Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Кемпир-Абад иши: абактагылар дарыгерлерден турган комиссия түзүүнү суранышты


Кемпир-Абад боюнча камалгандардын жакындарынын акциясы. Бишкек, 2022-жыл.
Кемпир-Абад боюнча камалгандардын жакындарынын акциясы. Бишкек, 2022-жыл.

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандар көз карандысыз дарыгерлерден турган комиссия түзүүнү суранышты.

Абактагылардын акыйкатчыга, Кыйноолорго каршы улуттук борбор, укук коргоо уюмдары менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жолдогон каты 27-мартта жарыяланды.

"Бийлик жана ага көз каранды укук коргоо органдары, мыйзамсыз камалган кемпирабадчыларды эркиндигинен гана ажыратпастан, квалификациялуу жана адистешкен медициналык кызмат алуудан дагы ажыратып, кыйноолорго дуушар кылууда. Гүлнара Журабаевага, Таалайбек Мадеминовго, Чыңгыз Капаровго жана Илгиз Шаменовго дарыгердин көрсөтмөлөрүнө карабай, ооруканага чыгууга уруксат берилбей атат. Ал эми оор операциядан кийин Мамбетжунус Абылов менен Клара Сооронкулова реабилитация болбостон, эч кандай шарты жок түрмөгө кайтарылды. Биз мунун баары бийликтин көрсөтмөсү менен жасалып атат деп эсептейбиз", - деп жазылган катта.

Абакта жаткандардын каты.
Абакта жаткандардын каты.

Акыйкатчы институту өз кызматкерлери 24-мартта Клара Сооронкуловага жолукканын, ал операциядан кийин реабилитация болууга муктаж экенин билдирген.

Сооронкуловага 20-февралда ооруканада дарыланууга уруксат берилген жана анын операция болгону кабарланган. 15-мартта кайра тергөө абагына которулган.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган “Бириккен демократиялык кыймылдын” мүчөсү Улукбек Маматаев 15-мартта операция болгон, укук коргоочу Азиза Абдирасулова азыр анын абалы оор экенин жазды.

Буга чейин ооруканада дарыланган Мамбетжунус Абыловдун, Равшан Жээнбековдун ден соолугу толук калыбына келе электе эле абакка которулганын алардын жактоочулары маалымдаган. Чыңгыз Капаров, Илгиз Шаменов, Таалайбек Мадеминов да дарыланууга муктаж экени кабарланган.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган ​Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын адам 2022-жылдын 23-октябрында кармалган. Алардын 20дан ашыгынын абактагы мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылган.

Милиция кармалгандар бийликти басып алууга аракет кылганын билдирген. Камактагылар муну бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтук деп атоодо. Бир катар эл аралык уюмдар Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын иши калыс кароого чакырган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG