Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Орусия Беларусту өзөктүк туткунга түшүрөбү?


Орусиянын өзөктүк ракета атуучу "Искандер" комплекси, 17-июнь, 2015-жыл.
Орусиянын өзөктүк ракета атуучу "Искандер" комплекси, 17-июнь, 2015-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин Москва коңшу Беларустун аймагына өзөктүк тактикалык курал жайгаштырууну Минск менен макулдашканын, бул массалык кыргын салчу куралды жайылтпоо тууралуу эл аралык келишимди бузбай турганын айтты. Орусиянын мындай опурталдуу билдирүүсүнөн кийин Украина БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакырууну талап кылды. НАТО кырдаалга кылдат көз салып турганын жарыялады. ​

Орусиянын президенти Владимир Путиндин интервьюсун "Россия-24" каналы ишембиде көрсөттү. “Беларус аскер аба күчтөрүнүн учактарын кайра жабдууга жардамдаштык. 10 учак андай куралды колдонууга даяр. Экипажды машыктыруу 3-апрелде башталат. Беларустун аймагында өзөктүк тактикалык курал сактоочу жайдын курулушун 1-июлда аяктайбыз”, - деди орус лидери.

Путиндин сөзүнө караганда Беларуска өзөктүк куралды жайгаштыруу чечими Британия Украинага курамында кемитилген ураны бар снаряддарды берерин билдиргенден кийин кабыл алынган. Мындай снаряддар ядролук курал болуп саналбайт, чопкутталган оор техниканы тешип өтүүгө гана жөндөмдүү.

Ага карабай Москва Британиянын мүдөөсүнө кескин реакция жасаган. Лондонду өзөктүк эскалацияны курчутууга айыптап, жооп чаралар болорун эскерткен. Анткен менен Путиндин ушул эле интервьюсунан Беларуска ядролук комплекс жана учактар британдардын билдирүүсүнө чейин эле берилгенин угууга болот, бул тууралуу мурдарак Лукашенко да айткан.

Интервьюдан улам курал сактоочу жай Украинага Лондондун жогорудагыдай Москваны чочуткан билдирүүсүнө чейин эле курула баштаганын да байкоого болот.

Буга чейин Британия украин армиясына Challenger-2 танктары үчүн артиллериялык снаряддарды, анын ичинде курамында кемитилген ураны бар ок-дары берерин бышыктаган. Мындай снаряддар Орусиянын өзүндө дагы бардыгы белгилүү.

Путин Польша менен узун чек арасы бар Беларустун авторитардык лидери Лукашенко массалык кыргын салчу куралды өз өлкөсүнө жайгаштырууну узактан бери суранып жүргөнүн айтты. Ал бул чечим Орусиянын өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу алган милдеттемелерин "бузбай турганын” белгиледи.

Путиндин айтымында, Орусия Беларуска өзөктүк куралды өткөрүп бербейт, болгону ал өлкөнүн аймагына жайгаштырат. Орус президенти АКШ деле өзөктүк куралдарын Европа өлкөлөрүнө коюп жатканын жүйө келтирди. Мындан тышкары Орусия коңшусуна өзөктүк курал атуучу "Искандер" комплексин бергени да белгилүү болду.

Беларус өзөктүк туткунга түшөбү?

Орусиянын мындай опурталдуу билдирүүсүнөн кийин Украина Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакырууну талап кылды. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер мекемеси билдирүү таратып, Киев Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү - Франциядан, Британиядан, АКШдан жана Кытайдын колдоо күтөрүн жарыялады. Орусия дагы Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү жана вето укугуна ээ.

Украинанын ТИМи беларус элине кайрылып, Кремлдин "кылмыштуу ниетин ишке ашырууга бөгөт коюуга" чакырды.

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Алексей Данилов "Кремл Беларусту өзөктүк туткунга түшүрдү" деп баалады.

Эгер Орусиянын ядролук куралы Беларуска жеткирилсе Евробиримдик Москвага жаңы санкцияларды киргизерин шаркеттин тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Жозеп Боррел билдирди. "Беларус азыр муну токтотуп калса болот, бул алардын тандоосу", - деп жазды биримдиктин башкы дипломаты Твиттерге.

АКШ Мосванын соңку билдирүүсүнө тынчсызданбайт. Бул тууралуу Мамлекеттик департаментинин өкүлү Ведант Пател CNN телеканалына билдирип, Вашингтон кырдаалга көз салууну уланта берерин айтты.

Ошондой эле Мамдепартамент Орусиянын Украинада "өзөктүк курал колдонуу жышаанын көрбөгөнүн, андыктан өз күчтөрүн күжүрмөн даярдыкка өткөрүүгө негиз жок деп эсептей турганын" кошумчалады.

26-мартта НАТО Орусияны «кооптуу жана жоопкерчиликсиз» өзөктүк риторикасы үчүн сындады. Түндүк атлантикалык блок кырдаалга "кылдат көз салып турарын" жарыялап, кандайдыр бир чукул чара көрүүгө негиз жоктугун билдирди.

Аскердик блок Москваны кооптуу куралга көзөмөлдүк кылуу үчүн алган милдеттемелерин бузуп жатканынын «кесепетин» белгилеп, жакында Москванын Вашингтон менен түзүлгөн тарыхый өзөктүк келишимден убактылуу чыкканын эске салды.

Германия Кремлдин соңку билдирүүсүн сындап, «Орусиянын ядролук коркутуусунун дагы бир аракети» деди немис тышкы иштер мекемесинин өкүлү "Франс пресс" агенттигине.

Украинага кол салгандан кийин Москва өзөктүк куралдарды толук даярдыкка келтиргени маалым болгон. Кремлдин өкүлдөрү жана мамлекеттик медиа Орусиянын өзөктүк курал колдонуу мүмкүнчүлүгүн азыркыга чейин ишарат кылып жүрөт.

Быйыл февралда Москва Вашингтон менен жетишилген Стратегиялык чабуул койчу куралдарды кыскартуу тууралуу келишимден убактылуу чыкканын жарыялаган.

Украинадагы согуш: Өзөктүк курал коркунучу
please wait

No media source currently available

0:00 0:34:28 0:00

1991-жылы Советтер Союзу ыдыраганда Орусия, Украина, Беларус жана Казакстанда ядролук курал калган. 1992-жылы төрт өлкө бардык өзөктүк куралды Орусияда сактоону макулдашып, ядролук дүрмөтү бар ракеталарын төрт жылдын ичинде Москвага толук өткөрүп берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG