Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:24

Кыргызстанда бир жумада 36 кишиден коронавирус аныкталды


ПЧР анализ алып жүргөн дарыгер. 2022-жыл
ПЧР анализ алып жүргөн дарыгер. 2022-жыл

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти 20-26-мартта Кыргызстанда коронавирус инфекциясы менен пневмониянын 36 жаңы учуру катталганын кабарлады.

COVID-19 вирусун жугузуп алгандардын 13ү ооруканага жаткырылган.

2022-жылы вирусту 88 миңден ашуун адам жуктурганы белгилүү болгон.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталып, былтыр басаңдаган COVID-19 вирусу 206 миңден ашуун адамга жугуп, 3 миңдей киши кайтыш болду.

Өлкөдө өзгөчө абал режими 2020-жылдын 22-мартында киргизилип, былтыр 1-ноябрда алынган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG