Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:06

БУУ дан келишимин узартууну көздөп жатат


Украинанын портунан чыккан кеме Түркиянын жээгине келди. 8-август, 2022-жыл
Украинанын портунан чыккан кеме Түркиянын жээгине келди. 8-август, 2022-жыл

Женевада Бириккен Улуттар Уюмунун жогорку өкүлдөрү орусиялык чабармандар менен дан келишимин узартуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатышат. Былтыр июлда Түркиянын арачылыгы менен Украинанын портторунан арпа-буудайды чыгаруу тууралуу макулдашылган. Ага ылайык, ири дан экспортточу Украинага Кара деңиздеги порттору аркылуу буудайды ташууга, ал эми Орусияга азык-түлүк жана жер семирткичтерди экспортоого жол ачылган. Муну менен дүйнө жүзүндө тамак-аштын кескин кымбатташын алдын алууга жетишилген. Келишим былтыр ноябрда узартылып, 18-мартта соңуна чыгууда.

Москва буга чейин өзүнүн экспортуна киргизилген чектөөлөр алынып салынганда гана аны узартууга макул болорун эскерткен.

12-мартта түрк коргоо министри Халуси Акар келишимдин мөөнөтү дагы узартыларына ишенерин билдирди. Анкара бир нече күндөн бери бул багытта иштеп жатканын айтууда.

«Орусия жана Украина менен болгон өз-өзүнчө сүйлөшүүлөрдө эки тараптын тең буга оң мамиледе экенин көрдүк. Оң жыйынтык чыгарарына ишенебиз»,- деди Акар мамлекеттик Анадолу агенттигине берген маегинде.

8-мартта БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Киевге барганда украин президенти Владимир Зеленский БУУ жана Украина дан келишиминин мөөнөтүн узартууну жактай турганын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG