Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:00

Актер Асанкул Осмонов дүйнөдөн кайтты


Асанкул Осмонов.
Асанкул Осмонов.

Кино жана театр актеру, Кыргыз эл артисти Асанкул Осмонов 88 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Асанкул Осмонов 1935-жылы 1-мартта Нарын районунун Миң-Булак айылында туулган.

1954-жылы Караколдогу айыл чарба техникумун бүтүргөн. Ошол эле жылы Киевдеги авиация техникумуна тапшырып, окууну аяктаган соң авиамеханик болуп иштеген.

1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз Республикасынын жалпы маданият күнүнүн декадасына катышкан. Ошол жылдан тартып Кыргыз академиялык драма театрынын актёру болуп иштеп, ондогон ролдорду жараткан.

Кыргыз киносунда "Биринчи", "Дилетант", "Жаралуу үчүн жан берүү", "Белгисиз маршрут" жана башка тасмаларда ойногон.

1990-жылы ага Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылган.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 28-мартта Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында саат 10:00до өтөт.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG