Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Грузияда "Чет элдик тыңчы" мыйзамы депутаттарды мушташтырды


Грузияда "чет элдик агенттер" жөнүндө мыйзам долбооруна каршы демонстрацияга чыккандар парламент имаратына келди. 2-март, 2023-жыл
Грузияда "чет элдик агенттер" жөнүндө мыйзам долбооруна каршы демонстрацияга чыккандар парламент имаратына келди. 2-март, 2023-жыл

Грузияда талаштуу "чет элдик агенттер" жөнүндө мыйзам долбооруна каршы демонстрацияда кеминде 36 киши кармалды. Бейшембиде бул документке байланыштуу парламенттеги талкууда ызы-чуу чыгып, аягы мушташка чейин жетти. Оппозиция менен жарандык коом башкаруучу партия сунуш кылган долбоор өлкөнү авторитаризмге сүйрөйт деп чочулайт. Туура бир жыл мурун Грузия Eвропа Биримдигине мүчөлүккө арыз берген.

Грузин парламентинин жыйындар залы бейшембиде кармаш талаасын элестетип, ар кай жерде кулаган отургучтар, буюм-тайымдар чачылып, комитеттеги талкууда чыр чыкты. Айрым эл өкүлдөрү эмне болуп жатканын Фейсбукта түз көрсөтүп, оппозициялык депутаттар менен башкаруучу "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрүнүн мушташына коомчулук күбө болду.

Оппозициялык депутат Армаз Ахвледиани долбоорду колдогон мыйзамчыларга "Грузиянын келечеги менен ойногонду токтоткула. Болбосо эл силердин түбүнөргө жетет!" деп эскертти. "Бул кадам конституциялык түзүлүшкө каршы. Мыйзам долбоорун кабыл алсак, Грузиянын стратегиялык тандоосунан, Батышка багыт алган жолунан чыгарып, биздин коомдун басымдуу бөлүгүнүн келечегине балта чабуу экенин аңдашыбыз керек", - деди депутат.


Бир жарым сааттай ызы-чуудан кийин парламенттин күзөт кызматы оппозициялык депутаттарды залдан күч менен чыгарды.

Мыйзам долбоору Грузияда сырттан 20% ашуун каржылоо алган кандай гана уюм болбосун “чет элдик агент” деп каттоодон өтүүгө милдеттендирет. Ал шартты аткарбагандарга чоң айып пул салынат. Оппозиция менен жарандык коом бул 2012-жылы Орусия кабыл алган "авторитардык ыкмага" жол ачат деп, андай мыйзамга караманча каршы болууда.

Евроинтеграция: Тар жол, тайгак кечүү

Туура бир жыл мурун Грузия Eвропа Биримдигине мүчөлүккө арыз берген. Стратегиялык документке кол койгон өлкөнүн премьер-министри Ираклий Гарибашвили 3-мартта билдирүү жасап, бул жараян "Грузиянын Евробиримдикке толук кандуу мүчөлүгү менен аяктарын" айтты.

"Бул күнү биздин тарыхтын жаңы барагы ачылган" - деди Гарибашвили. - Биз европалык жашоо образына жана стандарттарына жакындашуу, институционалдык механизмдер жана мыйзам чыгарууда өзүбүзгө алган милдеттемелерди аткаруу үчүн кадам жасадык".

Бириккен Улуттар Уюму, АКШ, Евробиримдик Грузиядагы соңку кырдаалга тынчсызданып, чет элдик агенттер" тууралуу мыйзам кабыл алынса, грузиндердин Европага кошулуу максатына балта чабарын эскертти:

"Башынан эле биз эл аралык коомчулукта таанылган эркин жана эгемен болууга умтулган грузин өнөктөштөрүбүзгө тилектеш болдук. Албетте, силердин айыптооңордо грузин элинин евроатлантикалык умтулуусуна каршылардын кыйраткыч риторикасын уктук", - деди АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайс.

Быйыл февралда Грузияда 60тай маалымат каражаты менен жарандык топтор талаштуу мыйзам кабыл алынса да анын талаптарын аткарбай турганын билдирген. Грузиянын батышчыл президенти Саломе Зурабишвили долбоорго вето коёрун айткан, бирок грузин парламенти аны айланып өтүп, мыйзамды ишке киргизүүгө укуктуу.

Грузин оппозициясы "Евробиримдикке миллион кол" деген аталышта Еврошаркетке жана НАТОго кошулуу үчүн кол топтой баштады. Грузин саясатчылары бул грузин элинин тандоосу экенин, аны Орусия чечпей турганын белгилешет.

Абхазия менен Түштүк Осетия

Орусия Украинага басып кирип, согуш ачкандан кийин президент Саломе Зурабишвили Батыш коомчулугун Украина менен тынчтык келишимин түзүүнүн шарттарынын бири катары Кремлден өз аскерлерин Абхазия менен Түштүк Осетиядан чыгарып кетүүнү талап кылууга үндөгөн.

"Согушту токтотуу багытындагы сүйлөшүүдө грузин маселелери да камтылышы керек. Орусия чек арасы кайсы жерде экенин билүүгө тийиш", - деген грузин президенти Bloomberg агенттиги менен маегинде.

2008-жылы Грузия менен болгон “беш күндүк согуштан” кийин Орусия өз аскерлерин Абхазия менен Түштүк Осетиянын аймактарына жайгаштырып, аларды көз карандысыз деп тааныган. Түштүк Осетия жана Абхазия мурда Грузия ССРинин курамына кирген.

Бул жикчил аймактардын көз карандысыздыгын Орусиядан тышкары Венесуэла, Науру, Никарагуа жана Сирия сыяктуу өлкөлөр гана тааныйт. Тбилиси бул аймактарды Орусия басып алган деп эсептейт.

Тбилиси менен Москванын ортосунда дипломатиялык алака-катыш жок. Грузия Украинадагы согушта Киевди колдойт, бирок Батыш өлкөлөрү Орусияга киргизген санкцияларга кошула элек.

Армения, Грузия: Көчө демократиясынын сабактары
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:35 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG