын губернаторуна кол салууга катышкан топтун бардык мүчөлөрү кармалды. Тажикстандын жарандары бул кол салууну ишке ашыруу үчүн атайын Ооганстанга жөнөтүлгөн", - деп айтылат ТАСС агенттигинин маалыматында.

Билдирүүдө ошондой эле “Ислам мамлекети-Хорасан” террордук тобунүн үч маанилүү мүчөсү жок кылынганы айтылат.

Талибдердин мындай билдирүүсүн көз карандысыз булактар аркылуу бышыктоо мүмкүн болгон жок. Расмий Дүйшөмбү да Ооганстанда тажик жарандары камакка алынганы тууралуу маалыматты тастыктай элек. Бирок буга чейин тажик бийлиги Ооганстанда “Ислам мамлекети” тобуна мүчө деген шек менен кармалган тажик жарандары тууралуу билдирүүлөрдү бир нече жолу ырастаган. Алардын көбү Тажикстандын өзүндө оор кылмыштарга айыпталып, издөөдө жүргөндөр болчу.

"Талибан" кыймылы да, "Ислам мамлекети" террордук тобу да Кыргызстанда экстремисттик деп табылып, сот алардын ишмердигине тыюу салган.

Расмий маалыматтарга ылайык, Тажикстанда 10 миңге жакын ооган жараны убактылуу баш калкалайт. Көпчүлүк ооган качкындары “Талибан” кыймылынын куугунтугунан коркуп, Тажикстанга кире качкан.

Оогандыктардын көбү Тажикстанды транзит өлкө катары пайдаланып, андан ары Батыш мамлекеттерине чыгып кетүүнү каалашат. Былтыр Тажикстанга келген төрт миңдей ооганстандык качкын үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүлгөн.

Ооганстанда тажиктер пуштундардан кийинки ири этностук топтордун башкы саптарында турат.

"Талибан" күчтөрү. Иллюстрация.
"Талибан" күчтөрү. Иллюстрация.

Тажикстан менен Ооганстандагы “Талибан” өкмөтү карама-каршылыкка карабастан жыл башында Дүйшөмбү талибдердин өкүлдөрү менен электр энергиясын сатуу боюнча келишимге кол койгон. "Талибан" өкмөтүнүн Энергетика жана суу ресурстары министрлиги билдиргендей, келишим 2023-жылдын аягына чейин күчүндө болот.

Тажикстан быйыл канча көлөмдө электр кубатын экспорттой турганы белгисиз. Өткөн жылы Тажикстандан Ооганстанга электр энергиясын жеткирүү эки эсеге көбөйгөнү расмий кабарланган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG