Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Президент Жапаров абадан коргонуу бөлүгүнүн абалы менен таанышты


Садыр Жапаров Кыргызстандын абадан коргонуу бөлүктөрүнүн абалы менен таанышты. Бишкек. 26-март, 2023-жыл.
Садыр Жапаров Кыргызстандын абадан коргонуу бөлүктөрүнүн абалы менен таанышты. Бишкек. 26-март, 2023-жыл.

Президент Садыр Жапаров 26-мартта Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн абадан коргонуу бөлүктөрүн пландан тышкары кыдырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, Жапаров аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттарын карап чыкты. 1961-жылдан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтө элек имараттар менен курулуштардын абалын көрдү.

Жыйынтыгында казармаларды жана офицерлер үй-бүлөсү менен жашаган турак жайларды куруу, капиталдык реконструкциялоо иштерин үч айдын ичинде бүткөрүүнү, шарттарды да жакшыртууну тиешелүү жетекчилерге тапшырды.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG