Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:59

"Соо жери калбаптыр". Абактан согушка тартылган мигранттын сөөгү келди


Орусияда абакта отурган жеринен Украинадагы согушка тартылган каракалпакстандык жигиттин каза болгонун өзбек бийлиги ырастады. Каракалпакстандын Элликкала районунун 43 жаштагы тургуну мигрант болуп иштеп жүргөн жеринен капыстан түрмөгө түшүп калганын жакындары билдирип жатышат.

Өзбекстандын коопсуздук кызматы анын сөөгү мекенине быйыл 30-январда жеткирилгенин билдирип, маркумду акыркы жайга узатуу учурунда тартылган видеону 10-мартта жарыялады. Ташкент бул маалыматты таратуу менен Украинадагы согушта өзбекстандыктар каза болгонун биринчи жолу моюнга алды. Буга чейин "Азаттыктын" өзбек кызматы өз булактарына таянып, бир нече жаран окко учканын жазып чыккан.

"Уулум мартта келем деген"

Өзбекстандын атайын кызматы тараткан тасмада маркумдун апасы уулунун аты Фахреддин экенин, ал буга чейин Орусияда миграцияда жүрүп камалганын билдирген:

"Курулушта иштеп жүргөн жеринен уулум башка улуттагы жигиттер менен уруша кетип, камакка түшүп калды. Быйыл мартта жаза мөөнөтү бүтүп келиш керек эле. Орусиядагы кызыма "согушка барсам, мөөнөтүм кыскарат экен" деп айтыптыр. Жыл башынан бери дайыны чыкпай калган".

Фахреддиндин апасынын айтымында, Москвада иштеп жүрүп, уулу бөйрөк оорусуна чалдыккан. Бирок ага карабай оор жумуштарда иштеп, маал-маалы менен үйүнө акча салып турган.

Маркумдун аркасында 14 жаштагы кызы жана аялы калды.

"Табытын ачпагыла"

Өзбекстандын коопсуздук кызматы тараткан тасмада маркумдун иниси ал былтыр орус абагынан Украинага жөнөтүлгөнүн айтканын көрүүгө болот.

"Агам беш жылга кесилген. Аны абактан согушка жөнөтүшкөн. Өз каалосу менен кеткенин же мажбурланып кеткенин билбей калдык. Абакта жатканда кабарлашып турат элек, бирок согушка кеткенден кийин байланыш такыр үзүлдү", - деди анын иниси.

Инисинин айтымында, согушта агасы турган жерге снаряд түшкөн, сөөгү таанылгыс болуп калган.

"Сөөктү өздөрү учак менен жөнөтүштү. Жаназасы үйдө окулуп, жерге бердик. "Табытын ачпагыла" дептир бирок мен өзүм ачып көрдүм. "Снаряд түшүп, өлдү" дешкен. Денесинде соо жери калбаптыр. Бүт жери тешилип кеткен. Башынын аркасындагы белгиден араң таанып, агам экенин билдим".

Өзбек бийлигинин эскертүүсү

Бул Өзбекстандын бийлиги өз жаранынын Украинада каза болгонун расмий ырастаган биринчи учур. Өткөн айда "Азаттыктын" өзбек кызматы Самарканд облусунун эки тургуну Украинадагы согушта өлгөнүн, алардын сөөгү мекенине жеткирилгенин жазган. Андан тышкары, дагы беш өзбекстандык каза тапканы тууралуу маалыматтар бар. Бирок Ташкент расмий түрдө эч бирин бышыктаган эмес.

Өткөн апта Өзбекстандын атайын кызматы жарандарга кайрылып, чет өлкөдө аскерге жалданып, куралдуу жаңжалдарга катышкандарга катаал жаза каралганын эскертти.

Былтыр сентябрда Өзбекстан мусулмандарынын башкармалыгы жарандарды Украинадагы согушка катышпоого чакырган.

Башкармалыктын Фатва борбору социалдык тармактарда “Орусия жана Украина сыяктуу согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдө жашаган өзбекстандыктарды ар кандай убадалар менен урушка үгүттөгөн учурлар” байкалып жатканын жарыялаган.

"Мындай кутумдарга аралашуу шариятта арам деп эсептелет. Мындан тышкары, биздин мыйзамдарыбыз чет мамлекеттердин аскердик түзүмдөрүнө, мыйзамсыз диний уюмдарга жана террористтик топторго мүчө болууга тыюу салат", - деп айтылат муфтият таратка маалыматта.

Украинада орус армиясы жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин “Вагнер” жеке аскердик компаниясы компаниясы абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон.

  • Бул уюм абактардан согушка алып кеткен жарандардын арасында борборазиялыктар да, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да бар экенин, айрымдары каза болгонун мурдараак "Азаттык" жазган.
  • Өлгөндөрдүн алтоо кыргызстандык экени аныкталган.
  • "Вагнердин" өкүлдөрү абактарды кыдырып, ал жакта отургандарды согушка тартканын орус түрмөлөрүндө отурган кыргызстандыктар ырасташкан.
  • Кыргызстандык канча атуул жалданмалардын торуна түшкөнү азырынча белгисиз.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG