Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:17

Ошто менчик бала бакчада сабалган бөбөк ооруканага түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жеке менчик бала бакчалардын биринде сабалган бөбөк ооруканага түшкөнүн Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Абсатар Тавакалов "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-сентябрдан бир жаштан өтүп калган бөбөк денесинен жараат алып Ош облустук балдар ооруканасына түшкөн. Окуяны милиция иликтей баштаган.

Күбө катары жабыркаган бөбөктүн апасы, бала бакчанын жетекчиси жана тарбиячы суралган.

Апасынын көрсөтмөсүнө ылайык, ал баласын "Карагат" жеке балдар бакчасына бергенине эки ай болгон. 5-сентябрь күнү болжол менен саат 17:00 чамасында бакчадан алып кетүү үчүн барганда, наристенин денесинде көгала тактарды көргөнүн айткан.

Милиция мындан тышкары бакчадан видеотасма алынганын жана ал жерде иштеген кызматкерлер күбө катары суралып жаткандыгын билдирди.

Азыркы учурда, балага карата соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, бардык тергөө аракеттери жүрүп жатат.

Окуя боюнча жабыркаган тарап да, бала бакчанын жетекчилиги да комментарий берген жок.

9-сентябрда социалдык тармакта бала бакчада ур-токмокко кабылган бөбөктүн видеосу тараган. Тасмадан бөбөктү өзүнөн улуу кичинекей кыз уруп жатканын, тарбиячы аны байкабай басып жүргөнүн көрүүгө болот. (AAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG