Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:02

Жарандык активист Афтандил Жоробеков милицияга сурак берип чыкты


Афтандил Жоробеков
Афтандил Жоробеков

26-мартта жарандык активист Афтандил Жоробеков милицияга күбө катары сурак берип чыкканын "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал эч кандай маалымат бербөө тууралуу тил кат жазганын белгилеп, кайсы ишке байланыштуу күбө өтүп жатканын айткан жок.

Ишемби күнү Жоробеков Фейсбуктагы баракчасына Октябрь райондук милициясынан суракка чакырган кагаздын сүрөтүн чыгарган. Активист аны суракка чакырууга социалдык медиадагы посттору себеп болушу мүмкүн деген пикирин жазган.

Милиция бул тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Жарандык активист Афтандил Жоробеков интернетте "БеспределKG" баракчасынын модератору. Аны 2019-жылы УКМК "Аймак аралык кастыкты козутту" деген шек менен камалган. Атайын кызмат ага "Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн" деген айып койгон.

Жоробеков модераторлук кылган "БеспределKG" баракчасына ошол кезде Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык иштер жана ал боюнча журналисттик иликтөөдө аты аталган адамдар тууралуу маалыматтар байма-бай жарыяланып турган.

Активисттин камалышы жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, бир катар укук коргоо уюмдары аны эркиндикке чыгарууга үндөгөн. Ошол жылы 5-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жоробековду үй камагына бошоткон. 2020-жылы май айында ага каршы козголгон кылмыш иши токтотулган.

2020-жылы Октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаров сөз эркиндигине кысым болбосун айткан. Бирок соңку бир-эки жылда блогерлер, жарандык активисттер суракка чакыртылып же камакка алынган бир нече учур катталды.

Бийликтин соңку кадамдарын бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, сөз эркиндигинин корголушун талап кылып келе жатышат. Кыргыз бийлиги соңку окуяларга карабастан өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин байма-бай кайталап келет. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG