Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:18

Элчи Орусияда жазасын өтөп жаткан кыргызстандык аялдардан кабар алды


Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат.
Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Москва облусу боюнча Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматы башкармалыгынын ИК-5 Федералдык мамлекеттик мекемесинде жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктардан кабар алды.

Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Орусиянын Жазаларды-аткаруу тутумунун бул мекемесинде Кыргызстандын 11 жараны (аялдар) бар.

Маалыматта жолугушууда элчи Орусиянын аймагында соттолгон Кыргызстандын жарандарын жаза мөөнөтүн андан ары өтөө максатында мекенге кетирүүнүн тартиби жөнүндө маалымат берип, алардын суроолоруна жооп кайтарганы айтылат.

Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттар арасында ар кандай кылмыштарга кириптер болгондор көбөйгөнү Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 5-сентябрдагы жыйынында көтөрүлгөн.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Орусияда 1834 кыргызстандык ар кандай кылмыштарга айыпталып абакта отурганын айткан. Камакка алынгандардын 30% маңзат кылмышы боюнча кармалгандар.

Расмий маалымат боюнча, азыр бир миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда иштейт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG