Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:43

"Вагнер" азгырган дагы бир кыргыз жигиттин сөөгү келди


Орусия абагынан "Вагнер" жеке аскердик компаниясы аркылуу согушка кетип каза болгон кыргызстандык Эрлан Эрмеков (сүрөттү жакындары жөнөткөн).
Орусия абагынан "Вагнер" жеке аскердик компаниясы аркылуу согушка кетип каза болгон кыргызстандык Эрлан Эрмеков (сүрөттү жакындары жөнөткөн).

Орусиядагы түрмөлөрдүн биринен "Вагнер" жеке аскердик компаниясы аркылуу согушка кеткен дагы бир кыргызстандык жигит каза болгону белгилүү болду. Бул акыркы бир айда эле коомчулукка ачыкка чыккан төртүнчү учур.

Ушундан улам бир катар ата-энелер Орусиянын түрмөлөрүндө отурган балдарын Кыргызстанга которуу маселесин чечип берүүнү кыргыз бийлигинен суранууда. Ал арада Орусияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар соңку бир-эки айда аларга мамиле өзгөргөнүн, катаал шартка чыдабагандар согушка кетүүгө макул болушу ыктымал экенин жакындарына айтышкан.

"Балдарды сактап калгыла..."

"Азаттык" февраль айынын башында Орусияда тогуз жылга соттолгон кыргызстандык жигит, 30 жаштагы Эрлан Эрмеков "Вагнер" жеке аскердик компаниясы аркылуу согушка тартылганын жазган. Анын Украинадагы кан күйгөн кармашка кеткенине төрт айга чукулдаган. Апасы Гүлнара Закирова баласы бейкүнөө соттолуп кеткенин, кылмыш болгон учурда ал Кыргызстанда жүргөнүн айтып берген.

Ал акыркы бир жарым жылда Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилбей, аягында уулу Орусиядагы "Вагнер" компаниясынын тузагына илинип, Украинадагы согушка кеткенин айткан. "Азаттык" менен сүйлөшүп жатып, "таң атса кеч кирбей, кеч кирсе таң атпай, баламдын эсен-соо келишин тилеп отурам" деген эле. Тилекке каршы, "Вагнердин" кызматкерлери жалгызынан айрылганы тууралуу суук кабарды 20-февралда угузушкан.

"Мен бүгүн баламдын өлгөнүн уктум. Балам 6-февралда өлгөн экен, азыр угузушту. Башка балдарды сактап калганга аракет кылгыла. Түрмөдөгү башка балдарды согушка жөнөтпөш керек. Жалгыз баламдан айрылдым, мендей бир дагы эне боздобосун, балдарды сактап калгыла", -деп билдирүү жазды Гүлнара Закирова баласы тууралуу суук кабарды уккандан кийин.

Учурда маркумдун сөөгү Ош облусунун Араван районунда жерге берилди.

30 жаштагы Эрлан Эрмеков "тоноо", "зордуктоого" айыпталып 2014-жылы соттолгон. Апасынын айтымында, кылмыш 6-майда болсо, Эрлан Москвага бир айдан кийин 30-майда гана барган. Энеси баласынын бул кылмышка тиешеси жок экенин далилдөөгө аракет кылып, кийин Кыргызстанга которуу үчүн чуркап, какпаган эшиги калбаганын айтып берген эле.

"Вагнерден" келип буларды азгырып кетиптир. Кыргызстанга котором деп канча аракет кылдым, канча кишиге кирдим, какпаган эшик калган жок. Төрт-беш жылдан бери бейкүнөө отурган балам акыры түңүлдү да. 2014-жылы 6-майда Орусияда болгон окуяга баламды күнөөлөп жатышат. Менин балам 30-майда гана Москвага барган. Чек арадан өткөн убактыларын көрсөтсөм да эске алышкан жок. Акыры "канча акчаңыз кетти, өлсөм ушул жерде деле өлүп калам. Ажал жетпесе ошол жерден деле өлбөй келем, болду кыйналбаңыз" деп кетип калды. Жалгыз балам, бир уул, бир кызым эле бар. Ошонун айынан стресс, депрессия болуп отурам" ,- деген Закирова.

Эрлан бир үйдүн ишенген жалгызы экен. Апасы чалганда "аз калды, чыдаңыз" деп тынчтандырып келген. Акыркы жолу 31-январда сүйлөшүп: "Мен деп карып кетмей болдуңуз, супсулуу болуп даяр болуп туруңуз. Аз калды, барганда дүйнөгө саякаттайбыз",- деген экен.

Эрлан соңку бир айда Украинадагы согушта набыт болгон төртүнчү кыргызстандык. Төрттөө тең Орусиянын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жатышкан, орус жарандыгын алышкан эмес.

"Вагнердин" тузагы

15-февралда Орусиядагы "Вагнер" компаниясына жалданып, Украинадагы согушка кеткен Замир Чолоевдин сөөгү Чүйдүн Ленин айылында жерге берилди. Татарстанда төрт жылдан бери түрмөдө отурган жигит 35-жазын көрбөй калды. Туулган күнүнө бир апта калганда ата-энесинин үйүнө уулунун сөөгү салынган темир табыт келди.

22-январда Орусияда абакта отурган 30 жаштагы Аян Алишеров Украинадагы согушта каза тапканы белгилүү болгон. Энесине келген "кара кагазда" жазылганына караганда, ал Украинанын Бахмут шаарына жакын жердеги салгылашта 24-ноябрда каза болгон. Жакындары Аяндын Украинадагы согушка кеткенин билишкен да эмес.

Январдын соңунда Орусияда абакта жазасын өтөп жатып, Украинадагы согушка азгырылган дагы бир Кыргызстандын жараны Янгибай Рахимовдун сөөгү жерге берилгени белгилүү болду. Ал Өзгөн районуна караштуу Өзгөрүш айылынын тургуну болгон. Артында апасы, жубайы жана эки баласы калды.

Эрлан Эрмеков Украинага жөнөп жатканда алардын тобунда 180 киши бар экенин, арасында кыргыздар да болгонун айткан. "Вагнер" аркылуу кеткендер алты айлык келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, ушул мөөнөт бүткөнгө чейин согуштан кете албайт. Согуштан аман келгендерге кааласа орус жарандыгы берилип, соттуулугу жоюлары убада кылынган. Эрлан "Вагнер" менен келишим түзгөндө апасына ишеним кат таштап кеткен. Келишимде жазылгандай, согушка кеткен алгачкы айда 100 миң, кийинки айларда 200 миң рублдай каражат которулуп турган.

"Уулумду согушка мажбурлашыптыр..."

Жакында эле кыргызстандык Акылбек Орусиянын Свердлов облусунда абакта отурган уулун мажбурлап согушка алып кетип жаткандыгын айтып “Азаттыкка” кайрылды. (Бизге кайрылган жарандардын жана алардын жакындарынын аты-жөнү коопсуздук үчүн өзгөртүлдү).

“БУР (Барак усиленного режим) дегени бар экен. Ошол жерде буларды кыйнап, ичи суук, бетон экен. Ачка калып, заарабызды ичтик дейт. Мукурап анан кол коюп, балдар согушка барам деп чыгып жатат деди. Ошондон кийин азыр муну Уфага алып келиптир, эптеп алып калышым керек. Менин акыбалым ушул, бутум жок басып бара албайм”.

Акылбектин майыптыгы бар. Анын 26 жаштагы уулу Бектур (ысымы өзгөртүлдү) 2020-жылы маңзат менен кармалып алты жылга эркинен ажыратылган. Ал уулун согуштан алып калуу үчүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине кайрылган. Бирок андан эч кандай майнап чыккан эмес.

“Эч кандай жооп болбоду. Өткөндө барсам, издетпей эле койгонуңуз жакшы, кокус балаңыз согушка аралашса, Кыргызстанда дагы 10 жылга камап жиберет. Андан көрө издетпей эле коюңуз дешти”.

Орусиянын ушул эле Свердлов облусундагы абакта кыргызстандык Гүлбаранын (ысымы өзгөртүлдү) дагы уулу отурат. Анын 27 жаштагы уулу маңзатка байланыштуу айыпталып, 8 жылга кесилип кеткен.

Орус абактарында жаткан мигранттарды согушка тартуу аракеттери Гүлбараны дагы кооптондуруп жатат. Ал уулун которуу боюнча баардык документтерди чогултканын, бирок түшүнүксүз жагдайдан улам которуу боюнча суранычы орундалбай жатканын айтып берди.

Орусия абагына кесилген кыргызстандыктар

Эрландын апасы Гүлнара Закирова баласы тууралуу суук кабарды укканга чейин биз менен байланышып, түрмөдө отурган башка дагы кыргызстандык балдардын өтүнүчүн "Азаттыкка" жеткирген. Анын айтымында, Орусияда соттолгон Кыргызстандын жарандары соңку эки-үч айда түрмөдө шарт катаалдаганын, ага чыдабаганы Украинага согушка кетип калышы ыктымал экенин айтышкан.

"Булардын көздөгөнү деле ошол" дешкен алар. Мындай өтүнүч менен кайрылгандар Орусиянын Екатеринбург шаарындагы түрмөлөрдүн биринде отургандар.

"Менин балам отурган абакта Кыргызстандын 30дон ашуун жараны бар. Менин балам го Украинага кетти. Буларды дагы ошого жеткирип жатышат. Жумушка салып, "силер иштешиңер керек, чыныгы эркек деген согушка барат, силер болсо башыңарды тыгып отурасыңар" деп администрациядан басым болуп, аргасыз кылып жатат дейт. "Тамак-ашын айтпай эле койолу, алып келатып эле төгүп жиберип, суук жерге, карцерге күн алыс камайт" деп айтып жатышат. "Согушка баргыла деп ачык айтпат, бирок ушул азапты көргөндөн көрө согушка кетели дегенге жеткирип жатат" дешти. Ал жерде отургандардын алды 7-8 жылдан бери отурат. Ошончо убактан бери мындай кысым-басымды биринчи көрүп жатышканын айтышты. Согушка алып кеткен экинчи топтун алты айлык мөөнөтү бүткөнү калды. Дагы эки айдан кийин жаңы топту жөнөтүш керек да. Ошого адамдарды даярдаш керек болуп жатат окшойт. Ошого чейин балдарды эптеп алып чыгып кетпесе, согушка жөнөтүп жибериши мүмкүн. Эч жакка арыздана албай жатышканын, бийлик тараптан деле аларды сурап келгендер жок болуп жатканын айтышты. Буга чейин ал абакка "Вагнерден" келип кетишкен. Бири-бирин көндүрүп, барба деп кармап отурушат", - деди Гүлнара Закирова.

Соңку эки айда Кыргызстанга которууга байланыштуу беш баланын соту өтүп, баарына экстрадициялоодон баш тарткан чечим чыккан. 9-мартка дагы эки баланын соту белгиленген.

Жогорку Кеңештин 8-февралдагы жыйынында Орусиянын абактарында камалып жаткан кыргыз жарандарынын Украинадагы согушка жөнөтүлүп жатканы тууралуу маселе көтөрүлгөн. Депутат Жанарбек Акаев парламентке келген Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековго кайрылып, кыргыз сотторунун айынан аларды мекенине кайтаруу кыйын болуп жатканын айткан. Ал экстрадициялоо маселесин кескин тездетүүнү сунуштаган.

"Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, биздин жарандар чет өлкөлөрдө согуштук аракеттерге катыша албайт. Бирок орус түрмөлөрүндө миңдеген кыргызстандык жатат. Алардын алды Украинадагы согушка жөнөтүлүп, айрымдарынын сөөгү келе баштады. Бул абдан чоң трагедия. Ушул күндө Кыргызстандагы ата-энелер Орусиянын абактарындагы балдарынын дайын-дарегин таппай, издеп жатат. Биздин Башкы прокуратура менен Жогорку Сот орус абактарындагы биздин жарандарды кыргыз абактарына которуу аракеттерин кескин күчөтүшү керек. Бирок Жогорку Сот ушул маселеде кайдыгерлик кылган бир нече фактыны мен сизге берем. Орус соту 9,5 жылга кескен биздин жаранга Жогорку Сот 7,5 жыл берип койгон. Ушунун айынан Орусияда аны которуудан баш тартып койгон. Бирдей беренени Кыргызстанда жеңилдетип койгон. 27-декабрда кармалган күн деп жазылган ишти биздин соттор 23-мартта кармалган деп жазып койгон. Ушундан улам дагы бир биздин жаранды датасы шайкеш келбейт деп которбой койгон", - деди Акаев.

Замирбек Базарбаев депутатты бул фактылардын баарын кагазга жазып берүүнү айтып, чара көрүлөрүн билдирди.

Жогорку Соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев Акаевдин суроосуна жооп берип жатып, чечимдердин бардыгы Кыргызстандагы мыйзамдардын негизинде каралып жатканын белгиледи.

"Бул жерде соттун катасы жок. Соттор укук колдонуучу. Экстрадиция болуп келгендерге жаза чектөө тартиби Кылмыш-жаза жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексте так көрсөтүлгөн. Биз андан чыга албайбыз. Эгер бул маселени карай турган болсок, анда кодекстерге өзгөртүү киргизиш керек. Биз жазаны Кыргызстандагы мыйзамдарга ылайык чектешибиз зарыл. Орусияда аларга тогуз жыл берсе, бизде эң көп 7 жыл деп белгиленген болсо биз аларга тогуз жыл бере албайбыз. Ал үчүн мыйзамды өзгөртүш керек. Маселенин бардыгы мөөнөттө болуп жатат", - деген Жогорку Соттун судьясы.

Чет өлкөлөрдө соттолгондорду Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган Башкы прокуратура болуп эсептелет. Орусияда бул ишти Юстиция министрлиги жүргүзөт. Соттолуучунун же анын жакындарынын которуу боюнча арызынын негизинде башка өлкөнүн чечимдерин Кыргызстанда таануу тууралуу Жогорку Сотко кайрылуу жөнөтүлөт.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 31-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Орусиянын түзөтүү жайларында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргызстандыктардын маселесине токтолуп, 2022-жылы 60тан ашуун кишини Орусия менен Казакстандын абактарынан жаза мөөнөтүн Кыргызстанда өтөө үчүн которуп келишкенин айткан.

"Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, ушул тапта Орусиянын 79 субъектинде жайгашкан түзөтүү мекемелеринде Кыргызстандын 1077 жараны жазасын өтөп жатат. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду мындан ары жазасын өтөө үчүн Кыргызстанга алып келүү маселеси талкууланууда", - деген Зулушев.

Которуудагы эреже, мыйзамдар туурасында Башкы прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу башкармалыгынын прокурору Назарбек Кенжеевдин "Азаттыкка" айтымында, 2022-жылы экстрадиция боюнча 252 кайрылуу түшкөн. Алардын 174ү боюнча Орусиядан материалдар келген. Канча иш боюнча баш тартуулар болгону тууралуу так маалымат жок.

"Орусияда абакта отурган Кыргызстандын жарандарынын көбү баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу соттолуп жатпайбы. Орусияда 228.1-берене бизде 282-берене болуп эсептелет. Биздин Жогорку Сот Орусиянын соту чыгарган чечимди аткарууга алып, биздин кодекс боюнча жаза чектейт. Ошол чечимди биз Кыргызстандын жараны которулуп келип кала турган болсо ал бошоп кетпейт, жаза мөөнөтүн өтөйт деп кепилдик берип Орусиянын Юстиция министрлигине жөнөтөбүз. Министрлик Жазаларды аткаруу кызматына тапшырма берет (ФСН), алар кайра Кыргызстандын жараны отурган түрмө жайгашкан райондук сотко өтүнүч менен кайрылат. Ошентип Кыргызстандын жаранын которуу тууралуу акыркы чечимди жергиликтүү сот кабыл алат. Баш тартуулар боюнча так статистика жок. Бирок акыркы учурда Орусиянын Свердлов облусундагы шаар, райондук соттор экстрадициядан баш тартып жатышат. Орусияда мыйзам боюнча маңзатты мыйзамсыз жүгүрткөндүгү үчүн 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жаза мөөнөтү белгиленген. Кыргызстанда бул берене боюнча 8 жылдан 12 жылга чейин деп көрсөтүлгөн. Жогорку сот Кыргызстандагы мыйзамдар менен өкүм чыгарат да. Мыйзамда көрсөтүлгөндөн ашыкча жаза белгилегенге болбойт деген дагы берене бар. Ошол айырмачылык үчүн Орусиянын айрым соттору которуудан баш тартып жатышат. Бирок ошол эле учурда Орусиянын башка облустарында дагы жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандар бар. Мисалы, Татарстанда берилген жаза мөөнөтүнө карабай Кыргызстанга которулсун деп чечим чыгарышат", - деди прокурор.

Чет өлкөдө соттолгондорду которуп келүү оңой-олтоң процедуралардан эмес. Бул бир топ убакытты талап кылгандай эле, эбегейсиз каражат дагы жумшаш керек болот. Соттолгон адамдын артынан чуркаган кишиси жок болсо унутта кала бериши да ыктымал экенин ата-энелер белгилеп жатышат.


Украинада орус армиясы жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин “Вагнер” (“ЧВК Вагнер” же "Вагнердин" жеке аскердик компаниясы) компаниясы абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. "Вагнерчилер" абактарды кыдырып, катарына кошулууга азгырганын орус түрмөлөрүндө отурган кыргызстандыктар дагы "Азаттыкка" ырасташкан. Кыргызстандык канча атуул мындай окуяга кабылганы белгисиз.

“Вагнер” компаниясы бейрасмий аскердик түзүм. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган.

27-январда АКШ “Вагнерди” транс-улуттук кылмыштуу уюмдардын тизмесине киргизип, Орусиядагы компаниянын өкүлдөрүнө жаңы санкция салды.

Расмий маалыматка ылайык, учурда орус абактарында миңден ашуун кыргыз жараны отурат жана алардын көбү маңзат менен кармалган.

Орусия Украинага былтыр 24-февралда кол салган. Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы окуя боюнча бейтарап макамды карманып келе жатат.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу иштери же ага жалданма катары катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Муну кыргыз бийлиги буга чейин бир нече жолу билдирип, өз жарандарын башка өлкөдөгү согушка же аскердик конфликттерге катышпоого чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG