Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:00

"Мекен-картка" документ кабыл алуу башталды


Москвадагы кыргыз мигранттары.
Москвадагы кыргыз мигранттары.

Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, башка өлкөнүн паспортун алган мекендештер үчүн “Мекен-картка” документтерди кабыл алуу 13-мартта башталды. Макамга ээ болгондор Кыргызстандагы шайлоолорго катыша албайт жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда иштей албайт. Калган укуктардын баарын колдоно алат деп айтылды.

"Мекен-карт" мекендештердин маселесин чечеби?

Кыргызстандан 2004-жылы Германияга кетип, 2017-жылы бул өлкөнүн жараны болгон Бахтияр Эдилбеков "Мекен-картты" алам деп документ тапшырган алгачкы кыргызстандык.

Бахтияр Эдилбеков
Бахтияр Эдилбеков

"Кыргызстандан чыгып кетүү мен үчүн оңой чечим болгон эмес. Бирок бул ошол учурда мага керек болгон. Азыр Германияда IT адиси болуп иштеп жатам, бул өлкөнүн жараны болгондон кийин дүйнөнүн 190дон ашык өлкөсүнө визасыз бара алам. Андан сырткары дагы башка кеңири укуктар берилген. Бирок көкүрөгүмдө дайыма Кыргызстан, киндик кан тамган жериме кайра кайтып келеримди билем. Ошондуктан канткенде жарандык алам деп көп ойлонуп жүрдүм".

Бахтияр Кыргызстанга акыркы ирет 2020-жылы коронавирус пандемиясы башталган учурда келген:

"Пандемияда ооруп калдым. Бул мен үчүн чоң стресс болду, маселен чет жердин жараны катары дарылануу, медиктердин кеңеши, кабыл алуусу үчүн көп акча төлөшүм керек деп ойлодум. Ага карабастан баарыбызды бирдей дарылаган кыргыз өкмөтүнө ыраазы болдум. Бирок Германиянын паспорту менен мен кантип жумушка кирем? Бул жерде эмне кылсам болот? Мыйзам мага кандай укуктарды берет деген суроолорго жооп издегенде чектөөлөр бар экенин билдим".

Бахтияр "Мекен-карт" ага тарыхый мекенине ээн-эркин келип кетүүгө өбөлгө болот деп ишенет.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Мекен-карт" макамын алууну каалагандар чет жерлердеги Кыргызстандын элчиликтери, консулдуктарга кайрылса болорун билдирүүдө. Ушу тапта Кыргызстанда жүргөн мекендештер калкты тейлөө борборлоруна кайрыла алат.

Мекеме "Мекен-карт" макамын алууну каалагандардан документтерди кабыл алууну 13-мартта баштаган. Мурда Кыргызстандын жараны болуп, кийин чет жердин жарандыгын алгандар үчүн иштелип чыккан долбоор боюнча документ эки айдын ичинде берилет.

"Мекен-картты" кимдер ала алат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:51 0:00


Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери коңшу Орусияга чыгып, бул өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 600 миңден ашканын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев өткөн жылдын сентябрь айында айткан.

Чет жерде жашап, иштеген кыргызстандыктар болсо бир миллион 200 миңге жетет, алардын бир миллионго жакыны Орусияда.

Орусиянын Тюмен шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Асия Боркошова бул маселеге байланыштуу диаспорага кайрылып аткандардын саны көбөйгөнүн айттты:

"Ишке орношуу, жакшы айлык алуу, пенсияга чыгуу, жөлөк пул алуу маселелеринин ыңгайлуулугуна карап көпчүлүк кыргызстандыктар Орусиянын жарандыгын алганы баарыбызга маалым. Кээси кош жарандуулук кылып, кыргыз паспортунан баш тарткан эмес. Башкалары болсо бир гана Орусиянын жараны болуп калды. Баарыбыздын эле ата-эне, бир тууган, теңтуштарыбыз Кыргызстанда. Европадагы кыргыздарга караганда биз айылыбызга бат-баттан каттап турабыз. Барганда каттоого улам туруу убакытты алат. Айрымдар Кыргызстандан кетпейбиз деп пландап, бирок ишке кире албай, же ишкерлик баштай албай, балдарын мектепке киргизе албай кыйналат. Чет элдин жараны катары бардык тармактарда тейлөө эки эсе кымбат болот. Азыр көбү диаспорага келе баштады. "Мекен-карт" алалы дегендердин саны арбын. Биз аларды консулдукка баргыла деп жөнөтүп атабыз".

Мекен-карттын үлгүсү
Мекен-карттын үлгүсү

“Мекен-карт” алган кыргызстандыктарга “Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш” деген макам берилет. Аларга төмөнкүдөй укуктар берилет:

  • Тарыхый мекенине визасыз кирип-чыгууга;
  • Уруксат албай эле иштөөгө;
  • Билим алууга;
  • Медицина кызматын колдонууга;
  • Ата-энеси же башка жакындарынан мураска калган жер үлүшүн 10 жыл колдонууга шарт түзөт;
  • “Мекен-карт” 10 жылга чейин жарактуу.

Коопсуздуктан улам документ Кыргызстан менен коңшу Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кытайдын жарандыгын алган кыргызстандыктарга берилбейт.

«Мекен-картты» башка мамлекеттин жарандыгын алган кыргызстандыктардын түгөйлөрү да ала алышпайт.

Мындан тышкары «Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш» макамы мурда соттолгон, эркинен ажыратылган, коопсуздукка коркунуч келтирген адамдарга, террордук, экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө берилбейт.

Өзү жөнүндө жалган маалымат бергени аныкталса, макамынан ошол замат ажыратылат. Ошол эле кезде мындай макамы бар мекендештерге мамлекеттик кызматтарда иштөөгө, шайлоого катышууга болбойт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Кымбат Кадыралиева буларды билдирди:

Кымбат Кадыралиева
Кымбат Кадыралиева

“Чет жакта жүргөн жарандарды мекенине кайтаруу максатында иштелип чыккан демилге. Бул макамды алуу үчүн чет жактагы дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдуктарга кайрылуу керек. Атайын комиссия иштеп, документтерин карагандан кийин чечим кабыл алат”.

Макам алуу үчүн кандай документтер керек?

  • Автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу өтүнүч;
  • Чет өлкөлүк жарандын паспорту;
  • Соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
  • "Мекен-картты" тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;
  • Консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өтүнүч берген учурда);
  • Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастаган документ (Бирдиктүү мамлекеттик реестрде маалымат жок болгон учурда талап кылынат).

“Мекен-карт” алуу үчүн Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүктөрдүн балдары жана неберелерине да ушундай эле документтер тапшырылат.

Бул үчүн 10 миң сомдун тегерегиндеги каражат керектелет.

Кыргызстанда жашап, кийин башка мамлекеттин жарандыгын алган адамдардын укуктарын кеңейтүүчү мыйзамга 2020-жылы кол коюлган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG