Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:24

Репрессия: КГБ архиви ачпаган сырлар


Коллаж.
Коллаж.

"Куугунтук курмандыктары" подкастында советтик мезгилдеги саясий репрессиялар боюнча КГБнын архивиндеги материалдарды ачыкка чыгаруу маселесин талкуулайбыз.

1918-1953-жылдардагы саясий репрессия курмандыктарын актоо жөнүндөгү мыйзам долбоору бир ай бою коомчулукта талкууланды. 1994-жылы кабыл алынган мыйзамды өзгөртүү тууралуу парламенттин төрт депутаты сунуштаган долбоордо Улуттук архив фондуна байланыштуу түзөтүү дагы сунушталган.

КГБнын "жашыруун" деген белги менен сакталган документтерин ачыкка чыгарууда кандай тоскоолдук бар? Жогорку Кеңеште сунушталып жаткан мыйзам долбоору буга жол ача алабы? Талкууга белгилүү тарыхчы окумуштуу Кыяс Молдокасымов, тарых илимдеринин доктору, коопсуздук кызматынын запастагы полковниги Болот Абдырахманов, тарыхчы Жумагул Байдилдеев катышты.

- Постсоветтик мейкиндикте КГБнын архивин ачкан саналуу гана өлкөлөр болуптур. Акыркы жылдары Украина менен Латвия архивдерин кеңири ачып койду. Бизде бул маселе эгемендик жылдарында көп ирет көтөрүлүп, бирок ишке ашкан эмес. Айрымдар "КГБнын архивдерин ачса кесепети болот" деп да чочулап жүрүшөт. Чочулатып, кооптондура турган эмнеси бар? Болот агай, КГБда иштеген киши катары, сөздү өзүңүздөн баштайлы.

Болот Абдырахманов.
Болот Абдырахманов.

Болот Абдырахманов: Архив деген – бул көп нерсенин сырын ача турган, түз баа бере турган, өткөн менен азыркыны байланыштыра турган өтө маанилүү нерсе. Коопсуздук комитетинин архиви деп айтып жатпайсыңарбы, эгемендикке жетишкенден бери Орусиянын дагы архивдери бир кыйла ачылды. Мисалы, мен 5-6-жыл докторлук илимий ишим менен алек болуп жүргөндө репрессияга байланышкан бир топ материалдарды орус илимпоздорунун монографияларынан тапкам. Алар КГБнын архивинен алган экен. Демек, алар да ачкан. 1930-жылдары союз боюнча канча киши репрессияланган, кайсы берене менен, алардын арасында канчасы кыргыз – ушулардан бери так жазылган. Мен бир топ маалыматтарды ошолордун китептеринен алдым.

Эми КГБнын архиви деп койсо эле корко бербеш керек. Колуңарда турган 10 томдук китепти репрессияга дуушар болгондорду актоо максатында көп жыл бою КГБнын архивиндеги репрессияга байланышкан 14 жарым миң өзүнчө фондду иликтеп отуруп жаздым. Ачыккка чыгаруу десе эле атайын кызматтын архивинин баарын ачып коё тургандай түшүнбөш керек.

КГБнын көп архивдеринин көп фонддору бар, азыр ошонун ичинен саясий репрессияга дуушар болгондордун фонду жөнүндө гана сөз болуп жатат. Албетте, ар бир мамлекеттин өз сырлары бар, айрыкча атайын кызматтын. Эч ким анын баарын ачып салгыла деп жаткан жери жок. Ал эми жанагы архивдерде иликтей турган материалдар али көп. Анткени мен саясий репрессияга дуушар болгондорду 100% акталды деп айта албайм. Ушул ишти соңуна чыгарыш керек.

Подкастты бул жерден угуңуз:

- Архивдерди электен өткөрүп, анан ачыкка чыгарыш керек деген кеп болуп жатат. Кыяс агай, окумуштуу катары сиз буга эмне дейсиз?

Кыяс Молдокасымов: Эми бул жерде илимий баалуулугун караш керек, биз тарыхчы катары көп жылдардан бери Улуттук коопсуздук кызматынын архивине кирип, изилдөө иштерибизди жүргүзө албай келебиз. Архивдерде аябай көп маалыматтар бар, аларды адистер үчүн эчак эле ачыш керек болчу. Эгерде биз Улуттук коопсуздук кызматынан тийиштүү маалыматты сурасак, алар бизге чакан эле маалымат берип коюшат. Ал эми адистер өздүк ишти караса, анын ичинде 15 беттен 30 бетке чейинки маалыматтар бар. Ошол 15 беттик, 30 беттик маалыматтын ичинде илимге керектүү, өтө кызыктуу, коомчулукка ачык айта турган маселелер бар.

Кыяс Молдокасымов.
Кыяс Молдокасымов.

Ошолорду бөлөк өлкөлөр эчак эле ачкан, эми биз дагы адистер үчүн ачышыбыз зарыл. Албетте, УКМКнын архивине баардык кишилер эле кире бербейт. Репрессияга дуушар болгон, андан мурдагы, андан кийинки, тарых үчүн абдан кызыктуу, абдан маанилүү документтерди адистердин колуна бериш керек. Адистер иликтеп, өздөрүнө ылайыктуу материалдарды алып, ал маалыматтарды коомчулукка жарыя кылышы зарыл. Маселенин баары ушунда. Буга чейин такыр ачылбай келбедиби. Мына эми эч коркпостон адистер үчүн ача турган мезгил келди.

Жумагул Байдилдеев: Биз жыйырма жылдан бери ушул маселе боюнча алектенип келе жатабыз. Кыргызстанда репрессия темасын изилдеген саналуу эле тарыхчы бар. Репрессия темасын иликтегенде сөзсүз архивдерге кайрылыш абзел. Бул архивдик маалымат менен иликтенчү тема. Борбордук мамлекеттик архивдин саясий иш кагаздары бөлүмүндө репрессияга дуушар болгон инсандардын өздүк иштери сакталган. Кээ бир өздүк иштердин ичинде сурактары деле бар. 20-30% ачык эле турат.

Калганы (негизги өздүк иштер) Улуттук коопсуздук кызматынын архивинде турат. Биз канча жылдан бери Улуттук коопсуздук кызматынын архиви ачыкка чыкса деп жазып келе жатабыз. Мурда, 90-жылдардын ортосунда бир топ коомдук ишмерлерге, илимпоздого архивге кирип, өзүдүк иштер менен таанышканга уруксат берилген экен. Ал эми 2000-жылдардан бери кайрылсак, акталгандардын тизмесин беришет, бирок кайсы берене менен кылмышка тартылып, кайра кайсы берене менен акталгандыгы тууралуу маалыматтарды ала албай келебиз. Улуттук коопсуздук комитетиндеги архивдердин ачыкталышы өздүк иштер менен таанышып, тарыхтын ак-карасын такташ үчүн өтө зарыл деп эсептейм.

Кыяс Молдокасымов: Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбековдун кайсы жерде коюлганы бүгүнкү күнгө чейин белгисиз. Мындай маалыматтар Улуттук коопсуздук кызматынын архивинде эле эмес, Москвадагы архивдерде да болушу мүмкүн. Орусиянын атайын кызматынын архивдеринен дагы керектүү маалыматтарды алганга мүмкүнчүлүгүбүз болушу зарыл. Мисалы, Ишеналы Арабаевдин Ташкентте каза болгонун билебиз, бирок эмне болуп каза болду, кандай жагдайда каза болду (тергөө учурунда каза болдубу же атылып кеттиби), анын сөөгү кайсы жерге коюлду – азырга чейин билбейбиз. Дагы бир мисал, Боогачынын тагдыры. Айрымдар Боогачы кулакка тартылып, Чыйырчыктагы заводдо иштеп жатып ошол жерде каза болгон десе, дагы бирөө Өзгөндө, Мырзакеде каза болгон дешет. Анын кайсы жерде каза таап, кайсы жерде коюлганы тууралуу так маалымат жок.

Ошон үчүн тийиштүү маалыматтарды адистер алып, тарых илимине киргизгенде ошондо коомчулуктан жашыра турган эч нерсе жок турбайбы, муну илимде пайдаланса болот турбайбы деп, элдин дагы буга чейинки күдүк ойлору таркайт. Биз, адистер, архивди ачыш керек деп айтып жатканыбыздын себеби ушул.

- Болот агай, "Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары" деп аталган бул 10 томдук китепти үч жыл мурун жарыяладыңыздар. 20 миңдей кишини тактап чыгыпсыздар. Муну такташ, албетте, мурдагы коопсуздук кызматынын кызматкери катары сизге оңоюраак болсо керек. Башкаларга караганда сизге архивге киргенге артыкчылык болдубу?

Болот Абдырахманов: Бул китепке материал топтоп жатканда биз деле ошол убактагы мыйзамдардын чегинде иш алып бардык. Азыркы жаңы мыйзам долбоору бизге акталбай калган кишилердин өздүк ишин карап, иликтөөгө мүмкүнчүлүк берип жатат.

- Демек, ошол учурда колуңуз жетип, бирок ачыкка чыгара албай калган нерселерге мүмкүнчүлүк пайда болгон турбайбы?

Болот Абдырахманов: Ооба. Бул жаатта али да аткара турган иштер көп. Мисалы, ИИМде ачыктала элек материалдар бар. Аларды карап көрүп, иликтеп чыгыш керек. Ошондо гана биз канча киши репрессия болгондугун так билет элек. Жогорку Кеңеште талкуу болгондо чыгып сүйлөгөндөрдүн бири поюзда алып баратып бүт баарын атып салышкан экен деп айтты. Туура, аларды репрессия болду деп эсептесек болот, бирок ошол кишилердин аты-жөнү документ болуп, архивге сакталдыбы же жокпу? Ошондой атылып, жок болуп кеткен адамдар тууралуу архивде из калбаса, биз бир эле кишинин айтканы боюнча актай албайбыз да. Азыр биз укуктук жактан документтерди гана иликтешибиз керек.

Репрессия болгону документтештирилген кишилерди гана такташыбыз зарыл. Жүз миңдеген адамдар репрессияга дуушар болгон дегенде мен кичине чочуйм. Бир жагынан алганда туура, репрессия болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү "душмандын бүлөсү" аталып, баары тең эле азап-тозокту көрдү. Ырас, алардын баарын санаса 200-300 миңге жетиши мүмкүн. Бирок документтерге гана таяныш керек. Эгерде архивди ачсак, ошондо көп маселелер чечилет эле.

Жумагул Байдилдеев.
Жумагул Байдилдеев.

Жумагул Байдилдеев: Албетте, биз архивдерди ачып жатканда эң мурда репрессияга дуушар болгондорго көңүл буруу керек деп айтып жатабыз. Экинчи маселе, ушул репрессия курмандыктарынын документтери ачыкка чыгып жатканда коомчулукта сөзсүз түшүнбөстүктөр болот. Азыртан эле ар түрдүү сөздөр болуп жатпайбы. Алтүгүл өзүбүздүн тарыхчылар да ар кандай сүйлөп ийген учурлар кездешип жатат. Ошондуктан архивдеги материалдар биринчи илимпоздордун колунан өтүшү керек. Алардын ар бирин талдап, иргеп, анан коомчулукка алып чыксак, жанагыдай кеп-сөздөр болбойт.

Кыяс Молдокасымов: Эми ал архивдик документтердин ичинде көп маалыматтар болушу мүмкүн. Кыргыздын менталитети менен Прибалтика өлкөлөрүнүн элинин менталитети экөө эки башка. 1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүштүн жүз жылдыгын белгилеп жатканда Жумгалда: "Сенин атаң биздин атабызды аттырып салыптыр" деп, кишилер бири-бирине доомат койгон окуя да болуп кеткен. Учурда Улуттук коопсуздук кызматынын архивинде досуна досу, тууганына тууганы көргөзмө берген учурлар бар. Ошол кездеги көчө менен көчөнүн, урук менен уруктун, уруу менен уруунун ортосундагы араздашкан жагдайлар тууралуу маалыматтар коомчулуктун колуна тийип калса, маселе жаралышы мүмкүн. Бирок илим адамдары аталган материалдар эл арасында жиктешүү пайда кылбай тургандыгын, жалпыга кедергиси тийбей тургандыгын тактап туруп, анан аларды өз эмгектеринде колдонушу зарыл.

Тарыхка, илимге тиешелүү маалыматтарды бүгүнкү күндө коомчулуктан жашырыштын кереги жок, биз архив ачылсын деген талаптарды коюп, ушул мыйзамды колдоп жатабыз. Аталган мыйзамдын 4-беренесинде кимдерди акташ керек, кимдерди актаганга болбой тургандыгы белгиленген. Архивдик материалдарды кантип пайдалануу тууралуу да өзүнчө беренелерде көрсөтүлгөн.

- Мыйзамды мен да карап көрдүм, ал жерде атайын кызматка тиешелүү баардык эле материалдарды ачыкка чыгаруу жөнүндө кеп жок турбайбы.

Кыяс Молдокасымов: Ооба, ал жерде баарын эле ачыкка чыгаруу тууралуу кеп жок. Ал жерде сөз илимге, тарыхка керектүү документтерди ачыктоо жөнүндө болууда. Кулакка тартуу жана ушул сыяктуу окуяларды чагылдырган "жашыруун" деген белги менен сакталган документтер бир эле Улуттук коопсуздук кызматынын эле эмес, Ички иштер министрлигинин архивинде да бар. Мына ошолорду да ачыкка чыгарыш керек. Ал жерде ошол мезгилде иштерди карап жаткан Жогорку соттун документтери да болушу ыктымал. Алар да "жашыруун" деген белги менен сакталышы мүмкүн. Биз ушулардын баарын комплектүү түрдө ачуу жагын караштырып жатабыз. Болот агай туура айтат. Ал жерде дагы эки миңдей адамдын тагдырын тактай турган документтер бар деп жатышат. Ошондой эле Ички иштер министрлигинин архивине тиешелүү документтер али ачыла элек.

Болот Абдырахманов: Аталган мыйзамды талкуулап жатканда ар кандай пикирлер айтылууда, "башкаларды актаса, менин атамды да актасын" деп, доомат койгондор да бар. Башкача айтканда, ушунун аркасы менен айрымдар башка кылмыш жасап (мисалы, уурулук кылып же киши өлтүрүп) жазалангандарды да актагысы бар. Бирок бул жерде жалаң саясий репрессияга дуушар болгондорду актоо тууралуу сөз болуп жатат. Бул мыйзам менен адам канына забын болгондорду актасак туура эмес болуп калат. Маселен, отузунчу жылдары колхозду уюштурууга жана аны башкарууга катышкан баатыр энебиз Уркуя Салиеванын башын алган басмачыларды азыр бөлөктөр менен кошо актап койгон туура эмес да. Ошон үчүн бул маселеде өтө кылдат иш алып барыш керек.

- Айрым учурда тарыхый фактыларга субъективдүү баа берилип, аны саясатташтырып жиберген учурлар бар. Мисалы, кайсы бир тарыхый инсанды башкасына каршы койгон учурлар болбойбу?

Жумагул Байдилдеев: Мен буга мындай жооп берет элем. Албетте, 30-жылдары жүргүзүлгөн сурактарда бири-бирине каршы көрсөтмө бергендер болгон. Биринчиден, алардын колуна мык кагып, абдан кыйнап, зордук менен мойнуна алдырган же ушинтип айттырган. Экинчиден, карапайым элдин көбү сабатсыз болгондуктан, өзүн же башкаларды эмне үчүн айыптап жатат, кандай күнөөлөрдү коюп жатат түшүнгөн эмес.

Бир мисал, Тоңдон Балыкчыны көздөй күүгүм кирип келе жатканда курал-жаракчан НКВДнын кызматкерлери беш кишини айдап келе жаткан экен. Аларга утуру келе жаткан бир атчан жолоочу: "Баланча, сенсиңби?" - деп айдалып бараткандардын биринен сурайт. Ошондо артта келаткан кызматкер: "Сен, эмне, муну тааныйсыңбы?" - дейт. А тиги: "Ооба, тааныйм",- деп жооп берсе: "Анда түш аттан, сен бул эл душманын тааныйт экенсиң", - деп, аны да кошуп айдап алышат. Ага да Социал-туран партиясынын мүчөсү деп күнөө коюшат. Суракта андан: "Сен качантан бери Социал-туран партиясынын мүчөсүсүң?" - деп сурашса, ал: "Мен Туран акени жайдын күнү Жайлоодо эле көрдүм эле, андан бери көрө элекмин" - деп жооп берет. Ал өзүнө кандай айып тагып жатышканын түшүнгөн да эмес. Жөн эле камалып жатат.

Үчүнчүдөн, Жусуп Абдырахмановду айыптоо боюнча өздүк иштерде жазылып турат. Биздеги саясий документтердин архивинде да, Амосовдун сурагында да (Лена Амосова мага ФСБден алып чыккан документтерди берди эле) кыргыз интеллигенциянын суракка алынгандыгы тууралуу маалыматтар бар. Ошолордо Төрөкул Айтматовду, Баялы Исакеевди жана башка белгилүү саясий ишмерлерди Жусуп Абдырахмановду колдогон, аны менен иштешкен деп күнөөлөп жатышат. Туура, Жусуп Абдырахманов Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы болуп иштеп жатса, Төрөкул Айтматовдор, Баялы Исакеевдер анын кол алдында эл комиссары болуп бирге иштешкен да. Мамлекеттик жумуштарды чогуу аткарышкан. Муну ушундай, үч өңүттөн түшүндүрсө болот.

Андан бери 85 жыл убакыт өттү. Ал эми бүгүн бири-бирин ачык эле каралап, каматып жатышпайбы. Ошондуктан тарыхчылар элге маалыматты туура жеткириш керек.

- "Ата-Бейит" тууралуу айтканда бул - КМШ өлкөлөрүнүн ичинен даректүү жана далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын бирден бир көрүстөнү. Болот агай, муну ачуунун башында өзүңүз турбадыңызбы. Эгер архивдер ачылып калса, ушундай жайлардын дагы бир нечесинин изи чыгып калышы мүмкүнбү?

Болот Абдырахманов: Мүмкүн. "Ата-Бейит" ачылгандан кийин КГБга Нарындан, Оштон, Ысык-Көлдөн "биздин да аталарыбыз ушинтип атылган эле, ошолордун жаткан жерин тапсак" деген көп кайрылуулар, каттар түштү. Сен "Ата-Бейитти" таптың, сенин тажрыйбаң бар дешип, жетекчилер ошол тапшырманы мага жүктөштү. Бирок биз ошондо архивдерди карап көрүп, тапкан жокпуз. Божомолдуу маалыматтар бар. Бизге Ысык-Көлдөн репрессиялангандар Караколдун НКВДсынын түрмөсүндө атылып, тескей жакка, Жети-Өгүз суусу куюлган жерге көмүлгөн деген маалымат келген. Мен ал жерге бардым. Жүздөгөн гектар аянтка чычырканак өскөн, кум төшөлүп жаткан жер экен. Бизге өтүнүч менен кайрылган аксакал атам ушул жерлерге көмүлгөн дейт. Бирок кайсы дарактын, таштын түбүнө көмүлгөндүгүн так билбейт. Ошондой эле Ошто, Сулайман-Тоонун чет-жакасында, Нарында да кайсы бир жардын түбүндө көмүлгөн деп айтып жүрөшөт.

Кээ бир өлкөлөрдө мындай практика бар. Ошондой болжолдуу жерлерге атайын эскерме-белги коюшат. Мен Ысык-Көлдө иштеп жүргөндө губернаторго жүздөгөн гектар жерди казып отургандын кажети барбы, андан көрө ошол жакка бараткан жолдун боюна: "Бул жерлерде сталиндик репрессия курмандыктары жатат" дегендей биз дагы эскерме белги койбойлубу деп сунуш айткан элем. Андай белгини Сулайман-Тоонун машине бара ала турган жерине койсо да болот. Мен бир кат боюнча Ошко барганда бир аксакал кишилерди Сулайман-Тоого көмүшкөнүн айтты. Ал аксакалдан: "Тоонун кайсы тарабында, кайсы жардын түбүндө?" - деп сурасам: "Билбейм, балам", - деп жооп берди. Сулайман-Тоодо отуз кылымдан берки келе жаткан эски мүрзөлөр бар. Эгер казып баштасак, алардын тынчын алабыз десем, туура айтасың дейт. Менде ушундай сунуш бар.

Кудай буюруп, мобул комиссия иштеп калса, ушуну да сунуш кылсак туура болот. Эгерде архивдердин үстүнөн иштеп жатканда жанагыдай материал табылып калса, албетте көңүл бурбай койбойбуз. Сөзсүз муну да изилдеп, тактаганга аракет кылабыз.

- Демек, ошондой маалымат чыгып калышы да мүмкүн деген үмүт бар экен да?

Жумагул Байдилдеев: Эл арасында репрессиялангандар Ошто Ак-Бууранын жээгине, Нарында Нарын суунун жээгине, Ысык-Көлдө Күрмөнтүдөгү шахтага көмүлгөн деген маалымат айтылып жүрөт.

Кыяс Молдокасымов: "Ата-Бейиттен" тышкары да шаардын чет жактарында да жапырт көмүүлөр болгон. Ал гана эмес ошол доорлордогу бейиттер дунгандардын мүрзөсүнө, Ала-Арча бейитине да көмүшкөн. Ал жерлерди кадимкидей чукуп, ал чуңкурларга ондон-жыйырмадан көөмп коюшкандыгы тууралуу эл оозунда айтылып келет. Бирок архивдик документтерде кайсы жерге көмүлгөндүгү тууралуу маалыматтардын көпчүлүгүн жок кылып ийишкен.

Ошон үчүн Бишкектин Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таштын жанында, Беш-Күңгөйдөгү жаңы салынган үйлөрдүн пайдубалын казып жатканда көптөгөн адамдардын сөөктөрү чыккан учурлар болгон. Бирок аларды иликтеп-изилдеп чыгышы үчүн археологдорду чакырышкан эмес, сөөктөрдү өзү төккүч машинеге жүктөп, башка жакка алып барып жашыруун төгүп салышкан. Ошол жерде курулушта иштеп жаткан балдар: "Биз барып, сөөктөрдү жашырып, курап окуганбыз" деп айтып жүрүшөт.

- Бул кайсы учурда болгон окуя?

Кыяс Молдокасымов: Эгемендиктин эле учурунда болгон окуя. Беш-Күңгөйдөгү Көк-Жардын жогору жагында Улуттук аскердик госпиталь бар эмеспи, ошонун нары жагында үй салып жатышканда адамдардын сөөктөрү чыккандыгын курулушчулардан уккам. Убагында бул тууралуу "Жаңы Ордо" гезитине макала да жазганмын.

Алар тууралуу документтер бир жерде жатат. Улуттук коопсуздук кызматынын архивинде болбосо, балким, Ички иштер министрлигинин архивинде же болбосо Орусия архивдеринде болушу ыктымал. Аларды буга чейин адистер изилдебегенден кийин биздин колго тие элек.

- Совет мезгилинде биздеги архивдин бир бөлүгү жок болуп кеткен болушу да мүмкүнбү? Советтер Союзу тарап жатканда башка жактарга алып кетишкен эмеспи?

Болот Абдырахманов: Жакшы суроо бердиңер. Көңүл бурсаңар, мобу китептин астында "1920-1953-жыл" деп жазылып турат. Эмне үчүн 1920-жыл? Совет бийлиги Кыргызстанда 1918-жылы орногон деп эсептелет. Бирок анда Кыргызстан Түркистандын курамында эле. 1920-жылга чейин ЧК бөлүмү, алардын кеңсеси Ташкентте болгон. Демек, алардын бүт иш-чаралары тууралуу эки жылдык документтер Ташкентте. Биздин КГБнын архиви 1920-жылдан башталат.

Мурда биз СССРдин курамында болгондуктан маанилүү материалдарды Москва алып кетишчү. 1938-жылы репрессия күчөп турган убакта жаман иштерди кылган НКВДнын жетекчиси Лоцманов өзү кийин репрессияга дуушар болду. Ошонун өздүк ишин Москвага алып кетишкен. Эгерде аталган мыйзам иштей баштаса жана ушул мыйзамга таянып биздин жетекчилер келишим түзсө, Казакстанга, Өзбекстанга, Орусия жана Украинага барып, ошол жактан Кыргызстандын жарандарынын тагдырын алардын архивинен издесек жакшы болмок. Алардагы маалыматтарды алып келсек, дагы миңдеген кишилердин аты-жөнү белгилүү болот.

- Эми архив деп эле айтып жатабыз, КГБнын архивинде, фондунда канча материал бар экенин билбейбиз да, анда тарыхтын актай барактарын толтурганга жетиштүү материал барбы?

Болот Абдырахманов: Материал толтура. Архив ачылса Кыргызстандын илимпоздоруна ошол документтерди иликтеп-изилдегенге көп мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Көп сырлар ачылат. Андан коркпош керек. Буга Москва кандай көз карашта болот деп корккон саясатчылар да бар. 1916-жылкы үркүн тууралуу дале ачык айттык, эми мындан эмне үчүн коркушубуз керек. Ансыз деле көп нерселер билинип калды. Мен азыр ошол архивдин кичинекей эле бир бөлүгүн ачып, докторлук диссертациямды жактадым. А эгерде толук ачсак, алдыда жаш муундардын илим изилдөө иштерине кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

- Аталган архивдер ачылып калса, Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы туткундар жөнүндө да маалыматтарды тапса болобу?

Болот Абдырахманов: Тапса болот. Колго түшкөн өзбек, казак, кыргыздардан Түркистан легионун түзүп, аларды Польшанын токойлорунда урушка даярдашкан. Алар согушка жигердүү катышкан деле эмес. Немистер эгер Орто Азияны басып ала турган болсок деген максатта, алардын ичинен сабаттууларын жетекчилик кызматтарга даярдашкан. Алар немистерге кыйратып да кызмат кылган эмес болуш керек.

- Алардын өздүк иштери барбы?

Болот Абдырахманов: Бар. Сталиндин учурунда туткунга түшкөндүн баары душман эсептелчү да. Ошондон коркушуп, согуштан кийин легиондогу биздин жарандар Германияга кетип калган. Ал жакта да өлүп калгандар көп болгон. Ошондуктан ар бир өздүк ишти тыкыр иликтөө зарыл. Түркистан легионундагылардын баарын баатыр же чыккынчы болгон деп, бир жактуу бүтүм чыгарууга болбойт.

- Улуттук архив тууралуу мыйзам долбоорун өзгөртүү сунушталып жатат. Сиздер аны талкуулоого катышып жатасыздар. Аталган мыйзам эмнеге жол ачат, изилдөөчүлөр үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет?

Кыяс Молдокасымов: Ал жерде кандай кишилерди актоого мүмкүн эместиги жазылып жатат. Биз 1918-жылдан бери карап жатпайбызбы. Кошуна Өзбекстан 1918-жылдан бери улуттук кыймылдарга катышкан басмачыларды улуттук каармандар, улуттук баатырлар деп, көпчүлүгүн актады. Ошол мезгилде жок жерден аралашып калган карапайым дыйкандарды, өз мамлекетибиз эгемен болсун деген идея менен күрөшкө чыккандарды окумуштуулар дыкат иликтеп, эркиндик, эгемендик үчүн күрөшкөндөрдү улуттук баатыр катары ачыкка чыгарышыбыз керек. Албетте, жөнөкөй элди мыкаачылык менен кыргандарды да баатыр катары таанууга же актоого болбойт.

Улуттук коопсуздук кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Жогорку соттун жашыруун белги менен сакталган архивдерин ачыкка чыгаруу репрессия курмандыктарына тиешелүү жана совет доорундагы идея үчүн курман болгон адамдар жана карапайым эле кишилердин ичинен жалган жалаа менен оор тагдырга туш болгондор тууралуу маалыматтарды ачык-айкын иликтөөгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG