Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Харьков облусунун бийлиги Купянск шаары бошотулганын ырастады


Харьков облусунун бийлиги Купянск шаарын украин аскерлери бошоткону тууралуу маалыматты тастыктады. Бул тууралуу облустук администрация башчысынын кеңешчиси Наталья Попова билдирди. Ал жөнөткөн маалыматты Донбасстагы орусиялык аскерлер тобун камсыздоо үчүн стратегиялык жактан маанилүү деп аталган шаардын борборунда украин аскерлери турган сүрөт менен чыгарды.

Буга чейин украин аскерлери Харьков облусундагы ири шаарлардын бири жана Украинанын чыгышында маанилүү транспорттук түйүн эсептелген Купянск аймагынын көпчүлүк бөлүгүн өз көзөмөлүнө алганы тууралуу расмий эмес маалыматтар айтылган.

"Азаттыктын" украин кызматы Украинанын аскер башкармалыгы Купянск бошотулганын расмий жарыялай электигин жазды.


Америкалык Согушту изилдөө институтунун эсебинде, 9-сентябрга карата украин аскерлери ушул аптада башталган контрчабуулда болжол менен 2500 чарчы километр аймакты бошоткон. Украинанын президенти Владимир Зеленский орус күчтөрү аймактагы 30 калктуу конуштан чегингенин билдирди. Бир күн мурда Зеленский 1-сентябрдан бери Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн согушкерлери Украинанын миң чарчы километрден ашуун аймагын бошоткондугун айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG