Чүйдүн Токмок шаарында зордукталып, 14 жашында көз жарган кыздын сот иши төрт жылдан бери создугуп келатканын 13-мартта “Азаттыктын” эфиринде “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” уюмунун жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди. Анын айтымында, окуя 2017-жылы болгон, кылмыш иши өспүрүм кыз беш айлык боюнда бар кезде козголгон:
“Кызга 13 жашында кошунасы кол салып, жыныстык зомбулукка кабылган. Кыз төрөп, баласы төрткө чыгайын деп калды. Ушул күнгө чейин анын иши улам бир соттун деңгээлинде каралып, чубалып келатат. Өзгөчө Чүй облустук сотуна нааразылык көп. Чүй облустук прокуратурасына да таң калабыз, алар кыздын кызыкчылыгын талашкандын ордуна айыпталып жаткандын таламын талашып, ДНК анализ “баланын атасы кыздын кошунасы” деп 99% чыгарып берсе да башка лабораторияга берели деп жатат”.
Бул маселеге байланыштуу Турдубекова бүгүн социалдык түйүндөр аркылуу президент Садыр Жапаровго, өкмөт башчы Акылбек Жапаровго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге, Жогорку Соттун жетекчилигине, өлкөнүн акыйкатчысына кайрылып, кыздын укугун коргоо боюнча чара көрүүгө чакырды.
Турдубекова атаган сот жана прокуратура органдары бул иш боюнча азырынча комментарий бере элек.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2022-жылдын соңуна карай Кыргызстанда жашы жете электерге каршы жасалган кылмыштар боюнча 2386 иш катталган, анын 771 сотко өтсө, 728и кыскартылып, 887си боюнча тергөө уланып жатат.