Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Орусия британдык замбирек огунан эмнеге заарканат?


Улуу Британия орусиялык баскынчыларга каршы согушуп жаткан Украинанын куралдуу күчтөрүнө радиоактивдүү сапаты кемитилген уран колдонулган замбирек октору менен жабдый тургандыгын жарыя кылганда, Кремлде бул кадамды “өзөктүк согуштун алгачкы белгиси” катары чуу көтөрүштү. Чындык кайсы жагында? Тарыхчынын блогу.

Британдык көмөктүн чоо-жайы

Улуу Британиянын коргоо министринин орун басары, баронесса Аннабел Голди айым орусиялык баскынчыларды өз аймагынан сүрүп чыгаруу үчүн айыгыша согуш жүргүзүп жаткан эгемен Украинанын куралдуу күчтөрүнө өзгөчө замбирек окторун жөнөтүүгө камынып жаткандыгын тастыктады.

Бул октун өзгөчөлүгү мындайча: анын ички бөлүгүн жасоодо радиоактивдүүлүгү төмөн уран камтылган.

Британиянын парламентинде суроолорго жооп берип жатып, Голди айым мындай замбирек октору заманбап танктарды жана башка чопкуттуу аскер техникасын көзөп өтүүдө өтө жогорку натыйжаны камсыз кыла тургандыгын белгиледи.

Ал эми Орусиянын бийликтери бул кадамга карата дароо кескин сын пикирин айтып, аны радиоактивдүү “булганыч бомбаны” жардыруу далаалатына тете кадам катары баалай тургандыктарын жана өздөрү да тиешелүү жооп берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Орусиянын президенти Владимир Путин эми Батыш “акыркы украин калганга чейин Орусия менен согушууга чындап чечим кабыл алгандай сыяктанат” жана “жамаатташкан Батыш эми өзөктүк компоненти бар курал-жарак колдонууга киришүүдө” деп билдирип, Орусия өзү деле тиешелүү чараларга барууга аргасыз болмокчу, деген сөзү аркылуу жыландын башын кылтыйтты.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо мындай куралды пайдалануу "Батыштын эл аралык гуманитардык укукту бузууга өтүп жаткандыгын айгинелейт" деген сынын айтты.

Бишкектеги айрым путинчил блогерлер да алардын ырдаган ырын механикалык түрдө кайталашууда.

Ал эми аскердик өнөр адистеринин айтымында, чын-чынында Орусия жаңы замбирек огунун радиоактивдүү уусуна кабатыр болбостон, ал октун металл чопкутту көзөп өтүү жөндөмүнө өзгөчө тынчсызданышууда.

Согушчан жак гуманизмди талап кылганда

Лавровдун эл аралык гуманитардык укук жаатындагы сөзү, "Чоң жыйырманын" маалында “Орусиянын өзү украиндик баскынчылардын кол салуусун дуушар болду” деп айткан учурунда өзүн шылдыңдаган кыраан-каткы күлкүгө калганындай эле, эликтөөгө гана тете.

Украинадагы Буча, Мариупол, Бахмут жана башка гүлдөгөн көп сандаган шаарларды жана кыштактарды аёосуз ойрон кылган, миңдеген жазыксыз кишини кырып, миллиондогон адамды аргасыз бозгунга айланткан орусиялык аскерлердин согуштук кылмыштарын көрүп туруп, адамзат эл аралык гуманитардык укукту кайсы өлкө одоно бузуп жаткандыгын айдан ачык аңдап турат.

Гаагадагы Эл аралык кылмыштар соту Владимир Путинди камакка алуу тууралуу буйрукту жөн жерден чыгарган жок, башкача айтканда, бул мамлекет башчыга карата доо асмандан алынбады.

Украинадагы ар кыл олуттуу согуш кылмыштарынын арасында басып алынган аймактардагы жеткинчек балдарды орусиялык күчтөрдүн зомбулук менен Орусиянын ичкерки аймактарына депортациялаган жоругу да катталды жана бул кылмыш тиешелүү документтер жана видео тасмалар менен тастыкталганы айтылууда.

Чопкутту көзөчү октун технологиялык жагдайы

Ал эми радиоактивдүү сапаты алсыз уранды чопкутту көзөп өтчү ички окту жасоодо колдонуу ыкмасын дүйнө жүзүндө көптөгөн өлкөлөрдүн аскерлери колдонуп келишет. Мындай кемитилген уранды колдонгон замбирек октору Орусиянын өзүндө да өндүрүлгөндүгү жөнүндө маалымат бар.

Замбирек түтүгүнө батчу октун диаметри – салыштырма чакан. Бирок азыркы заманбап замбирек октору татаал келет. Анын сырткы чел кабыгы жеңил болот. Чел кабык ичинде жаанын канаттуу жебеси сымалданган ички ок жайгашкан.

Замбиректин найынан (түтүгүнөн) ок катуу ылдамдык менен атылган чакта, октун чел кабыгы ажырайт да, анын ичиндеги оор жана бекем аралашмадан (адатта, вольфрам менен кемитилген урандан) жасалган ички ок андан ары тез ылдамдыкта учуусун улантат. Бул ички ок мерчемделген чопкутка тийген кезде, өтө зор өлчөмдө кинетикалык кубатты бүркөт. Дал ушул механикалык кыймыл кубаты бул ички октун чопкутту көзөп өтүү жана чопкуттуу техниканын ичиндегилерди жабырлантуу жөндөмүн пайда кылат.

Эгерде замбирек түтүгүнө батчу ок Экинчи дүйнөлүк согуш маалында эле колдонулуп жүрсө, анын заманбап түрлөрү кемитилген уранды же башка затты ички окто колдонуу аркылуу андан ары өркүндөтүлгөн. Советтер Биримдигинде кемитилген урандын ордуна вольфрам ширендиси колдонулган ички октору бар замбирек октору жасалган.

Кемитилген уран камтылган ички ок чопкутка тийген кезде, танктын ичинде болгон жоокерлер ички октогу радиоактивдүү заттын уусунан эмес, көзөп өткөндөгү кубаттан улам жабыр тартаары бышык.

АКШнын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин интернет барагынын маалымдашынча, урандын башка изотопторунун ичинен өзгөчө радиоактивдүү болгон Уран-235 (U-235) изотобу гана өзөктүк кубат өндүрөт жана өзөктүк кыргын куралдарында колдонулат.

Ал кубаттуу изотопту көп аймактарда табигый кездешкен уран кенинен өзүнчө иргөө боюнча технологиялык ыкма “уранды байытуу” деп аталат. Бул изотоп алынып салынгандан кийинки радиоактивдүү зыяндуулугу өтө азайтылган калдыкты “кемитилген уран” (Depleted uranium; DU) деп аташат.

Бул кемитилген урандагы альфа бөлүкчөлөрү дененин терисинен өтчү радиацияга ээ эмес. Бирок, айрым адистердин пикиринче, бул бөлүкчөнү киши жуткан же дем алуу аркылуу өпкөсүнө кабыл алган кезде, ал саламаттыкка кандайдыр бир зыян келтириши деле ыктымал.

Кемитилген уран камтылган ок-дарылар соңку жаңы доордо Перс булуңунда, Сербияда жана Косоводо салгылашуулар маалында колдонулган.

БУУнун Башкы жыйыны 2018-жылы кабыл алган жана кемитилген уранды колдонуу жаатын чагылдырган резолюцияда МАГАТЭнин тыянактарына шилтеме жасалуу менен бирге кемитилген ураны бар ок-дарыны колдонгондон кийин пайда болгон радиоактивдүүлүк анчейин олуттуу коркунуч туудурбай тургандыгы белгиленген.

Ал эми заманбап танктары дээрлик талкаланып түгөнүп, эми 1950-жылдардагы эски танктарды аскердик кампасынан алып чыгууга аргасыз болуп жаткан орусиялык куралдуу күчтөрдүн жетекчилиги үчүн, албетте, бул эски танктардын чопкутун оңой эле көзөп өтчү ок-дарынын украиналык жоокерлердин колуна тийиши жана бул окту колдонуунун алдыңкы айлардагы айыгышкан салгылашуулар маалында күтүлчү өзгөчө натыйжалуулугу көбүрөөк сарсанаага салууда.

Баскынчылар жеңилээри бышык

Украинага каршы баскынчыл согушту Орусия бийлиги 2014-жылы эле Крымды каратып алуу, андан соң Донбасстын айрым аймактарына жикчилердин жасалма “өкмөттөрүн” негиздеп, аларды ырааттуу аскердик, кадрдык, идеологиялык жана каржылык колдоого алуу менен баштаган.

Эгемен Украинанын демократиялык түзүлүшүнө каршы башталган бул согуш 2022-жылы 24-февралда Орусиянын аскерлеринин Киевге каршы кеңири өлчөмдөгү чабуулу аркылуу жаңы баскычка көтөрүлгөн.

Оболу Кремлдегилер жана алардын үгүтчүлөрү Киевдеги өкмөт 3–5 күндө эле тизе бүгүп багынат, ал эми президент Владимир Зеленский өлкөдөн бозгунга качып кетүүгө аргасыз болот, деп ишенишкен.

Беларус диктатору Александр Лукашенко да орус журналисти, Кремлдин үгүтчүсү Владимир Соловьев менен 2022-жылдын февралындагы маегинде ушундай мааниде айткан:

“Украина биз менен эч качан согушуп отурбайт. Бул согуш, Володя, мындайча айтканда, үч-төрт эле күнгө созулат да!” (“Украина с нами никогда не будет воевать. Эта война продлится, Володя, ну, максимум, три-четыре дня”).

Согуштун жаңы баскычы башталган соң, орусиялык атайын күчтөрдүн президент Зеленскийдин көзүн тазалоо далаалаттары жасалып, бирок майнапсыз чыккандыгы да маалымдалган.

Ал эми жарым жылдан ашуун улантылып келе жаткан Бахмут үчүн салгылашуу өздөрүн “дүйнөдөгү экинчи кубаттуу аскерге ээ” деп санаган Кремлдегилер үчүн бул согушта Украинага жеңиле тургандыктарынын олуттуу ишаарасы болуп калды.

Украинадагы согуш – дүйнөлүк тарыхта жаатташкан тараптар дрондорду байма-бай колдонуп жаткан ири согуш болуп калды.

Түркиянын “Байрактары” согуштун жаңы баскычы башталган чактан эле украиндерге өзгөчө огожо болду.

Орусиялык аскерлер 2022-жылдын күзүнөн тартып пайдаланып жаткан ирандык дрондор аскердик бутага таамай тийбесе да, жана басымдуу көпчүлүгү орто жолдо кыйратылып жатса да, иши кылып жарандык буталарга тийүү аркылуу да карапайым украиндерге өлчөөсүз зор зыян келтиришүүдө.

Австралиялык бийликтер Украинага жөнөтүп жаткан картондон жасалган жөнөкөй дрондор жана жергиликтүү украиндик дрондор да путиндик баскынчылардын жөө аскерлери жана анча-мынча танктары жана чопкутсуз техникасы үчүн олуттуу зыян келтирээри бышык.

Ансыз да “Леопард”, “Абрамс” жана “Челленжер” танктары алдыдагы айларда Украинадагы согуштун жүрүшүн Киевдин пайдасына кескин өзгөртөөрү күтүлүп жаткан чакта, британдык кемитилген урандуу ички огу бар замбирек октору Украинанын аскерлерине жөнөтүлөт деген кабар баскынчылардын үшүн ого бетер алууда.

Редакциядан: Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG