Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

"Урандылар – Орусиянын автопортрети". Херсондо жайкын тургундар аткыланды


Буюм-тайымын көтөрүп, баш калкалоочу чатырды көздөй бараткан аял. Херсон. Март, 2023-жыл.
Буюм-тайымын көтөрүп, баш калкалоочу чатырды көздөй бараткан аял. Херсон. Март, 2023-жыл.

Украинанын Херсон шаарында орус күчтөрүнүн 11-марттагы аткылоосунда үч киши курман болду. Анын алдында Днепропетровск, Харьков, Донецк облустарында бир канча жайкын тургун көз жумган. Өткөн суткада Орусия кошуна өлкөгө жасаган жүзгө жакын чабуулдун мизи кайтарылды.

Журналисттик иликтөөлөр акыркы жумада орус армиясындагы чоң жоготуулар болгонун көрсөтүүдө. Ал арада чыгыштагы Бахмут калаасында айыгышкан салгылашуу уланып жатат. Орустар шаардын чыгыш тарабын ээлегени, украиндер батыш тарапта коргонуп жатканы тууралуу маалыматтар бар.

Узаган аптада Украина АКШ жана Германия убада кылган эки Patriot абадан коргонуу системасынын бирин алганы кабарланды. Ал тапта Чехиядагы орусиячыл күчтөр "жакырчылыкка каршы" ураан менен демонстрацияга чыгышты.

Жайкын тургундар бутага алынды

Орус армиясынын ишемби күнкү аткылоосунда Херсон калаасындагы жайкын тургундар бутага алынды. Николаевский шоссесинде жайгашкан супермаркеттин жанында үч киши окко учту. Дагы үчөө жарадар болду.

"Азаттык" радиосунун украин кызматынын кабарчысы тарткан видеодо көрүнүп тургандай, бир канча автоунаага снярд тийип, күйүп кеткен.

Талкаланган имараттар, куралдардын калдыктары. Херсон.
Талкаланган имараттар, куралдардын калдыктары. Херсон.

Украинанын президенти Владимир Зеленский окко учкан кишилер дүкөнгө азык-түлүк алганы барганын айтып, муну Москванын кезектеги террордук чабуулу деп сыпаттады.

“Ракеталарды, артиллерияны, учкучсуз учактарды жана миномёттор - мунун баарын кара ниет мамлекет колдонуп жатат. Максаты – баарын бүлүндүрүп, жашоону тыптыйпыл кылуу. Урандылар жана снаряддардын калдыктары – Орусиянын автопортрети", – деди ал кезектеги видеокайрылуусунда.

Херсон облустук администрациясынын маалыматына караганда, 10-мартта орус аскерлери Украинанын көзөмөлүндөгү аймактын калктуу пункттарын 71 жолу аткылап, 335 снаряд таштаган.

Орусиянын Коргоо министрлиги Херсон багытында орус аскерлери "бир күндө 50дөн ашык украин аскерин, үч бронетехниканы, он төрт унааны, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аймактык коргонуу бригадасынын ок-дары кампасын жок кылганын" билдирди.

Бир күн мурунку чабуулдарда Днепропетровск облусунда жергиликтүү бийлик эки адам кайтыш болуп, бешөө жараат алганын маалымдаган.

Донецк облусунда эки адам каза таап, 14 жай тургун жарадар болгон. Харьковдо экөө минага жарылып, бир тургун жараат алган.

Орусия кол салгандан бери Украинада каза тапкан карапайым кишилердин саны 8 миңден ашканын БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты февралдын аягында жарыялаган. Арасында 500 чамалуу бала бар.

Орусиянын армиясындагы жоготуулар

Украинанын чыгышында Бахмут шаары үчүн салгылаш уланууда. Бир канча айдан бери кармаштын чордону болуп турган калаанын батыш тарабында украиналык аскерлер коргонууда. “Орусиялык күчтөр чыгыш тарабын ээлешти” деп айтылат Британиянын Коргоо министрлигинин баяндамасында. Украинанын Башкы штабы 12-марттагы кезектеги брифингде Орусия Бахмутта алдыга жылуу аракетин улантып, украин аскерлери мекенди коргоого бар күчүн жумшап жатканын билдирди.

Журналисттик иликтөөлөрдө акыркы жумада орус армиясындагы жоготуулардын саны кескин өскөнү аныкталды. “Медиазона" басылмасы орусиялык армиянын Украинадагы жоготуулары тууралуу Би-Би-Си менен бирге жүргүзгөн кезектеги иликтөөнү жарыялады. Тизме эки жумада 1638 адамга толукталып, орус армиясынын катарында өлгөнү тастыкталган кишилердин жалпы саны 16774кө жеткен.

"Медиазона" согушта өлгөндөрдүн эсеби орус армиясынын Украинадагы жоготуусунун реалдуу санын билдирбестигин, иш жүзүндө мындан да көп адам өлүшү мүмкүн экенин белгилейт. Басылма аймактык медиаларга чыккан жана жергиликтүү бийлик берген кабарлардын, каза тапкандардын туугандарынын социалдык баракчаларга жазган билдирүүлөрүнүн негизинде маалымат топтойт.

Украин жоокери. Донецк облусу, 10-март, 2023-жыл.
Украин жоокери. Донецк облусу, 10-март, 2023-жыл.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 12-мартта акыркы суткада орусиялык миңден ашуун жоокер жок кылынганын билдирип, муну "Бахмуттагы чабуулга каршы күрөш" деп сыпаттады. Киев согуш башталгандан бери Орусия 159 миңден көп аскерин жоготконун кабарлоодо.

Украинанын өзүнүн жоготуулары тууралуу да маалымат бир кылка эмес. Бир ай мурун президент Зеленскийдин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк согушта Украина 10 миңден 13 миңге чейинки аскерин жоготконун маалымдаган. Ошол эле маалда айрым америкалык булактар New York Times басылмасына украин тарап да 100 миңдей аскерин жоготконун билдирген.

"Азаттык" радиосу согуштун шартында Орусиянын жана Украинанын армиясындагы жоготуулардын так санын өз алдынча аныктай албайт.

Орусиялык аялдар туугандарынын абалына кабатыр

Орусиянын Москва облусунан согушка тартылган эркектердин энелери жана жубайлары президент Владимир Путинге жана коргоо министри Сергей Шойгуга видео кайрылуу жолдошту. Тасманы "Говорит не Москва" , "Мобилизация" Телеграм-каналдары жарыялады.

Алардын ырасташынча, балдары жана күйөөлөрү орус армиясынын катарынан "Луганск элдик республикасы" жана "Донецк элдик республикасы" деп аталган күчтөрдүн командасына которулган. Орус бийлигине кайрылган аялдар туугандары тийиштүү аскердик даярдыктан өтпөй эле мобилизацияланганына, согушта «жем болуп жатышканына» нааразылыгын билдиришти.

Орусиядан согушка тартылгандар
Орусиядан согушка тартылгандар

Акыркы жумаларда интернетте мобилизациялангандардын өздөрүнүн да көптөгөн кайрылуулар пайда болду. Иркутск, Белгород, Калининград облустарынан, Тувадан мобилизациялангандар катарынан "Луганск элдик республикасы" жана "Донецк элдик республикасы" деген топторго кошулуп калганына, даярдыгы жок эле согушка салынып жатышканына нааразы болушкан.

Алардын айтымында, даярдыксыз жана чалгындоо кызматынын колдоосу жок эле салгылашка түшүшөт, баш тарткандар токмоктолот.

Прагадагы митинг жана Украинанын желегине чабуул

Чехиянын борбору Прага шаарында демонстрацияга чыккан миңдеген киши учурдагы өкмөттүн саясатына каршылыгын билдирди. 11-мартта "Чехия жакырчылыкка каршы" деген иш-чараны парламентке кирбеген саясий партиялар уюштурду. Алардын арасында орусиячыл көз караштагылар да бар. Чыгып сүйлөгөндөрдүн айрымдары чех бийлигин Украинаны колдогону үчүн айыптап, анын айынан өлкөдө баалар өсүп, жашоонун деңгээли начарлап кеткенин белгилешти.

11-мартта митингге миңдеген адам катышты. Айрымдары Вацлав аянтындагы Улуттук музейдин имаратынын сыртына илинген Украинанын чоң желегин алып салууга аракет жасады. Ал Киевге тилектештик иретинде былтыр орнотулган.

Кагылышта 18 демонстрант кармалып, эки полиция кызматкери жаракат алганы расмий кабарланды.

Прагадагы митинг
Прагадагы митинг

"Жакырчылыкка каршы күрөш" деген чакырык менен уюштурулган акцияга орусиячыл турумду карманган саясий күчтөр кошулуп кеткенин маалымат каражаттары жазышты.

Демонстрациянын жүрүшүндө Орусиянын Украинага баскынчылыгынын символуна айланган "Z" тамгасын жана согушка жоочуларды жалдаган "Вагнер" жеке аскер компаниясынын эн белгисин көтөрүп чыккан адам да кармалды.

Чехиянын ички иштер министри Вит Ракушан "жакырчылыкка каршы" деп мүнөздөлгөн бул митингдеги айрым аракеттерди орусиячыл күчтөрдүн кутуму катары сыпаттады.

Чех өкмөтү Украинадагы согушта Киевди колдоп, Москвага айыптайт. Эки күн мурун кызматка киришкен президент Петр Павел да Орусиянын Украинага басып киргенине каршы позицияда туруп, Чехиянын батышчыл багытын жактайт.

Киев курал-жарагын чыңдап жатат

Украина АКШ жана Германия убада кылган Patriot деп аталган эки абадан коргонуу системасынын бирин алганын апта соңунда The Financial Times басылмасы жазды. Маалыматта система азырынча ишке киргизиле электиги, аны колдонуучу айрым жабдуулар Нидерланддан келери айтылат.

АКШнын президенти Жо Байден менен Германиянын канцлери Олаф Шольц мурдараак Украинанын Куралдуу күчтөрүнө ракетадан жана абадан коргонуу системаларын жеткирүүнү макулдашышкан. Тактап айтканда, Германия Украинага АКШнын Patriot системасынын кошумча батареясын берүүнү убада кылган.

2023-жылдын январында жүзгө жакын украиналык аскер АКШга Patriot системасын колдонуу боюнча машыгууга барган.

Киев Patriot абадан коргонуу системасын сурап Вашингтонго кайрылган. Бирок АКШ бул жардам Орусияны мындан да чоң эскалацияга түртүшү мүмкүндүгүн эскерткен.

2022-жылдын күзүнөн бери Орусия Украинанын энергетикалык инфраструктурасын, калктуу конуштарын тынымсыз аткылап келүүдө. Буга байланыштуу Батыш өлкөлөрү Украинага колдоо көрсөтүп, ага абадан коргонуу системаларын бере баштаган.

Patriot системасынын үч мууну бар жана акыркы экөө гана баллистикалык ракеталарды атып түшүрө алат. Зениттик-ракеталык комплекс аскердик базаларды жана ири административдик, өнөр жай борборлорун аба чабуулдарынан коргоого арналган. Система бир эле учурда жүзгө чейин бутаны аныктоого жөндөмдүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG