Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Путин Украинадагы урушту "Батыш баштады" деп актанды


Орусиянын президенти Владимир Путиндин кайрылуусу Крымдын Севастополь шаарында көчөдөгү экрандан көрсөтүлдү, 21-февраль, 2023-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин кайрылуусу Крымдын Севастополь шаарында көчөдөгү экрандан көрсөтүлдү, 21-февраль, 2023-жыл.

"Алар согушту баштады. Биз аны токтотуу үчүн күч колдонуп жатабыз", - деген таризде башталган Владимир Путиндин Федералдык кеңешке эки саатка чукул кайрылуусунун биринчи бөлүгү Украинадагы уруш үчүн Батышты айыптоого багытталды.

"2014-жылдан тарта Донбасс кармашып, өз жеринде жашоо, өз тилинде сүйлөө укугун талашты. Блокаданын жана такай атышуулардын шартында, Киев режиминин ачык жек көрүүчүлүгүнүн алдында багынып берген жок. Алар Орусия жардамга келерине ишенип күтүшкөн", - деди орус лидери.

Путин Орусия украин эли менен согушкан жок, украиндер "Киев режими менен Батыштагы кожоюндарынын барымтасында калды" деп актанды. 2014-жылы Украинада болгон элдик толкундоону "мамлекеттик төңкөрүш" деп, Кремлдин эски аныктамасын кайталады.

Путин орус аскерлеринин үй-бүлөлөрүнө, ыктыярчыларга, дарыгерлерге, Орусия күч менен каратып алган Украинанын аймактарынын тургундарына ыраазычылык билдирип, согушта набыт болгондорду бир мүнөт үнсүз эскертишти.

Ошол эле маалда Украинадагы урушта өлгөн жоокерлеринин санын айткан жок. Бейрасмий түрдүү булактарда майданда 14 миңден 50 миңге чейинки орусиялык жок болгону белгиленет. Путин аскер кызматкерлерин колдоо фондун түзүүнү тапшырды, бирок ага акча кайдан алынарын айтпады.

Экономиканын эсин оодарган жыл

"Батыш бизге каршы согуштук, маалыматтык гана эмес, экономикалык фронт ачты, бирок андан эч бир жерде майнап чыккан жок, чыкпайт дагы", - деген Путин "Орусия экономикалык өсүштүн жаңы циклине киргенин" белгилеп, өлкөгө инвесторлорду чакырды.

Бирок Путиндин айтканы орус экономикасынын чыныгы абалын чагылдырбайт. Быйыл январда бюджеттин тартыштыгы эң жогорку чекке - 1,8 трлн. рублге жетип, соңку бир нече он жылдыктагы эң чоң көрсөткүч болду.

Санкциялардан сырткары бюджеттин чыгымы такай көбөйүп, февралдын ортосунда 4,9 трлн. рублге чыкса, киреше триллионго жеткен жок. Жыл башында адистер өлкөнүн резерви бир же эки жылга жетет деп эсептешкен, бирок Путиндин жаңы кайрылуусунда мындай сандар камтылган жок.

Президенттик шайлоо

Путин 2024-жылга белгиленген президенттик шайлоо Конституцияга жана бардык демокаратиялык нормаларга шайкеш өтөт деп убада берди. Бир катар орус басылмалары бийликке жакын булактарына таянып, алдыдагы шайлоодо Путиндин талапкерлигин көрсөтүү сценарийи Кремлде талкууланып жатканын былтыр жыл соңунда жазышкан.

2020-жылы Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр Путиндин буга чейинки президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгарып, 2024 жана 2030-жылдагы шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берген.

2000-жылдан бери мамлекетти башкарып келаткан 71 жаштагы Путин шайлоого катышабы же жокпу, азырынча унчуга элек.

Эл аралык мамиле

Москва Стратегиялык чабуул койчу куралдарды кыскартуу жөнүндө эл аралык келишимди аткарууну убактылуу токтоторун жарыялады.

"Эгер АКШ сыноо өткөрсө, биз дагы аны жасайбыз", - деген Путин "Орусия биринчи болуп сокку урбайт" деди. НАТОнун көздөгөнү Орусияны алсыздандыруу экенин, орус авиациясына соку урууга "түздөн- түз"катышы бар деп Батышты айыптады.

Эл аралык келишимге ылайык, НАТОнун мүчөлөрү Орусиянын өзөктүк жайларын текшерүүнү көздөгөнүн, бирок ушу тапта ал мүмкүн эместигин кошумчалады.

2010-жылы эл аралык документке Вашингтон менен Москва жетишкен. Ал 2021-жылы узартылгандан кийин 2025-жылга чейин иштемек. Келишимде асыресе тараптардын өзөктүк стратегиялык куралынын арсеналын чектөө каралган.

Былтыр августта Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Москва атомдук жайларын Вашингтондун инспекциясынан убактылуу чыгарганын билдирип, себеп катары «АКШнын кас саясатын» атаган.

Украинага кол салгандан кийин Москва өзөктүк куралдарды толук даярдыкка келтиргени маалым болгон. Кремлдин өкүлдөрү жана мамлекеттик медиа Орусиянын атомдук курал колдонуу мүмкүнчүлүгүн азыркыга чейин ишарат кылып жүрөт.

Москвада Путин орус калкына жалындуу кайрылып жатканда, шейшембинин кечинде Польшанын баш калаасы Варшавада АКШнын президенти Жо Байден да чыгып сүйлөй турганы маалым болду.

20-февралда Байден күтүүсүздөн Киевге барып, бир жылдан бери согуш азабын тартып жаткан украин элине колдоосун билдирген. Америкалык лидер Кошмо Штаттар Украинага канча колдоо керек болсо, ошончо жардам берерин айтты. Былтыр 24-мартта Орусия Украинага басып кирип, кеңири масштабдагы согуш баштаган күндөн тартып Вашингтон Киевге жакындан колдоо көрсөтүп, аскердик жардам бергендердин сап башында турат.

Украинада болсо кармаш уланууда. 21-февралдын таңында украин армиясы орус күчтөрү бир нече багыт боюнча чабуулдарын улантканын, бирок фронттун линиясы өзгөрбөгөнүн билдирди.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG