Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Көз карандылыктан кантип кутулабыз: постсоветтик өлкөлөрдөгү жалпы көйгөй


"Эс тутум өткөөлүндө" эл аралык конференциясы. 18-март, 2023.
"Эс тутум өткөөлүндө" эл аралык конференциясы. 18-март, 2023.

Өткөн апта соңунда Бишкекте “Эсимде” изилдөө аянтчасы уюштурган "Эс тутум өткөөлүндө" аттуу эл аралык конференция өттү. Анда тархый эс тутум жана деколонизация темаларына кайрылган изилдөөчүлөр, коомдук ишмерлер, активисттер, көркөм өнөр ээлери чогулду. Конференцияга Өзбекстан, Казакстан жана Орусиядан келген изилдөөчүлөр да катышты.

"Эсимде" изилдөө аянтчасы Кыргызстандын тарыхын адамдардын жеке окуялары, күбөлөрдүн көзү аркылуу изилдеп, оозеки тарыхты илгерилетип жаткан аянтча.

Иш-чараны уюштурган “Эсимде” изилдөө борборунун илимий кызматкери Гүлзат Алагөз кызынын айтымында, учурда тарыхый эстутум жана деколонизация маселеси актуалдуу болуп турат.

“Конференция деколонизация жана эстутум – эки өзөктүн тегерегинде курулган. Бул жакка ушундай теманын үстүндө иштеп жүргөн көптөгөн изилдөөчүлөр келди. 13 мамлекеттин изилдөөчүлөрүн башын бириктирип, тарыхый эстутум, репрессия, деколонизация темаларын талкууладык. Эң башкы максат – өзгөчө 2022-жылы Украина менен Орусиянын ортосунда согуш башталгандан кийин деколонизация Борбордук Азияга дагы актуалдуу темалардын бири болуп калды. Биз өзүбүздүн маданиятыбызды, тилибизди оторчулуктан куткаруу, өзүбүздү бошотуу кандай жүрүп жатат, дегеле бул илимде болобу, искусстводо болобу, мамлекеттик экономикада болобу – бардык жактагы бошонуу, өзүбүзгө кайтуу жана ошол эле учурда тарыхый эстутумду дагы эсепке алуу, тактап айтканда репрессия курмандыктарын актоо, аларды эскерүү маселелерин кайрадан карап, тарыхыбыздын, өтмүшүбүздү кайрадан карап чыгышыбыз керек”.

Гүлзат Алагөз кызы коңшу мамлекеттерде репрессия курмандыктарын актоо боюнча көптөгөн мыйзамдар кабыл алынып, активдүү иш-чаралар жүрүп жаткан чакта, Кыргызстан маалкатып жатканын кошумчалады.

"Коңшу Казакстан менен Өзбекстанда репрессия курмандыктарын актоо боюнча көптөгөн мыйзамдар кабыл алынды. Репрессия курмандыктарын эскерүү күндөрү расмий түрдө белгиленди. Мисалы, Кыргызстанда 7-8-ноябрь "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү" деп жалпы аталса, Казакстанда "Репрессиянын жана ачарчылыктын курмандыктарын эскерүү күнү" деп так белгиленип, мамлекеттик деңгээлде эскерилет. Өзбекстанда көптөгөн басмачылык кыймылга катышкандарды жана жадиддерди актап, аларга музейлер салынып, архивдери ачылып жатат. Бизде болсо, былтыр 20-декабрда репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоору сунушталган болчу. Бирок, ал мыйзам долбоорун четке кагышканын айтып жатышат".

17-19-март күндөрү болуп өткөн конференциянын алкагында бир нече панелдик сессиялар өткөрүлүп, алыскы жана жакынкы өкөлөрдөн келген изилдөөчүлөр өз маалыматтарын ортого салды.

Орусиядагы “Мемориал” укук коргоо уюмунун төрагасы Ян Рачинский элдин эс тутумун калыбына келтирүү үчүн архивдик маалыматтар толук ачылышы зарыл деген пикири менен бөлүштү.

Ян Рачинский
Ян Рачинский

“Постсоветтик чөлкөмдүн дээрлик бүткүл аймагында архивдерди ачтыруу башкы көйгөй болуп эсептелет. 70 жыл бою гезиттер менен китептерде реалдуу маалымат айтылбагандыктан, алардан тарыхты изилдөө мүмкүн эмес. Андыктан, реалдуулукка жакыныраак делген маалыматтар ошол жабык архивдерде жатат. Партиялык архивдерде камтылган маалыматтын бир бөлүгү ачыкталган. Бирок ал жагдайды толук көрсөтө албайт. Ошондуктан, тарыхчылар жана изилдөөчүлөр сыяктуу эле, карапайым калк үчүн да архивдердин ачылышы өтө зарыл. Анткени бери дегенде жүз миңдеген адамдар ата-бабаларына эмне болгонун, алар кандай шартта репрессияланганын жана кайда көмүлгөнүн да билишпейт. Бул үй-бүлөлүк тамырды, өтмүштү калыбына келтирүү маселеси болуп саналат. Ансыз элдин тарыхы толук болбойт. Конференцияда мен ушул маселени көтөрдүм жана жакында архивдерден табылган Кыргызстандагы репрессиянын тарыхына тийиштүү айрым документтерди көрсөттүм”.

Өзбекстандагы “Катаган курмандыктары” музейинин башкы илимий кызматкери Бахром Ирзаев 1922-1931-жылдары Германияга барып билим алып келген түркстандык жаштардын тагдырларын изилдеген. Алардын арасында Тимур Казыбеков аттуу кыргыз жигити да болгон. Ал Европадан жогорку билим алып келгенден кийин Өзбекстанда ири кызматтарды аркалаган. Бирок, кийин репрессия курмандыгына туш болгон.

Бахром Ирзаев
Бахром Ирзаев

“Ал Берлинде текстиль багытына окуган. Ал жактан жогорку билим алып, Ташкентке келген. Ташкентте, Ферганада ири заводдорду куруп, жетектеген. Окуу жайда окуу бөлүмүн башкарган. Сөздүктөрдү жазган, Германиядан алып келген китептерин которуп, көп кадр даярдаган. 1938-жылдын 9-октябрында Ташкентте атылып кеткен. Анын өзүнө жараша тарыхы бар. Ушулар тууралуу маалымат бердим. Былтыр Өзбекстанга барып келгенден кийин Садыр Жапаровдун “Өзбекстан бизден ондогон жылдар алдыга озуп кетиптир” деп айтканы бар эле. Бирок, мен бул жакка келип өз көзүм менен көрдүм, Бишкек жарандык активизм жана илимий изилдөөлөр боюнча бизден алда канча алдыда баратыптыр. Биздин Кыргызстандан ала турган тажрыйбабыз көп экен, “Эсимде” долбоору менен көп кызматташышып, Ташкентте дагы ушундай иш-чараларды өткөрөлү деп сунуштадым”.

Сүрөтчү Жазгүл Мадазимова эгемендик алган жылдардан бери миграцияда жүргөн кыргыз кыз-келиндеринин көйгөйүнө жана элдин Орусияга карай агылышынын себептерине назар бурган. Изилдөөчү адамда суроонун жаралышы өнүгүүгө карай жол ачат деп эсептейт.

“Мисалы мен өзүм 90-жылдарда төрөлгөнмүн. Ал убактарда Советтер Союзу кулаганда менин ата-энем жумушунун баары жок болуп, коомдо аябай татаал болгон убакта чоңойдук. Ошондо кандайдыр бир боштук пайда болгондой. Ал боштукта “ биз кимбиз, биздин баркыбыз барбы, өзү кыргыз деген ким, кыргыз деген чачы сары эмес, орусча сүйлөй албаган капкара адамдар, капкара болуу модада эмес” деген өтө көп туура эмес түшүнүктөр менен чоңоюп калганбыз. Бул суроолордун өзү изденүүгө чоң түрткү берет. Мунун үстүндө сүрөтчүлөр, анын арасында мен, издениши жакшы платформаны жаратып берет. Мен ошол көйгөйлөрдү өзүмдүн, же апамдын, же аялдардын, же коомдогу көрүнбөгөн жөпжөнөкөй адамдардын окуялары аркылуу изилдейм”.

“Эсимде” – Кыргызстандын жана Борбор Азиянын өтмүшүнө көз чаптырып, тарыхтагы жана элдин эсинде көмүскөдө калган окуяларды, процесстерди изилдөө жана аңдап түшүнүү боюнча изилдөө борбору. “Эстутум өткөөлүндө” конференциясы “Эсимде” борборунун үчүнчү эл аралык иш-чарасы.

Буга чейин 2018-жылы “Эс тутум тили” жана 2020-жылы “Маңкурттун түштөрү” конференцияларын өткөргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG