Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Депутат аралашкан мушташтын чоо-жайы иликтене баштады


Интернетке тараган видеодогу депутаттын кийгени менен буга чейинки Инстаграм баракчасындагы сүрөттөрүн салыштырып жатышат.
Интернетке тараган видеодогу депутаттын кийгени менен буга чейинки Инстаграм баракчасындагы сүрөттөрүн салыштырып жатышат.

12-мартта социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировго түспөлдөш киши бирөөнү сүйрөп барып, уруп жатканы тартылган видео тарады. Анда эки киши жабыркап, алардын бири ооруканага түшкөнү маалым болду. Бишкектин Октябрь райондук милициясы окуя иликтенип жатканын, мушташка аралашкандардын баары аныкталганын билдирип, алардын аты-жөнүн ачык айткан жок.

"Депутат деген адам желкеден кармап, мушташ тутанып кетти"

Мушташ 12-мартка караган түнү саат 3төр чамасында Бишкектин борбордук бөлүгүндө жайгашкан беш жылдыздуу "Золотой Дракон" мейманканасынын алдында болгон.

Мейманкананын өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, биринчи кабатта жайгашкан лобби-бардын кардарлары тынчтыкты бузганынан улам ыкчам чара көрүү кызматкерлери чакырылган.

Ал жерге барган эки кызматкердин бири - Адис Айбек уулу милиция менен "Тез жардам" чакырган экен. Анын шериги Арген Жекишов катуу сабалып, ооруканага жеткирилген.

Адис Айбек уулу окуя кандай болгонун "Азаттыкка" айтып берди.

"Барсак, ичинде үч киши отуруптур. Бири ыйлап атыптыр. Биз өзүбүздү тааныштырып, бул жерде ызы-чуу салууга болбойт деп, аларды эшикке алып чыгып баратканда, аркабыздан 7-8 бала келип, депутат деген адам желкеден кармап, силер кимсиңер деп сөздөн-сөз чыгып эле, мушташ тутанып кетти. Мен өзүм үйдө дарыланып жатам".

Мушташта баш-мээси чайкалып, катуу жаракат алган Арген Жекишов азыр Улуттук госпиталда жатат. Оорукананын дарыгери Талант Жапаров анын абалы канаттандыраарлык экенин билдирди.

"Мээси чайкалып, мурду сынган. Биздин дарыгерлер бардык жардамды көрсөттү. Эртең менен дароо эле лор-врач, окулист көрдү. Баш-мээси чайкалганынан улам, башы ооруп жатканын айтып атат. Мурдун түздөтүп, көзүн дарылап, бир жуманын аралыгында чыгарабыз",-деди Талант Жапаров​.

Соцтармактардын колдонуучулары сүрмө топ менен бир адамды сабап жаткандардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экенин жазышып, видео кызуу талкууга түштү.

Тасмадагы киши менен депутат Жаныбек Абировдун ошол күнү Инстаграмда жарыяланган сүрөттөгү кийимдери окшош болуп чыкты. 11-мартта анын башкалаанын Жал кичирайонунда көп тармактуу аянтчанын ачылышында түшкөн сүрөттөрү чыккан.

Жаныбек Абиров окуяга байланыштуу азырынча үн ката элек.

"Депутат болсо эле сабай бериши керекпи?"

Сабалган 26 жаштагы Арген Жекишов комментарий берген жок. Анын апасы Майрамгүл Чотонова уулун тепкилегендерди жазага тартууну талап кылууда:

Майрамгүл Чотонова.
Майрамгүл Чотонова.

"Депутат болсо карапайым калкты коргобойбу. Алар өзүлөрү мыйзам жазат го. Же мыйзамдары бизге эле - карапайым элге эле иштейби, өзүлөрү үчүн иштебейби? Жоопко тартылсын, депутат болсо эле сабай бериши керекпи? Же аларга баары болобу? Мен президент Садыр Жапаровго кайрылам, депутат деп жаап койбой, бул иш аягына чейин каралсын, күнөөлүүлөр суралсын!".

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы билдирүүсүндө окуяга катышкан деп, депутат Абировдун ысымын ачык атады.

"Президент Жапаровго мушташ жана Жогорку Кеңештин депутаты Ж.Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат берилди. Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырылды. Бул жүрүм-турум мындай даражадагы мамлекеттик кызматкердин этикасына туура келбейт".


Ал эми Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынын басма сөз катчысы Айдай Молдобаева окуя иликтенип жатканын маалымдады:

Айдай Молдобаева.
Айдай Молдобаева.

"2023-жылдын 12-мартында Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылды. Ал Бишкек шаарынын Элебаев көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринде, коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын бузуп, эч себептен денесине залал келтирген жаранга чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факт Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды".

Бишкектин борборундагы депутат аралашкан мушташ
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:10 0:00

Жаныбек Абиров ким?

Жаныбек Абиров 2021-жылы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан 11 576 добуш менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Ал 2016-2021–жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон.

Ушул шайлоо өнөктүгүнүн алкагында ага Борбордук шайлоо комиссиясы 7500 сом айыппул салган. Бишкектеги №26 Ленин шайлоо округунан дагы бир талапкер Максат Кунакунов экөөнө үгүт жарнамаларын билим берүү мекемелерине жакын жайгаштырганы үчүн жамааттык арыз түшкөн. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, жарнамалык материалдар билим берүүчү жана диний мекемелерден 100 метр ары илиниши керек.

Быйыл январда Жогорку Кеңеште кылмышка аралашкан спортчулар тууралуу сөз болгон. Анда депутат Абиров кесиптештерине кошулуп, эгер кайсы бир спортчулардын оор кылмыштарга аралашканы аныкталса, алардын “спорттун чебери”, “спорттун чеберине талапкер" сыяктуу наамынан ажыратууну сунуштады. Ал айрым спортчулар уюшкан кылмыштуу топтун катарына кошулуп кетип жатканын да белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG