Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

Орусияда бир нече журналист "чет элдик тыңчы" деп таанылды


Журналист Юлия Латынина.
Журналист Юлия Латынина.

Орусиянын Юстиция министрлиги дагы бир нече кишини маалымат каражаттар арасындагы “чет элдик тыңчылар” тизмесине кошту. Алар саясат таануучу Валерий Соловьев, Екатеринбургдагы активист жана журналист Елена Шукаева жана “Сибирь. Реалии” долбоорунун журналисти Андрей Афанасьев.

Журналист Юлия Латынина, тарыхчы Тамара Эйдельман жана блогер, журналист Майкл Наки физикалык жак катары "чет элдик тыңчы" деп жарыяланды. Министрликтин айтымында, алар Украинанын кызыкчылыгы үчүн "саясий ишмердүүлүк жүргүзүшкөн", - деп белгилейт Mediazona.

ЖМКлар арасындагы "чет элдик тыңчы" деген реестрге "Время колокольчиков" компаниясы дагы кирген. Бул "Нужна помощь" фондун негиздеген Дмитрий (Митя) Алешковский менен бирге түзүлгөн юридикалык жак. "Время колокольчиков" тасма, видео жана телепрограммаларды тартуу менен алектенет.

Алешковский тарыхчы Эйдельмандын баласы, ал июль айында жазуучу Дмитрий Быков, журналист Евгений Альбацтын катарында "чет элдик тыңчы" деп таанылган.

9-сентябрда Санкт-Петербургдагы ВИЧ-сервистик “Гуманитардык акция” фонду “чет элдик тыңчылар” реестринен чыгарылганы белгилүү болду. Ал баңгилерге медициналык-социалдык жардам көрсөтүп, ВИЧ-инфекциясынын, вирустук гепатиттин жана кургак учуктун алдын алууда. "Тмзмеден чыгарууга уюмдун чет элдик тыңчынын функцияларын аткарууну токтотуусу жана текшерүүнүн жыйынтыгы себеп болгон", — деп билдирет Юстиция министрлиги.

Маалымат каражаттары арасынан "чет элдик тыңчы" деп таанылгандардын тизмесине 150дөн ашуун киши жана уюм киргизилген.

"Чет элдик тыңчы" деп таануу уюмдарга жана жеке адамдарга бир катар чектөөлөрдү жана талаптарды коёт, аларды аткарбагандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

Орус бийликтери акыркы бир нече жылдан бери реестрди активдүү түрдө толуктоодо, анын ичинде негизинен алардын оппоненттери же көз карандысыз жарандык активисттер жана журналисттер бар.

Буга чейин Орусиянын Юстиция министрлиги "Свобода" радиосу жана “Эркин Европа/Азаттык радиосу” корпорациясынын долбоорлорун "чет элдик жалпыга маалымдоо тыңчылары" реестрине киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG