Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:25

ИИМ маңзат ташылган эл аралык агымга бөгөт коюлганын билдирди


Ири өлчөмдө маңзат ташыган эл аралык агымга бөгөт коюлду. Сүрөт ИИМге таандык.
Ири өлчөмдө маңзат ташыган эл аралык агымга бөгөт коюлду. Сүрөт ИИМге таандык.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК), Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маңзатка каршы күрөшүү башкармалыгынын жана Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Алматы шаарында Тажикстандын 37 жаштагы жаранын кармашты. Ал маңзатты Ооганстандан Кыргызстан аркылуу алып чыгып, сатуу агымын уюштуруучу деп аныкталган.

ИИМ басма сөз кызматынын маалымдашынча, тажик жараны 100 кг ашуун героинди ташууга жана сатууга шек саналууда. Учурда анын өнөктөштөрүн аныктоо иштери жүрүп жатат.

Маалыматка ылайык, ушул тапта кара базарда 100 кг героиндин баасы 1 млн. 190 миң долларга чамалайт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жылдык жыйынында, 2022-жылы баңгизатка байланыштуу 463 кылмыш аныкталып, 11 лабораториянын ишине бөгөт коюлганы айтылган.

Маалыматка караганда, маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүдөн дээрлик 6,6 тонна баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган. Басымдуу бөлүгүн прекурсорлор түзөт (5 тоннадан ашуун). Милиция бир жыл ичинде 76 кг героин, 169 кг гашиш, 281 кг марихуана, 230 кг психотроптук заттар, кара куурай, апийим кармалганын маалымдаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG