Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Карл III Улуу Британиянын жаңы падышасы деп жарыяланды


Карл III.
Карл III.

Карл III Улуу Британиянын жаңы падышасы болгонун Мураскерлер кеңеши расмий жарыялады. Елизавета II дүйнөдөн кайткандан кийин анын уулу тактыга мураскер болгон.

Би-Би-Си кабарлагандай, жарлыкка тактынын мураскери, ханыша-консорт Камилла, жамааттар Палатасынын лидери жана кеңештин лорд-төрагасы Пенни Мордонт, Британиянын премьер-министри Лиз Трасс жана Кентербери архиепискобу кол коюшту.

Карл IIIтү такка отургузуп, монарх деп жарыялоо жөрөлгөсүнүн алып баруучусунан башка бардык катышуучулар ыраматылык ханышанын урматына кара же кочкул кызыл кийиништи.

Көрүүчүлөрдүн алдыңкы сабында Улуу Британиянын мурдагы премьер-министрлери – Жон Мейжор, Гордон Браун, Борис Жонсон, Дэвид Кэмерон, Тереза Мэй жана Тони Блэр болушту. Британ оппозициясынын лидери, лейбористтик партиянын башчысы Кир Стармер да болду.

73 жаштагы Карл III Улуу Британиянын тарыхында башкаруунун башына келген учурдагы эң кары монарх болуп калды. Анын апасы ханыша Елизавета II 8-сентябрда Шотландиядагы Балморал сепилинде каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG