Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

"Жашыруун архивге жол ачылмак". Репрессия курмандыктарын актоо сунушталды


“Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги 1937-1938-жылдары сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган эстелик.
“Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги 1937-1938-жылдары сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган эстелик.

Кыргызстанда советтик репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоору сунушталды. Документ 1918-1953-жылдары саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынгандарды реабилитация кылуу үчүн жазылган.

Долбоордун авторлору бул сталиндик репрессиянын себептерин жана масштабын көрсөтүп, тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирмек деп эсептешет.

“Тарыхый адилеттүүлүк керек”

Жогорку Кеңештин төрт депутаты – Жанарбек Акаев, Нурланбек Шакиев, Чолпон Султанбекова жана Мирлан Самыйкожо автор болгон мыйзам долбоору 22-декабрда коомдук талкууга коюлган.

Документте 1918-1924-жылдардагы “кызыл террор” жана 1929-1953-жылдардагы сталиндик репрессия мезгилиндеги окуяларды түшүнүүгө жана аларга саясий баа берүүгө убакыт келгени жазылган. Бирок бул жылдар аралыгында саясий жана диний ишеними үчүн, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынган, өлтүрүлгөн миңдеген адамдар ушул күнгө чейин толук акталып, реабилитация боло электиги белгиленген.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Жанарбек Акаев документ тарыхый адилеттүүлүк үчүн маанилүү экенин айтты.

“Эркиндик, чындык үчүн күрөшкөн ата-бабаларыбыз тарыхта басмачы катары окутулуп келген. Биз алардын чыныгы максатын ачыктап, улуттук боштондук кыймылынын мүчөлөрү деп таанып, тарыхый жактан тактап анан мыйзам менен бекитип коюшубуз керек. Бул маселе Кыргызстанда эмнегедир көтөрүлбөй келатат. Өзбекстанда болсо Жогорку соту аларды актады. Биз да ата-бабаларыбызга туура тарыхый баа берилип, кийинки муун алар тууралуу так маалымат алышын каалайбыз”.

Жогорку Кенештин депутаттары “Саясий жана диний ынаным үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана кепилдиктери жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” эки мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Атайын кызматтын архивине жол ача турган документ

Долбоор кабыл алынса ушул күнгө чейин жашыруун делип Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) архивинде сакталып, тарыхчылардын колу жетпей келаткан архивдик документтер Мамлекеттик архив кызматына өткөрүлүп берилет. Атайын кызматтын архивинде репрессияга кабылгандардын тизмеси, алар суракка алынган учурдагы суроо-жооптор жана башка бир катар документтер бар.

Тарыхчы Аида Кубатованын пикиринде, УКМКдагы ал документтер коомчулукка жарыяланса, массалык репрессия боюнча бир топ жаңы маалыматтар ачыкталмак.

“Кыргызстандын 20-30-жылдардагы тарыхынын бир бөлүгү УКМКда сакталып турат десем болот. Ал ачыкка чыкса көп маалыматтар анык болмок. Мисалы, Казакстанда “Алаш ордонун” документтерин, алардын мүчөлөрүнө тергөөдө кандай суроолор берилген, кандай жооптор болгонун жарыялап атышат. Андан тышкары архивдик документтердин жыйнагын чыгарышты. Бизде болсо маалымат сурасаң, “мынчанчы жылы камалган, мынчанчы жылы акталган” деген эле кыска маалымат беришет. Ошол кездеги кырдаалды толук көрсөтүш үчүн тергөөдөгү суроо-жоопторду да билсек жакшы болмок”.

УКМКдагы жашыруун архивдерди КГБнын мурдагы кызматкери, запастагы полковник Болот Абдрахманов гана карап чыгып, 2020-жылы “Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары” деген он томдук китеп чыгарган. Абдрахманов атайын кызматта бир топ жыл эмгектенгендиктен, ага башка изилдөөчүлөргө буюрбаган мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Китепке Кыргызстанда 1920-1953-жылдарда саясий куугунтукка кабылган 20 миң адамдын тизмеси киргизилген. Репрессияга учурагандардын арасында 50гө жакын ар кайсы улуттардын өкүлдөрү, жүздөгөн жумушчулар, дыйкандар, чыгармачыл, педагогикалык, техникалык интеллигенция өкүлдөрү, партиялык, комсомолдук кызматкерлер болгон.

“Репрессияга кабылгандардын баарын жапырт актап жиберүү да туура эмес. Биз архивдик документтер менен иштегенде чын эле совет өкмөтүнө каршы иштеген, киши өлтүргөн деген оор айыптар тагылгандарды көрдүк. Алар эми реабилитация кылууга жатпайт да. Бул ишти кылдат жасап, комиссия түзүш керек. Анан алардын пикирин билип иштебесе болбойт”, - деди Болот Абдрахманов.

Ал атайын кызматтын архивиндеги документтерди Мамлекеттик архив кызматына өткөрүп берүүгө каршы. Абдрахмановдын сөзүнө караганда, документтер УКМКда бардык талаптар менен сакталып турат. Эгерде ал архив кызматына берилсе бузулуп, жок болуп кетиши мүмкүн.

Комиссия демекчи, мыйзам долбооруна ылайык, Жогорку Кеңеш саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссия түзөт. Ал Илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнография институтуна караштуу болот. Ага өкмөттүк эмес укук коргоо уюмдарынан, совет мезгилиндеги Кыргызстандын тарыхын изилдөөгө адистешкен илимпоздорду, Акыйкатчы институтунан, укук коргоо органдарынан жана Мамлекеттик архивден кызматкер кошулат.

Миңдеген адамдын өмүрүн алган репрессия

1937-38-жылдары күч алган репрессияда Кыргызстандан ар кандай булактарда 20 миңден 40 миңге чейин адам өлүм жазасына тартылганы айтылат.

Ошол кездеги коомдук ишмерлер Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлүнө да “эл душманы” деген айып коюлуп, 1938-жылы 5-8-ноябрь күндөрү атууга кеткен. Бирок алардын кайсы жерге көмүлгөнү ондогон жылдар бою белгисиз болуп келди. Алардын сөөгү көмүлгөн жер 50 жылдан ашык убакыттан кийин гана дайын болгон.

Сталиндик репрессия маалында жалпы СССР калкынын 1,7 миллиону камалып, алардын миллионго жакыны атууга кеткен. Советтер Союзунун курамындагы 11 республиканын жашоочулары жашаган жеринен зордоп көчүрүлүп, ушундай эле кысымга 48 улуттун өкүлү жарым-жартылай кабылган. Немистер, поляктар, калмактар, карачайлар, балкарлар, ингуштар, чечендер, крым татарлары, корейлер, финндер Сибирге, Казакстанга, Борбор Азия республикаларына айдалган. Улуттук негизде куугунтукка кабылган калктардын болжолдуу саны 6 миллиондон ашкан.

Тарыхчылар сталиндик репрессиянын залалын иликтөө зарыл экенин, Кыргызстанда бул иштин чети да оюла электигин айтып келишет.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстандын Жогорку соту былтыр совет мезгилиндеги репрессиянын курмандыгы болгон 200дөн ашык кишини актады. Дагы 100дөн көбүнүн ишин карап жатат. Коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев буга чейин “өзбек элинин мыкты атуулдары советтик репрессиянын курмандыгы болгонун” айткан.

Анын мындай билдирүүсү орус коомчулугунда жана маалымат каражаттарында талкууга түшкөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG