Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

Бахмутта кырдаал "тозоктогудай", үрөй учурган видеонун таржымалы


Тимофей Шадуранын сөөгү Бахмуттун оккупацияланган аймагында экенин украин жоокерлери билдиришти.
Тимофей Шадуранын сөөгү Бахмуттун оккупацияланган аймагында экенин украин жоокерлери билдиришти.

Донбасс аймагындагы Бахмут үчүн айыгышкан кармаш уланууда. Дүйшөмбүдө украин бийлиги шаарды колдон чыгарбай турууга буйрук берди. Ал эми Орусиянын жалданма жоочулары Москваны курал-жарак бербей жатат деп айыптады.

Америкалык CNN телеканалы Бахмут үчүн кармашта орустар украиндерге салыштырмалуу беш эсе көп күчүн жоготконун НАТОдогу өз булагына таянып кабарлады. Ал ортодо украин армиясынын 30-механизацияланган бригадасы туткунга түшүп калгандан кийин орус күчтөрү атып салган жоокердин аты-жөнүн жарыялады.

"Тимофей Шадура 2023-жылы 3-февралда Бахмут шаарындагы кармаш жүргөн райондордун бириндеги салгылаштан бери дайынсыз болгон. Биздин жоокердин сөөгү оккупацияланган аймакта жатат. Анын тек-жайы сөөгү кайтарылгандан соң атайын экспертизадан кийин айтылат", - деп жазылган билдирүүдө.

"Менин иним экенине 100% ишенем. Көзү, үнү, кантип чылым чеккени - баары аныкы", - деп 41 жаштагы Шадуранын эжеси жергиликтүү журналистке айтып берген.

Украин президенти Владимир Зеленский дүйшөмбү күнкү кечки кайрылуусунда Интернетте тараган видеого да токтолуп, "киши өлтүргүчтөрдү" табууга убада берди.

"Бүгүн тараган видеодо баскынчылар аларды тике карап туруп, "Украинага даңк!" деп айткан эр жүрөк жоокерди мыкаачылык менен өлтүрүштү", - деди украин лидери - Баатырга даңк! Киши өлтүргүчтөрдү табабыз".

Украинанын Баш прокуратурасы жана атайын кызматы үрөй учурган видеого байланыштуу иликтөө баштады. Токойдо аскер кийимчен турган киши "Украинага даңк!" деп айткандан кийин автоматтан ок жеп, турган жеринде кулаганы тартылган тасма 6-мартта Интернетте тарады. Видео качан жана кайда тартылганы белгисиз, ок чыгаргандар көрүнбөйт, алардын орусча сөгүнгөн үндөрү гана угулат.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба окуяга байланыштуу Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна кайрылды.

"Күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек. Бул согуш украин элин тукум курут кылууну көздөп жатканынын дагы бир далили", - деди Кулеба.

Омбудсмен Дмитрий Лубинец "Орусиянын аскер кылмыштарынын кезектеги далили" катары видеону эл аралык өнөктөштөрүнө жана башка мамлекеттердин омбудсмендерине жибергени маалым болду.

Жогорку Рададагы "Эл кызматчысы" фракциясы жоокердин аты-жөнү расмий бышыкталган соң "Украинанын баатыры" наамына көрсөтөрүн билдирди.

Кремль мындай дооматка комментарий бере элек. Украинадагы согушта эки тараптан тең туткундарды атып салды деген учурлар буга чейин дагы катталып, Киев менен Москва бири-бирин күнөөлөгөн.

Женева конвенциясына ылайык, согуш туткундарынын өмүрүн сактоого, аларга гумандуу мамиле жасоого кепилдик берилет. Бул эл аралык документке Орусия да кошулган. Туткундарды өлүмгө тартуу же аёосуз мамиле кылуу аскер кылмыштарына барабар.

Бахмутта кырдаал "тозоктогудай"

6-мартта Украинанын аскердик жетекчилиги Бахмутту коргоону улантууну чечкенин жарыялады. Шаарды коргогон жоокердин башчыларынын бири майдандагы кырдаалды "тозоктогудай" деп сыпаттады.

"Душмандын ок-дарысы түгөндү. Бирок анча-мынча дагы эле бар. Алар биздин инфраструктураны, логистикалык жолдорду талкалап, биз ээлеп турган жерлерди алгысы келет",- деди жоокер.

Украина дүйшөмбүдө орустар ар тарабынан чабуул койгон калаа үчүн айыгышкан кармаш уланып жатканын билдирди. Баяндамада белгиленгендей, жекшембиде украин армиясы шаардын периметринде коргоону бекемдесе, калаанын түндүк ыптасынан орус күчтөрү жырып кирген. Украин жоокерлерин жабдып турган жалгыз көпүрө жардырылды.

Талдоочулар орус тарапта болсо Коргоо министрлиги менен Бахмутта алдыңкы күчкө айланган жалданма вагнерчилердин тиреши даана көрүнгөнүн белгилеп жатышат.

"Бизге ок-дары бербей атышат. Бизге курал-жарак бербей жатышат. Биздин курамды толуктоого, анын ичинде абакта отургандардын эсебинен толуктоого уруксат бербей жатышат", - деди "Вагнер" жеке менчик компаниясынын ээси Евгений Пригожин.

Жалданмалардын анабашы Бахмутта вагнерчилер артка чегинсе, фронтто баары кыйрап каларын эскертти.

Пригожин өткөн жума күнү вагнерчилер Бахмутту толук курчоого алганын жар салса, дүйшөмбүдө ок-дары бербей жатат деп Москваны айыптаган видеосун Телеграм-каналына жарыялады.

Америкалык CNN телеканалы Орусия Бахмуттагы салгылашта Украинага караганда беш эсе көп жоокер жоготконун НАТОдогу өз булактарына таянып билдирди. Буга чейин Москва оор жоготууларга учурап жатканын Кошмо Штаттардын Согушту изилдөө институту (ISW) менен украин аскер жетекчилери маалымдаган.

ISW орус аскерлери Бахмут шаарынын айрым райондорунда алдыга жылганы менен украин армиясын чегинүүгө мажбур кыла албаганын билдирген.

Согушка чейин 70 миңдей калкы бар Бахмутта ушул тапта төрт миңдей жайкын тургун калганы маалымдалды. Алар жертөлөлөрдө суусуз, жарыксыз күн кечирип келатат.

Украинанын куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын 7-марттагы баяндамасында орус аскерлери Купянск, Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Шахтер багыттарында чабуулду күчөтүп жатканы айтылды.

Британ чалгын кызматы күнүмдүк баяндамасында согуш эки тараптын тең шайын оодарганын жазды.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG