Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:09

Жаныбек Абиров мандатын тапшыруу үчүн арыз жазды


Жаныбек Абиров.
Жаныбек Абиров.

Жогорку Кеңештин депутаты, "Мекенчил" фракциясынын мүчөсү Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшыруу үчүн арыз жазды. Бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазып, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымына жана Жогорку Кеңештин төрагасына жазган арызын жарыялады.

"Менин катышуумдагы акыркы болуп өткөн окуя коомчулук арасында кызуу талкуу жаратты. Окуянын олуттуулугун толук түшүнүп, жоопкерчиликти сезип жаткандыгымды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди дагы бир жолу баса белгилейм.
Ушуга байланыштуу, мен, окуяны талдап, терең ой жүгүртүп, өз каалоом менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын тапшыруу чечимин кабыл алдым. Албетте, бул чечимди кабыл алуу оңойго турган жок, анткени борбор калаабыздын Ленин районундагы 11 813 шайлоочу мага ишенип, алардын өлкө парламентиндеги өкүлү болуу укугун берди эле. Тилекке каршы, болуп өткөн окуядан кийин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын кызматын мындан ары аркалоого моралдык укугум жок деп эсептейм",- деп жазды Абиров.

Ал ошондой эле шайлоочуларынан, өзүнүн колу тийген жигиттен жана анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан кечирим сурады.

12-мартта социалдык тармактарда Жаныбек Абиров бир адамды ур-токмокко алып жаткан видео тараган. Окуя 12-мартка караган түнү Бишкектеги “Золотой дракон” ресторанында болгонун милиция маалымдаган. Ал жерде күзөтчүлөр менен депутат баштаган адамдар мушташып, 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн.

Милиция 13-мартта мушташка катышы бар деген шек менен эки адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козгоду.

Бул окуядан соң, Башкы прокуратура 14-мартта Абировду жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштама киргизгенин кабарлаган. Депутаттын аракетине юридикалык баа берүү үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан башкы көзөмөл органына материалдар келип түшкөн.

Жаныбек Абиров Жогорку Кеңешке 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Бишкектеги №26 Ленин аймагынан бир мандаттуу шайлоодон утуп келген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG