Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:46

Бишкектин Биринчи Май райондук милиция башчысы алмашты


Тилек Түкөбаев "Ала-Тоо" аянтындагы митингдин катышуучуларын таратуу учурунда. Бишкек. 15-ноябрь, 2022-жыл.
Тилек Түкөбаев "Ала-Тоо" аянтындагы митингдин катышуучуларын таратуу учурунда. Бишкек. 15-ноябрь, 2022-жыл.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кезексиз коллегиясынын чечими менен Бишкектин Биринчи май райондук милициясынын башчысы Мирлан Ниязалиев, орун басарлары Улан Орозалиев, Эрмек Момуналиев жана Улан Бектемиров кызматтан алынды.

Мындай чечим алар өзүнө жүктөлгөн милдетти аткара албаганы, кол алдындагы кызматкерлерге көзөмөл кыла албаганы үчүн кабыл алынганын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Бирок алар кандай милдетти аткарбаганы так жазылган эмес.

Министр Улан Ниязбековдун буйругу менен Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп Тилек Түкөбаев дайындалды. Түкөбаев буга чейин Бишкек шаардык милициясынын жетекчисинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары болуп иштеген. Ал коомчулукка былтыр 15-ноябрда Бишкекте Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды бошотуу талабы менен акцияга чыккандарды кармоого катышкандан кийин таанылган.

Коллегияда ошондой эле дисциплинардык жоопкерчиликке Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) жетекчилери да тартылышты. Бишкек шаардык милициясынын башчысы Азамат Ногойбаевге, ички иликтөө бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Турганбаевге жана кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Улан Бердибаевге катуу сөгүш берилди. Аталган башкармалыктын жетекчисинин орун басарлары Кылычбек Жолдошов, Данияр Рускулов, Айбек Ибраимов эскертүү алышты.

Буга чейин бир нече милиция кызматкери опузалап акча талап кылууга, маңзат сатууга айыпталып кармалган.

Былтыр августта Бишкектин Свердлов райондук соту эки милиционерди 13 жашар кызды зордуктоого айыптап, 15 жылдан эркинен ажыраткан.

Укук коргоочулар жана жарандык коом милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иштери үчүн ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан кетүүсүн талап кылып, бир нече жолу министрликтин алдына митингге чыгышкан. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG