Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Мурдагы премьер-министр Оторбаевдин китеби Лондондо жарык көрдү


Жоомарт Оторбаевдин жаңы китеби.
Жоомарт Оторбаевдин жаңы китеби.

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин “Борбордук Азиянын экономикалык кайра жаралышы жаңы чоң оюндун көлөкөсүндө” аттуу китеби Лондондогу Routledge басмаканасында жарык көрдү.

Автор Борбор Азиянын экономикалык абалы, мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги тууралуу жазган. Эмгекте аймактын өзүнө гана тиешелүү экономикалык өнүгүү жолдору каралган. Борбор Азиянын постсоветтик экономикалык жана саясий трансформациясынын жетишкендиктери менен көйгөйлөрүнө, ошондой эле чөлкөмдүн Орусия, Кытай жана Батыш менен болгон мамилелерине өзгөчө көңүл бурулган.

Китептин бет ачары 23-мартта Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде өттү. Ага Борбор Азия мамлекеттеринин Германиядагы элчилери, саясий, илимий жана эксперттик чөйрөнүн, анын ичинде Германиянын Тышкы иштер министрлигинин, саясий фонддордун өкүлдөрү катышты.

Китепке Германиянын экс-президенти Хорст Келлер, Чехиянын мурунку президенти Вацлав Клаус, Азия өнүктүрүү банкынын мурдагы жетекчиси Такехико Накао жана Дүйнөлүк банктын мурунку вице-президенти Филипп Ле Уэру сыяктуу көптөгөн белгилүү инсандар рецензия жазышкан.

Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын 19-өкмөт башчысы, ал 2014-2015-жылдары өкмөттүн башында турган. 2021-жылы "Кумтөр" иши боюнча кармалган. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Оторбаевди премьер-министр кезинде "мыйзамдын талаптарын бузуп, “Кумтөр Голд Компани” чет элдик ишканасынын "кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга макулдук берген" деп айыптаган. 2022-жылы январда "коррупция" беренесине ылайык күнөөлүү деп табылып, 300 миң сом айып пул чегерилген. (BCh)

XS
SM
MD
LG