Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:03

Украина Орусиянын 60тан ашык чабуулунун мизин кайтарганын билдирди


Украинадагы салгылаш.
Украинадагы салгылаш.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы 27-мартта орусиялык аскер күчтөрү эки ракеталык жана 23 ирет абадан сокку урганын, ошондой эле украиналык позицияларга, калктуу аймактарга ракеталык системалардан 38 жолу чабуул жасаганын билдирди. Бул тууралуу Эркин Европа/Азаттык радиосунун украин кызматы кабарлады.

"Украинанын бардык аймагына ракеталык жана абадан сокку уруу ыктымалдыгы жогору бойдон калууда. Орусиялыктар негизги күч-аракеттерин Купянск, Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Мариинск багыттарында чабуулдук аракеттерди жүргүзүүгө топтошту. Биздин жоокерлер душмандын 60тан ашык чабуулунун мизин кайтарышты", - деп айтылат командачылыктын билдирүүсүндө.

Украинанын башкы штабы Беларуста орусиялык бөлүктөрдү даярдоо уланып жатканын кабарлады. Орус армиясы Курск жана Белгород облустарынын чек ара аймактарында да аскердик позициясын сактап калып, Донецк облусунун Богдановка жана Ивановск райондору менен катар украин күчтөрүнүн карамагындагы Бахмут шаарына чабуулун улантууда.

"Орус армиясы оор жоготууларга учурап жатат. Маселен, Луганск облусунун Троицк конушунда өткөн суткада 100гө жакын каза болгон орусиялыктардын сөөгү борбордук райондук оорукананын жергиликтүү өлүкканасына жеткирилген. Мындан тышкары, 140ка жакын оор жаракат алган орусиялыктар дарыланууга келишти", - деп айтылат маалыматта.

Украин башкы штабы орус аскерлери топтолгон аймактарга үч жолу абадан сокку болгонун, бир командалык пункт менен орус күчтөрү курал-жарактарды топтогон төрт аймакка ракеталык, артиллериялык сокку урулганын маалымдады. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG