Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:51

"Эртеси үйлөнүү тою болмок". Энеси менен кызын абакка түрткөн баңгизат


Орусияда маңзат ташууга айыпталып камалган кыргызстандыктардын маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Соңку учурда баңгизатка байланыштуу камалган Кыргызстандын жарандары көбөйүп жатканын коңгуроо кагып, алдын алуу иштерин күчөтүүгө чакыргандар болууда.

Ошол эле кезде орус абактарында отургандарды Кыргызстанга эстрадициялоо иши дагы маселе жаратып келет.

Расмий маалыматка караганда, учурда чет өлкөлөрдө 1282 (1205и эркек, 91и аял) кыргыз жараны абакта. Алардын басымдуу бөлүгү, же 1077си Орусиянын 74 аймагында камакта. Абакка кесилгендердин басымдуу бөлүгү баңгизат колдонуу, таратууга байланыштуу эркинен ажыратылгандар.

"Эртеси тоюбуз болмок..."

2020-жылы пандемия учурунда орусиялык телеканалдар аркылуу кыргызстандык мигранттардын баңгизат менен кармалганы тартылган тасма көрсөтүлгөн. Анда журналист мыйзамсыз баңгизат ташуу ишине Борбор Азиядан келген мигранттар тартылган учурлар көбөйүп жатканын белгилейт. Бул тасмадагы кармалган кыздын жанында иниси жана анын сүйлөшкөн кызы болгону айтылган эле. Алардын баары Орусиянын Кылмыш кодексинин 228-беренеси ("Баңгизатты мыйзамсыз алуу, сактоо, ташуу, даярдоо, кайра иштетүү") менен айыпталып, кеминде 5-6 жылдан 10 жылга чейин соттолуп кетишти.

Андан бери кырдаал өзгөргөн жок, курьерлик кылам деп баңгизат ташууга айыпталгандардын окуясы жергиликтүү медиада байма-бай жарыяланып келүүдө.

Бул ишке азгырылган мигранттардын, анын ичинде Кыргызстандан барган жарандардын саны азайбаганын укук коргоочулар жана юристтер белгилешет. Алардын айтымында, айрыкча Москва шаарында баңгизат ташууга айыпталып, кармалып, камалган кыргызстандыктардын саны өстү. Кармалгандардын арасында бир эле үй-бүлөнүн бир нече мүчөлөрү да бар.

Акыркы жолу март айынын башында эле Москвада 20 жаштагы кыз элүүгө чыгып калган апасы менен чогуу баңгизат жеткиргени бара жатып кармалышканы кабарланды.

Москвадагы мигранттар катышкан соттордо котормочулук кылып жүргөн Салтанат Митиева бир үй-бүлөнүн эки мүчөсү туш болгон окуяны жакшы билет. Ага кармалган кыздын сүйлөшкөн жигити жардам сурап кайрылган экен.

Салтанат Митиева
Салтанат Митиева

"Мага 11-март күнү таңга жуук бир жигит чалды. Анын сүйлөшкөн кызы апасы менен чогуу баңгизат менен кармалып калыптыр. Жигит күтүүсүз окуяга ишене албай турган экен. Мага "мындай болушу мүмкүн эмес, биз сүйлөшкөн кызым экөөбүз 12-мартта үйлөнгөнү жатканбыз, тоюбуз болмок" деди. Ал "11-мартта кармалып калды, жардам бериңиз" деп суранды. Мен кантип жардам бере алам, баңгизат ташуу Орусиядагы эң оор кылмыштарга кирет, жазасы да оор. 13-мартта эне-кыздын баш коргоо чарасы каралып, сотко чейин тергөө абагына камалышты. Тилекке каршы, алардын баңгизатты Москвадан Зарайск шаарына жеткирип барышканы телефондогу жана башка далилдер менен далилденип калган. Минтип азыр камакта отурушат".

Камалган эне-кыздын жакындары "Азаттыкка" маалымат берүүнү каалаган жок.

Парламент депутаты Нуржигит Кадырбеков бул көйгөйдү жакында
Жогорку Кеңеште да көтөргөн. Кыргызстандын күч кызматтарын энеси жана кызы туш болгон жагдай боюнча комиссия түзүүгө чакырган.

Нуржигит Кадырбеков
Нуржигит Кадырбеков

"Эки күн мурда Орусиядан жарандар кайрылды, апасы менен кызы бирдей баңгизат менен кармалыптыр. Бул маселени көтөрүп, айтып жатабыз. Ошол жактагы наркобарондорбу, нарко бизнестин өкүлдөрүбү же органдар менен биргелешип иштеп жатышабы, билбейм. Мурда ак жеринен бирден түшсө, азыр үй-бүлөсү менен түшүп жатат. Миграция кызматына аба майдандарында, вокзалдарда алдын алуу иштерин жүргүзүп, маалымат бергиле деп айттык эле. "Жакшы айлыгы бар, кыска учурда байып кетесиң, карьералык өсүш болот деген жарыяларга ишенбегиле, курьер деп алып силерди алдайт" дегендей маалыматтарды таратыш керек. Чырактай балдар-кыздар камалып эми апасы, кызы камалып жатыптыр. Ушул боюнча ИИМ же ТИМ нота жөнөнөтүп, биргеликте комиссия түзүп карайлы. Эмнеге жарнама бергендер кармалбай, ошого алданып калгандар камалып жатат".

Орусияда курьер кызматында иштеп жүрүп баңгизат ташуу менен соттолгон кыргызстандыктар көп болуп жатканы тууралуу маселе Жогорку Кеңеште байма-бай эле көтөрүлүп келет.

"Аптасына беш жолу сот болсо, төртөө ушул берене"

"Негизи кыргызстандык мигранттардын баңгизат ташууга азгырылып, кармала баштаган учурлары 2020-жылы - пандемия, карантин болуп, ишсиз калган мезгилге туш келет. Тилекке каршы, ошондон бери деле азайбай койду. Карантинде го "иш жоктугунан ушуга бардым" же "баңгизат экенин билген эмесмин" деп айтышчу. Азыр эми жумуш көп, кыска убакытта көп акчага иш сунуш кылгандар баңгизат ташууга азгыргандар экенин билишет. Бирок билип туруп барышат. Акыркы убактарда жумасына беш жолу сот болсо, анын ичинен төртөө ушул берене боюнча. 19-20 жаштагы кыз-жигиттердин баңгизат ташууга айыпталып, камалып кетип жатканы эне катары менин жүрөгүмдү оорутат",-деди Орусияда котормочу болуп иштеген Салтанат Митиева.

Анын айтымында, башында бул ишке киришип жатканда баңгизат ташый турганын билишпейт, "дары же башка нерсе жеткиресиң" деп алдашат. Айрымдары шектенип турса да тобокелге салып, макул болушат. Анткени, күнүнө 3-4 сааттык иш, айлык акысы 60-80 миң сом деп турса, жеңил акчага азгырылышат.

Четтеги мекендештер туш болгон кырдаал боюнча расмий бийлик өкүлдөрү комментарий берип, мигранттар арасындагы түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү убада кылышкан.

Кыргызстан менен Орусиянын Башкы прокуратураларынын өкүлдөрү орус абактарында жаткан кыргызстандыктарды мекенине экстрадициялоо маселесин талкуулаша турганын башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева 14-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирген.

Ага ылайык, 16-мартта Кыргызстандын делегациясы Орусиянын Башкы прокуратурасына бармак. Баш көзөмөл органынын басма сөз кызматы бул жолугушуу, анын натыйжасы тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, 2022-жылы Орусияда Кыргызстандын жарандары катышкан 3192 кылмыш катталган.

Анын ичинде 432си баңгизат ташууга байланыштуу. 2021-жылы кыргызстандык мигранттар катышкан 3908 кылмыш иши катталса, анын 327си баңгизатка байланыштуу болгон.

ИИМдин 2022-жылга карата маалыматы боюнча, Орусияда 1077 кыргызстандык ар кандай кылмыштарга айыпталып абакта отурат. Анын ичинде 327 адам баңгизат ташууга айыпталып, камалган.

Башкы прокуратура былтыр Орусия менен Казакстандын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 66 кыргызстандыкты өлкөгө экстрадициялаган.

Миграциянын трагедиясы

Кыргызстандан Түштүк Кореяга, Европанын айрым өлкөлөрүнө, Англияга талаа жана дыйканчылык жумуштарга тартылган кыргызстандык мигранттардын саны да арбып баратат. Сырттагы мигранттардан Кыргызстанга жыл сайын 2 млрд. доллардан ашык акча которулуп турат. Кыргыз өкмөтү кийинки убактарда Европа өлкөлөрүнө Кыргызстандан жумушчу күчүн экспорттоочу келишимдер менен тыгыз иш алып барууда.

Алсак, 13-16-март күндөрү Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев баштаган делегация Британияга барып, ал жактагы иштеп жаткан кыргызстандыктардын абалы менен таанышып келди. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кыргыз тарап Британия өкмөтүнөн виза борборун Бишкекте ачууну суранды.

Бирок өкмөттүн Кыргызстандын жарандарын топ-тобу менен сыртка миграцияга жиберүү аракетин сындагандар четтен чыгат. Алар өкмөттү мигранттар которгон акчага кызыкпай, бул жакта жумуш орундарын түзүп, жакшы айлык акы менен камсыздоого милдеттүү экенин эскертип келишет.

Жакында эле Москвага барып келген кыргызстандык журналист Канышай Мамыркулова миграция тескерисинче, Кыргызстанга трагедия болгонун белгиледи.

Канышай Мамыркулова
Канышай Мамыркулова

"Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айткандай, кыргызстандыктарды эшелондоп чет өлкөлөргө миграцияга жиберерден мурун ойлоно турган жагдай түзүлүп турат. Кыргыз мигранттар жеңил акча табуу үчүн Москвада баңгизат ташууга азгырылып, аягында кейиштүү тагдырга көп тушугуп жатышыптыр. Биздин кыз-келиндер, жапжаш жигиттер, айрым үй-бүлөдөн бир нече мүчөлөрү ошол кылтакка илинип, камалып кетип жатышканын мага айтып беришти. Миграциядан ансыз деле канча бала ата-эне мээримисиз өсүп, канчалаган үй-бүлөлөр бузулду. Өкмөт ошону түшүнбөй жаткандай. Экинчиден, Орусиядагы элчилик аркылуу биздин мекендештерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, оңой акчанын кесепети кандай болорун эскертиши керек. Кыргызстандан сыртка кетип бараткан жарандарга ал өлкөдөгү укугу менен милдетин жакшылап түшүндүрүүгө тийиш".

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мекендеш мигранттарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдоодо. Ага ылайык, элчиликтин катышуусу менен Москва шаарындагы жана Москва облусундагы кыргыз диаспора уюмдарынын, коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү, кыргызстандык мигранттар менен чогуу бир нече жолу баңгизат ташууга байланышкан кылмыштардын алдын алуу маселесин талкууланган.

Ал ортодо Орусияда "Вагнер ЧВКсынын" өкүлдөрү абактарды кыдырып, катарына кошулууга азгырганын орус түрмөлөрүндө отурган кыргызстандыктар дагы "Азаттыкка" ырасташкан. Кыргызстандык канча атуул жалданмалардын торуна түшкөнү азырынча белгисиз. Соңку айларда эле орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган беш кыргызстандык каза болгону ачыкка чыккан.

Украинада орус армиясы жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин “Вагнер” (“ЧВК Вагнер” же "Вагнер жеке аскердик компаниясы") абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. Алардын катарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары бар.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG