Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:04

Орус абактарындагы кыргыз жарандарын экстрадициялоо маселеси талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Орусиянын Башкы прокуратураларынын өкүлдөрү 16-мартта орус абактарында жаткан кыргызстандыктарды мекенине экстрадициялоо маселесин талкуулайт.

Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетинин 14-марттагы жыйынында айтты.

“Биз жиберген каттарга 4-5 айдан бери Орусиядан жооп келбей аткан. 16-мартта биздин делегация Орусиянын Башкы прокуратурасына барат. Анда Орусиянын абактарында жазасын өтөп жаткандарды өлкөгө которууну тездетүү маселеси каралат. Ал эми биздин Жогорку сотто, Башкы прокуратурада көйгөй жок. Келген документтер өз убагында каралат”, - деди Коңкубаева.

Комитеттин жыйынында депутат Дастанбек Жумабеков Орусияда сот жообуна тартылгандардын ата-энелери Кыргызстанга экстрадиция кылууну суранып жатышканын айтты. Ал абакта жаткандардын арасында жаштар да бар экенин билдирди.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 31-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Орусиянын түзөтүү жайларында миңден ашуун кыргызстандык жаза мөөнөтүн өтөп жатканын айткан.

Ал эми Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Москвадагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, Орусияда 2 миңдей кыргыз жараны камакта отурат, алардын 30% аялдар. Ага ылайык, 1001 кыргызстандык жаран Орусиянын тергөө абактарында, дагы 1078и түрмөдө. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG